Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:00

"Дастан" командасы футзал боюнча Кыргызстандын чемпиону болду


"Дастан" командасы беттештен кийин. Бишкек шаары. 16-май, 2023-жыл.
"Дастан" командасы беттештен кийин. Бишкек шаары. 16-май, 2023-жыл.

"Дастан" командасы футзал боюнча Кыргызстандын чемпионаты - Суперлиганын чемпиону болду. Акыркы финалдык беттеште ал "777-Агростайлды" 5:4 эсебинде утту.

Суперлиганынын финалдык сериясында "Дастан" "777-Агростайл" командасы менен төрт беттеш өткөрүп, үч беттеште (3:2, 5:2, 5:4 эсебинде) жеңишке жетти жана өлкө чемпиондугун утуп алды.

"777-Агростайл" командасы чемпионаттын күмүш медалын тагынса, "Фарватер-Аман" командасы үчүнчү орунду ээледи.

Кыргызстандын футзал боюнча чемпионаты — Суперлиганын оюндары төрт этапта өтөт. Быйылкы чемпионатка өлкө аймагынан 14 команда катышты. Биринчи этапта командалар А жана Б сериаларына бөлүнүп ойнойт. Эң көп упай топтогон 8 команда экинчи баскычка жолдомо алат.

Экинчи этап оюндар айлампа иретинде өтөт жана жарым финалдык баскычка төрт команда чыгат. Ал эми финалга эки команда чыгып, алар үч жеңишке чейин беттешип, чемпионду аныкташат.

Суперлиганын чемпиону болгон команда футзал боюнча клубдар арасында өтө турган Азия чемпионатына жолдомо алат.

"Дастан" командасы 2022-жылы түзүлгөн.(GT)

XS
SM
MD
LG