Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:52

Чүйдөгү окуяда жараат алган күч кызматкерине операция жасалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдө атайын операция учурунда жараат алган күч кызматкерине операция жасалганын, анын абалы туруктуу экенин 17-майдын кечинде Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, дарыгерлер 32 жаштагы бейтаптын сол жамбашына тийген окту алып чыгышты, абалы туруктуу деп бааланып жатат, дарылоо уланууда.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 17-майда УКМК менен биргеликте Чүйдүн Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында террорчулукка шек саналган куралчан адамды кармоо операциясын жүргүзгөнүн, натыйжада ал жок кылынганын билдирген. Шектүү кармоо учурунда куралдуу каршылык көрсөткөнү маалымдалган.

Саламаттык сактоо министрлиги Дмитриевка айылындагы атышуудан күч органдарынын эки кызматкери жаракат алганын кабарлаган. Бирөөнүн жаракаты жеңил болгондуктан үйүндө дарыланмай болгону, ал эми жамбашына ок тийген экинчи кызматкер Улуттук госпиталга жеткирилгени айтылган.

Айрым сайттар атышуу айылдагы медреседе болуп жатканын жазышкан. Бирок муфтияттын басма сөз кызматы окуя Дмитриевка айылындагы “Зулкарнайн” кыздар медресеси менен айыл өкмөттүн ортосундагы имараттарда болгонун, медресенин студенттери коопсуз жайга көчүрүлгөнүн билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG