Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:05

Абактагы Кара-Мурзанын аялы жолдошуна басым болуп жатканын айтты


Евгения Кара-Мурза.
Евгения Кара-Мурза.

25 жылга соттолгон орусиялык оппозициялык саясатчы Владимир Кара-Мурзанын жубайы Евгения Кара-Мурза бийлик жолдошуна психологиялык басым кылып, балдары менен сүйлөшүүгө уруксат бербей жатканын айтты.

Ал Женевада өткөн “Адам укуктары жана демократия” саммитинде Reuters агенттигине маек куруп үч баласы Америка Кошмо Штаттарында экенин, Владимир Кара-Мурзаны алар менен телефондон сүйлөштүрүү өтүнүчү четке кагылганын билдирди.

Москва шаардык соту апрель айында Владимир Кара-Мурзаны 25 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияга кескен. Бир жыл мурун кармалган саясатчыга каршы “Орус армиясы тууралуу жалган маалымат таратуу” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Буга анын АКШнын Аризона штатындагы мыйзам чыгаруучулардын алдында орус бийлигин жана Украинадагы согушту сындаган сөздөрү себеп болгон.

10-апрелде Кара-Мурза сотто акыркы сөзүн сүйлөгөндө өзүнө тагылган күнөөнү мойнуна алган эмес жана саясий ишмердиги менен сыймыктанарын айткан. Оппозициялык ишмердин 25 жылга кесилишин дүйнө коомчулугу, эл аралык журналисттер жана Европарламент айыптаган.

42 жаштагы Владимир Кара-Мурза саясатчы, журналист, режиссёр, публицист. Борис Немцовдун эркиндик фондунун башкаруу кеңешинин мурдагы төрагасы, “Тилектештик” демократиялык кыймылынын бюросунун, орус оппозициясынын координациялык кеңешинин мүчөсү болгон. “Эркин Орусия” фондунун вице-президенти катары эмгектенген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG