Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:48

Атлантика кеңеши: АКШнын мурдагы элчисин ууландырууга Орусиянын катышы болушу мүмкүн


Атлантика кеңеши деген аналитикалык уюм жогорку даражадагы кызматкерлеринин бири, АКШнын Украинадагы мурдагы элчиси Жон Хербст. Вроцлав, 2015-жыл.
Атлантика кеңеши деген аналитикалык уюм жогорку даражадагы кызматкерлеринин бири, АКШнын Украинадагы мурдагы элчиси Жон Хербст. Вроцлав, 2015-жыл.

Атлантика кеңеши деген аналитикалык уюм жогорку даражалуу кызматкерлеринин бири, АКШнын Украинадагы мурдагы элчиси Жон Хербстте эки жыл мурда ууландыруунун белгилери болгонун ырастады.

Вашингтондо жайгашкан борбор 16-майдын кечинде тараткан билдирүүсүндө Хербст 2021-жылдын апрель айында ооруп калганын, «канында уулуу заттар бар экени» тууралуу белгилер болгону жазылат.

Ошол эле күнү мурдараак «Агентство» басылмасы өз булактарына таянып, Хербст, Америкадагы «Эркин Орусия» фондунун башчысы Наталья Арно жана ысымы белгилүү себептерден улам аталбаган орусиялык журналист айым ууландырылганын жазган.

Ошондой эле «Агентство» белгилегендей, 2022-жылы Монтенегродо болгариялык журналист, Bellingcat тобунун иликтөөчү-журналисти Христо Грозевдин мейманканадагы бөлмөсүнө белгисиз адамдар кирип барышып, телефонун уурдап кетишкен.

Наталья Арно да Европага барган маалда нервди шал кылуучу кандайдыр бир зат менен ууландырылган болушу мүмкүн экенин жарыялады.

«Путиндин Орусиясынан чыгып кетип, чет жакта согушка, Путиндин режимине каршы күрөшүүнү чечкендер душмандын укуругу узун экенин түшүнүшү керек. Демек, алар үчүн Орусиядан тышкаркы мамлекеттерде дагы коркунуч бар. Ошондуктан биз ар дайым абайлап жүрүшүбүз керек»,-деп жазды Арно 16-майда.

70 жаштагы Жон Хербст 2000-2003-жылдары Американын Өзбекстандагы, 2003-2006-жылдары Украинадагы элчиси болгон.

Соңку 20 жылда Орусиянын ичинде жана башка мамлекеттерде бир катар диссиденттер, мурдагы чалгын кызматкерлери жана оппозиция өкүлдөрү ууландырылган. Кремль мындай күмөндүү ууландырууларга катышын четке кагып келет. Учурда түрмөдө отурган оппозициячыл саясатчылар Алексей Навальный менен Владимир Кара-Мурза дагы ууландырылган.

2018-жылдын март айында Солсбериде жашаган мурдагы чалгын офицери Сергей Скрипал жана анын кызы Юлия совет дооруна таандык, нерв системасын шал кылуучу "Новичок" уулуу заты менен ууландырылган. Дарыгерлер Скрипалдарды өлүмдөн сактап калган, "Новичок" заты куюлган атырдын бөтөлкөсү кокустан колуна тийген британиялык аял көз жумган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG