Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:22

Акыйкатчынын милдетин экс-прокурор аркалайт


Жамиля Жаманбаева
Жамиля Жаманбаева

Жогорку Кеңеш акыйкатчы кызматына Жамиля Жаманбаеваны шайлады. Анын талапкерлигин парламенттеги бийликчил "Ата-Журт-Кыргызстан" фракциясы сунуштаган. Коомчулук мурдагы прокурордун акыйкатчылыкка шайланышын түрдүү кабыл алды. Айрымдар социалдык медиада "бул кызмат бийликтин кол баласына айланды" деген пикирлерин жазышты.

"Ата-Журт-Кыргызстан" Жаманбаеваны сүрөдү

Парламент ушул айдын башында "канааттандырарлык иштей алган жок" деп кызматтан алган Атыр Абдрахматованын ордуна жаңы акыйкатчы болуп Жамиля Жаманбаеваны шайлады.

Парламентте Жамиля Жаманбаева 48 добуш алса, анын атаандашы 52 жаштагы Бакыт Рыспековго 20 депутат добуш берди.

Жаманбаеванын талапкерлигин Абдрахматованы кызматтан алууга демилгечи болгон бийликчил "Ата Журт-Кыргызстан" фракциясы сунуштаган.

17-майдагы парламент жыйынында Жаманбаевага атаандаш болуп оппозициячыл "Бүтүн Кыргызстан" фракциясы сунуштаган Кыйноолорду алдын алуу боюнча борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков чыкты.


Бул эки талапкерден башка "Альянс", "Ынтымак" фракциясы көрсөткөн мурдагы депутат Мирлан Жээнчороев добуш берүүгө чейин кызматтан баш тартса, "Ыйман Нуру" фракциясы сунуштаган Күлира Кубатова парламент жыйынында талапкерлигин алып салды.

Ал Жаманбаева акыйкатчылыкка шайланса, аны менен иштөөгө даяр экенин билдирүүгө жетишти.

Депутат Жанар Акаев акыйкатчы жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүүнү сунуштады.

Ошентип добуш берүүдөн кийин депуттар арасында талаш-тартыш маселе жаралды.

Депутат Гуля Кожокулова "Акыйкатчы жөнүндө" мыйзамда бул кызматка талапкер кеминде 50 депутаттын колдоосуна ээ болушу керектиги жазылганын айтып чыкты.

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров "Акыйкатчы жөнүндө" мыйзам конституциялык мыйзам экенин, эки мыйзам бири-бирине каршы келип калганда, ошол мыйзам үстөмдүк кыларын билдирди.

Парламенттин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев шайлоо жараяны "Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө" мыйзамга ылайык жүргөнүн, эки мыйзам тең конституциялык мыйзам эмес экенин белгиледи.

Ал мындай учурда Конституцияда каралган нормаларга ылайык чечим кабыл алынарын, ошол себептүү көпчүлүк добушту алган талапкер утуп чыгарын түшүндүрдү.

Ошентип Кыргызстандын кезектеги акыйкатчысы болуп Жамиля Жаманбаева шайланды. Соңку парламенттик шайлоого “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы менен катышып, бирок мандат алган эмес.

Бийликчил партиянын Акыйкатчы институтуна барышын "кезектеги талапкерге кызмат алып берүү" катары бааланды.

Бийликке көз карандысыз акыйкатчынын кереги жокпу?

Талапкерлиги каралып жатканда Жамиля Жаманбаева өзүнүн программасында адам укугу, жарандардын социалдык укуктары жана акыйкатчынын аппаратын ирээтке келтирүү багытында иш алып барарын белгиледи.

“Сиздердин колдооңуздар менен акыйкатчы кызматына шайлансам, төмөндөгү кадамдарга биринчи барат элем. Акыйкатчынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды анализдөө, Акыйкатчы институтундагы кадрдык саясатты жөнгө салуу. Себеби, акыркы кезде депутаттарга келип түшкөн кайрылуулар, аппараттагы кызматкерлердин өз ыйгарым укуктарын аткарууда чектеп, башка кызыкчылыктарга жол берилгендиги байкалат. Аппараттын ишин тийиштүү деңгээлде уюштуруп, коомдо резонанс жараткан окуяларга гана көңүл бурбастан, ар бир түшкөн кайрылуу көз жаздымда калбашы абзел”.

Айрым эл өкүлдөрү Орусиядагы кыргыз мигранттарынын абалы, абактагы мигранттар, алардын укуктарына байланышкан маселе курч экенин айтып, ага өзгөчө көңүл буруу мезгилдин талабы экенин белгилешти.

Мурда айыптоочу болуп иштеген Жаманбаеванын акыйкатчы болуп дайындалышы социалдык тармактарда да кызуу талкуу жаратууда. Деген менен, укук коргоочу Динара Ошурахунова акыйкатчы болуу үчүн кандай кызматта иштеп келгени маанилүү эмес деп эсептейт.

"Бизде акыйкатчы чекист деле болгон да. Саясатчы, журналист деле болгон. Укук коргоочудан башка баары акыйкатчыга талапкерлигин көрсөтө алат. Анткени мамлекетик кызматтагы тажрыйба керек. Чекист деп Токон Мамытовду да аябай сындаганбыз. Бирок ал жарандык коом менен, укук коргоочулар менен жакшы иштеди. Баарыбыз менен иштешип, ачык болду. Ошондуктан прокурор болобу же башкабы негизгиси акыйкатчынын ролун, иштөө принциптерин жакшы түшүнүп, бийликке көз карандысыз болсо болду".

Иш жүзүндө акыйкатчы укугу бузулган жарандардын арыз-муңун угуп, жабык жана башка жайлардагы мыйзам бузууларды ашкере кылышы керек. Ал эми прокуратура тармагынан келген Жаманбаева буга даярбы деген суроо турат.

Мындай күмөн саноолорго Жамиля Жаманбаева Жогорку Кеңеште төмөнкүчө жооп берди:

“Прокуратура органдары мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын так жана бирдей аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. Ал эми акыйкатчы жарандардын конституциялык укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына парламенттик көзөмөл жүргүзөт. Ошондуктан акыйкатчы менен прокуратуранын функциялары кандайдыр бир деңгээлде айкалышат. Иш тажрыйбам адам укуктарынын системдүү бузулушунун себептерин аныктоого мүмкүндүк берерине ишенем”.

Жаңы акыйкатчынын сөз эркиндигине мамилеси кандай?

Жаманбаеванын талапкерлиги каралып жатканда ага депутат Дастан Бекешев "Кыргызстанда саясий туткундар, сөз эркиндигине басым барбы?" деген суроо узатты.

"Акыркы жылдары мен кайсы бир кызматта турбагандыктан ЖМКга көз салган эмесмин. Бирок мен сөз эркиндигине басым жок деп эсептейм. Мага ошондой сезилет. Эгер менин талапкерлигимди колдошсо, балким пикиримди өзгөртөм. Бүгүнкү күндө саясий туткундар жок", - деди Жаманбаева.

Дастан Бекешев бул жооптордон кийин Жаманбаева бийликтин сөзүн эки кылбаган "кол бала акыйкатчы" болорун эскертти:

“Мен сиздерди түшүнүп турам. Кимиңер өтөсүңөр билбейм. Биз бир эле жолу жашайбыз, ошондуктан жеке абийир үчүн ар бир жарандын укугун коргоп, бийликтин адамы болобу, бийликке каршы адам болобу жан тартпашыңар керек. Кызмат убактылуу, бирок абийир керек. Эртеби-кечпи убакыт жакшы же жаман деп баалайт. Тилекке каршы, бүгүн акыйкатчы кызматына кыйкырбаган, эч жакка жазбаган, эл аралык уюмдарга кайрылбаган, саясий укукка келгенде унчукпаган адам керек экен. Мындай мамиле менен эч нерсе кыла албайбыз”.

Медиа эксперт Айбек Турдалиев жаңы акыйкатчы кандай иштерин убакыт көрсөтөрүн бирок анын айрым жоопторуна кооптонуп турганын жашырган жок.

“Эркин медиага кысым болуп жатабы?" деген суроого “Билбейт экем, көп жылдан бери бул тармакта иштеген эмесмин” дегендин өзү аябай кооптуу. Себеби жогорку кызматка бараткан адам Кыргызстандагы болуп жаткан ар бир окуяга көз салып турушу керек. Эркин медиага, журналисттерге, активисттерге, оппозициядагы саясатчыларга мамлекет тарабынан коюлуп жаткан айыптоолорго жаран катары баасын бериш керек эле. Тилекке каршы, андай жоопторду уга алган жокпуз. Анын мындан аркы ишине алдын ала баа берүүдөн алысмын. Бирок бүгүнкү комментарийи кооптондуруп койду”, - деди Турдалиев.

"Чек арасыз кабарчылар" эл аралык уюмунун быйылкы басма сөз эркиндигинин абалынын индексинде Кыргызстан былтыркыга салыштырмалуу 50 орунга ылдыйлап, 180 мамлекеттин арасынан 122-сапка жайгашкан.

Human Rights Watch жана Amnesty International уюмдары өз отчетунда Кыргызстанда сөз эркиндигине кысым күчөп баратканын белгилешкен. HRW "бийлик сын айткандардын оозун басып" жатканына тынчсызданып, ЖМКга, бейөкмөт уюмдарга басым күчөп, жарандык активисттер кармалганын эске салган.

Буга мисал катары иликтөөчү журналист Болот Темировду өлкөдөн күчтөп чыгарууну, "Азаттыктын" сайтын бөгөттөөнү, журналисттерди, блогерлерди суракка чакырууну келтирген.

Былтыр октябрь айында милиция Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыккан 30дай адамды кармап, аларга “массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн”, кийин “бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деген айыптарды койгон.

Кармалгандар болсо мыйзам бузбаганын айтып, камакка алууну "саясий куугунтук" катары баалаган.

Кыргыз бийлиги бул сындарды четке кагып, өлкөдө "сөз эркиндиги бар экенин" билдирип келет. Бийлик ошондой эле Кемпир-Абад иши боюнча камалгандар "саясий "төңкөрүш уюштурууга даярданганын" бир канча жолу айткан.

Жамийла Жаманбаева деген ким?

46 жаштагы Жамиля Жаманбаева Улуттук университеттин юриспиденция адистиги боюнча аяктаган. Эмгек жолун 1998-жылы Бишкек шаарындагы райондук прокуратура бөлүмдөрүндө стажер, прокурордун жардамчысы, прокурордун улук жардамчысы болуудан баштаган.

2004-жылы Бишкек шаардык прокуратурасында ички иштер жана прокуратура органдарында тергөөгө көзөмөл жүргүзүүчү бөлүмдүн прокурору кызматына келген. 2018-2021-жылдары башкы прокурордун орун басары болгон.

Кыргызстанда Акыйкатчы институту 2002-жылы киргизилген. Укук коргоо органдары жана сот бийлигине ишеним төмөн болгон Кыргызстанда бул кызмат жарандардын арыз-муңун кабыл алчу, укугун коргоого көмөкчү болчу түзүм катары кабыл алынат.

Акыйкатчыны парламент шайлап, бирок башка мамлекеттик органдарга көз каранды болбошу керек. Парламент бул институттун ишине кийлигишип, бийликке көз карандысыз болгондорду кызматтан алууну адатка айландырганын жарандык коомдун өкүлдөрү белгилеп келет.

Мындай учур акыркы жолу май айынын башында кызматтан алынган Атыр Абдрахматованын окуясында көрүндү. Бир катар эл аралык уюмдар жана укук коргоочулар Абдрахматованын кызматтан алынышын сындап чыгышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG