Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:36

Акыйкатчы кызматына "Ата Журттун" талапкери өттү


Жамиля Жаманбаева
Жамиля Жаманбаева

Жогорку Кеңеш 17-майдагы жыйынында акыйкатчы кызматына талапкерлерди шайлоо өтүп, анда эң көп добушту Жамиля Жаманбаева алды. Аны парламенттин 48 депутаты колдоду.

Акыйкатчы кызматын шайлоого талапкер катары Жамиля Жаманбаева менен Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков ат салышып, ал 20 добуш алды.

Жогорку Кеңеш 17-майдагы жыйынында акыйкатчы кызматына талапкерлерди карады. Омбудсмендикке үч талапкер сунушталган.

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясы бул кызматка Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбековду, “Мекенчил” депутаттык тобу жана “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы прокуратура тармагында иштеген Жамиля Жаманбаеванын талапкерлигин көрсөткөн.

“Ыйман Нуру” фракциясы буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинде жана Социалдык өнүктүрүү министрлигинде Күлира Кубатованы сунуштаган. Бирок Кубатова добуш берүү алдында талапкерликтен баш тартканын жарыялап, муну акыйкатчылыкка ат салышып жаткан дагы бир айым Жаманбаева менен чогуу иш алып баруу ниети менен байланыштырды.

Күлира Кубатова жана Жамиля Жаманбаева.
Күлира Кубатова жана Жамиля Жаманбаева.

16-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети акыйкатчы кызматына талапкерлерди карап, экөөнү тең колдоду.

“Мекенчил” депутаттык тобу жана “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы Жамиля Жаманбаеванын талапкерлигин көрсөттү. 46 жаштагы Жамиля Жаманбаева прокуратура тармагында эмгектенген.

“Ыйман Нуру” фракциясы сунуштаган 52 жаштагы Күлира Кубатова эмгек жолун 1997-жылы Саламаттык сактоо министрлигинде баштап, 2014-жылга чейин иштеген. 2014-2021-жылдары Социалдык өнүктүрүү министрлигинде эмгектенген.

Акыйкатчы институтунун эмгек жамаатынын айрым кызматкерлери жана омбудсмендин Оштогу өкүлчүлүгү парламенттеги “Ыйман Нуру” фракциясынын лидери жана Жогорку Кеңешке кайрылып, Акыйкатчы институтунун эксперттик-укуктук жактан камсыздоо боюнча бөлүмдүн жетекчиси Урмат Аралбаевди акыйкатчы кызматына жылдыруу сунушун беришти. Катта Урмат Аралбаев бул тармакта 20 жылдан бери иштеп келетканы, тажрыйбалуу адис экени айтылат.

15-майда Акыйкатчы институтунун айрым кызматкерлери мекеменин аппарат жетекчиси Аскат Азарбековдун талапкерлигин көрсөткөн. Анын талапкерлигин колдоо боюнча 50дөн ашык кызматкер кол койгон кат Жогорку Кеңештин төрагасына, фракцияларга жана депутаттык топторго жөнөтүлгөн. Мыйзам боюнча акыйкатчы кызматына талапкерлерди фракциялар менен депутаттык топтор сунуштайт.

Акыйкатчы кызматына Жаманбаева жалгыз талапкер болобу?

Жогорку Кеңештеги бийликчил "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы акыйкатчылыкка Жамиля Жаманбаеванын талапкерлигин көрсөттү. Ал парламентте бул кызматка сунушталган жалгыз талапкер болушу ыктымалдыгы айтылган. Коомчулуктун калың катмарына дээрлик белгисиз, өмүр бою прокуратура тармагында жетекчилик кызматта иштеген адамдын омбудcмендикке көрсөтүлүшү талкуу жаратты.

Жамиля Жаманбаева
Жамиля Жаманбаева

Парламенттеги "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын катчылыгынын жетекчиси Нуристанбек Нарматов аталган фракция акыйкатчылыкка Жамиля Жаманбаеванын талапкерлигин көрсөткөнүн "Азаттыкка" ырастады. Бирок буга чейин жалаң прокуратура органдарында негизинен жетекчилик кызматта иштеген адамдын көрсөтүлүшү эмнеге негизделгенин фракция башчысы айтып бере аларын билдирди.

"Ал суроолорго катчылык жооп бере албайт. Ал фракция депутаттарынын чечими болгон. Аны фракциянын лидери менен сүйлөшүүңүздөр керек. Себеп дегенде аны депутаттар чечет, катчылык чечет, катчылык жөн гана уюштуруу иштери менен алек болот".

Бул макала жазылып жаткан чакта фракция лидери Бакыт Сыдыков менен байланышып, комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Буга чейинки акыйкатчы Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу ушул фракциянын демилгеси болгон.

46 жаштагы Жамиля Жаманбаева эмгек жолун 1998-жылы Бишкек шаарындагы райондук прокуратура бөлүмдөрүндө стажер, прокурордун жардамчысы, прокурордун улук жардамчы болуудан баштаган. 2004-жылы Бишкек шаардык прокуратурасында ички иштер жана прокуратура органдарында тергөөгө көзөмөл жүргүзүүчү бөлүмдүн прокурору кызматына келген. Ушул жылы кыска мөөнөткө Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы болуп иштеген.

Жаманбаева 2007-2011-жылдары Сокулук районунун прокурорунун орун басары болгон. 2011-жылы Башкы прокуратурада балдар укугунун сакталышын көзөмөлдөгөн бөлүмдүн прокурору жана өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчү болгон.

Көп өтпөй эле, Токмок шаарынын прокурору кызматына барып, бул кызматта 2011-2013-жылдары иштеген. Жаманабева 2013-2016-жылдары Транспорт прокуратурасынын прокурору кызматын аткарган. Эки жыл, тактап айтканда 2016-2018-жылдары Башкы прокуратуранын карамагында кадрлар резервинде турган. Ал 2018-2021-жылдары башкы прокурордун орун басары кызматына көтөрүлгөн. Ошол жылы өз арызы менен иштен кетип, парламенттик шайлоого "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен 28-орунда катышкан.

Фейсбуктагы Элдар Жусуев аттуу колдонуучу "Жаманбаева эмнеге бул кызматка татыктуу" деген аталыштагы билдирүү жарыялап, аны бир катар топтор менен бөлүштү. Анда "өтө чоң тажрыйбасы, сабаттуулугу, кесиптик тажрыйба менен бекемделген юридикалык билими, токтоолугу, айлана-чөйрөсүндөгүлөр менен тил табыша билүү өңдүү Жаманбаеванын сапаттары акыйкатчыда да болушу керектиги" белгиленген.

Башка фракциялар акыйкатчылыкка талапкер көрсөтүүгө байланыштуу азырынча үн ката элек. Мындан улам коомчуктун калың катмарына дээрлик белгисиз Жаманбаева жалгыз талапкер болушу ыктымалдыгы айтыла баштады.

Укук коргоочу Гүлгаакы Мамасалиева прокуратура органдарына коомдогу сын-дооматтарга токтолду. Мындан улам бийликчил фракция көрсөткөн талапкер укук коргоочулардын камтамачылыгын жаратып жатканын айтты.

Гүлгаакы Мамасалиева
Гүлгаакы Мамасалиева

"Сунушталып жаткан талапкер ушул кезге чейин адам укугу жаатында иш алып барганын көргөн дагы, уккан дагы эмеспиз. Прокуратура бул жаза аткаруучу, көзөмөлдөөчү орган. Прокуратура соңку 10-20 жылдан бери эле бийликтин буйрутмасын аткарган органга айланды деген доомат бар. Азыр акыйкатчы институтуну "кол бала институтуна" айлантуу аракети болуп жатабы деген коркунуч жаралды. Бул институт адам укугун коргоодо башкы институт болгондуктан, бул мекеменин билдирүүлөрүнө эл аралык уюмдар, коомчулук, башка мамлекеттердин акыйкатчылары көңүл бурат. Эгер анын жетекчиси адам укуктарынын кепилдиктери аткарылбай жатат деп айтса бийликте отурган адамдардын кадыр-баркына доо кетиши мүмкүн. Ушул себептен Кыргызстандагы укук бузуулар айтылбашы, ачылбашы керек деген жакка баратат окшойт. Акыйкатчы укук бузууларды көрсө дагы көрмөксөнгө, укса дагы укмаксанга салып коюш керек деген максатта өздөрүнө ыңгайлуу болгон, буйрутманы аткарган адамды алып келгенге аракет көрүлүп жатат окшойт".

Буга чейин парламенттеги “Альянс”, “Ынтымак” фракциялары жана “Элдик” депутаттык тобу экс-депутат Мирлан Жээнчороевди омбудсмен кызматына көрсөткөн, бирок көп өтпөй эле ал талапкер болуудан баш тарткан.

Хаиталы Айкынов бир канча жыл Акыйкатчы институтунун Баткен облусундагы өкүлү болуп иштеген. Ал акыйкатчыга көбүнесе укук коргоо, прокуратура органдарынан, соттон акыйкат таппагандар кайрыларына токтолду. Ал көзөмөлдөөчү органдын өкүлү башкы укук коргоочу болуп калса, айрым жагдайлар жараларын эскертти.

Хаиталы Айкынов
Хаиталы Айкынов

"Укук коргоо, прокуратура органдарында иштегендердин психологиясы башка. Алар деле укук коргойт, бирок алардын иши башкачараак. Ошондуктан акыйкатчы деген ага чейин сотто, прокуратурада, укук коргоо органдарында иштебесе, жарандык коомдон чыкса жакшы болот эле. Акыйкатчыга кайрылгандардын кээ бир ошол милициядан, прокуратурадан, аткаруу бийлигинен жабыркаган адамдар болот. Башка жакка барса аларды укпай, акыркы үмүтү акыйкатчыда калган адам болот. Мен акыйкатчынын Баткендеги өкүлү болуп алты-жети жыл иштедим. Бул жаатта биздин мыйзам жакшы эле жазылган. Акыйкатчынын жетиштүү ыйгарым укуктары бар. Адам укугун коргоо жаатында өзүнүн бекем позициясы бар, ушул жаатта тажрыйбасы бар, жарандык коомду жакшы билген, "муну мындай кылып койсом, мага зыяны тийип калат" деп чочулабаган, чечкиндүү иштеген адам келсе жакшы болот эле".

Деген менен жарандык активист Тимур Саралаев укук коргоочуларды көрсөтүлгөн талапкерди сындагандын ордуна ага атаандаш талапкер көрсөтүүгө чакырды. Ошону менен катар эле, парламентте бул жараян татаал экенин жокко чыгарган жок.

"Укук коргоочулардын "элге жакын болсун" деген талаптары туура, бирок аларга өз талапкерин көрсөткөнгө эч ким жолтоо болгон жок да. Кыргызстанда 10-20 жылдан бери иштеп жүргөн, тажрыйбасы мол, тарыхы бар укук коргоочулар, коомдук бирикмелер, мисалы "Адилет" сыяктуу, Азиза Абдирасулова өңдүү укук коргоочулар толтура да. Анан сыртта туруп алып эле тигил же бул талапкер тууралуу сын-пикирлерди айтып, "бийликтин куурчагы болуп калат" деп айтуу, албетте алардын укугу. Бирок ошол эле кезде аларга атаандаш болуп чыкканга толук мүмкүнчүлүгү бар да. Мисалы, Атыр Абдрахматова укук коргоо багытынан келген. БШКда иштеген, бирок көбүнчө укук багытында иштеген. Ал убагында акыйкатчылык үчүн ат салышып, депутаттардын арасынан деле колдоо издеп, ушул кызматка барышына эч ким жолтоо болгон эмес. Ар бир фракцияны, андагы депутаттарды ынандырып, аларга жагамбы же жакпаймбы деген көп убакытты, энергияны, ресурсту, байланышты талап кылган татаал процесс. Бирок жөн гана сындай бербей атаандаш болушу керек",-деди Саралаев.

“Акыйкатчы жөнүндө” мыйзамга 2014-жылы өзгөртүү киргизилген. Ага ылайык, башкы укук коргоочуну шайлоо жол-жобосу өзгөргөн. Ага ылайык, бул кызматка парламенттик фракциялар жана депутаттык топтор гана талапкер көрсөтө алат жана ар бир фракция үчтөн кем эмес талапкер сунуштоо мүмкүнчүлүгү бар.

Ал арада Акыйкатчы институтунун 50дөн ашык кызматкери бул мекеменин аппарат башчысы Аскат Азарбековду омбудсмендикке көрсөтүп, парламенттеги фракцияларга, депутаттык топторго кайрылганы белгилүү болду. Азарбеков "Азаттыкка" комментарий берип жатып, бул институтту өнүктүрүү тууралуу программасы даяр экенин айтты.

"Мени жамаат өздөрү эле колдоп, чыгарып жатат. Кайсы фракция мени көрсөтөт, азырынча белгисиз. Менин мөөнөттөрү, чоо-жайы жазылган планым бар. Анын ичинде чукул арада "Акыйкатчы институту тууралуу" мыйзам долбоорун киргизип, аны кабыл алып, "А" макамын алуу бар. Укук бузуулардын алдын алуу иштери тууралуу дагы толук жазып чыктым. Тилекке каршы, коомчулукта Акыйкатчы институтунун эмне кереги бар деген пикирлер да жаралып жатат. Бул багытта ишти кантип жакшыртабыз деген нерсе дагы жазылган. Мамлекеттик органдар, Жогорку Кеңеш менен тыгыз иштебегендиктен, акыйкатчы берген сунуштамалар, маалыматтар көбүнчө аткарылбай келет. Ишти натыйжалуу алып баруу тууралуу өз программамда мөөнөтү дагы, деталдары дагы жазылган",- деди Азарбеков.

Акыйкатчы институнун жамаатынын мындай сунушуна парламенттен азырынча жооп боло элек.

Буга чейинки акыйкатчы Атыр Абдрахматованы Жогорку Кеңеш 3-майдагы жыйынында бир топ депутаттардын каршылыгына карабай мөөнөтүнөн мурда кызматынан алган.

19-апрелде парламенттеги "Ата Журт Кыргызстан" фракциясынын депутаттары акыйкатчынын өлкөдөгү адам укугунун абалы тууралуу баяндамасын угуудан баш тартып, ага ишенбөөчүлүк көрсөтүүнү жана кызматынан мөөнөтүнөн мурда алууну сунушташкан. Көп өтпөй президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев акыйкатчы карапайым адамдардын укугун коргобойт деп сындап чыккан.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Абдрахматованын кызматтан кетишине байланыштуу кабатырлыгын билдирген.

"Хьюман Райтч Уотч" укук коргоо уюму, Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү баштаган бир катар эл аралык мекемелер, Укук коргоочулардын глобалдык альянсы Абдрахматованын ишин жогору баалаган билдирүү таратып, бийликти аны иштен албоого чакырышкан.


Кыргызстанда Акыйкатчы институтунун түзүлгөнүнө 20 жылдан ашты. Институтка адам укуктарын коргоо, жабык жайларда кыйноо жана зордук-зомбулукту ашкерелөө милдети жүктөлгөн.

Соңку 17 жылдан бери бул кызматты Атыр Абдрахматованын сырткары Турсунбай Бакир уулу, Турсунбек Акун, Бакыт Аманбаев, Токон Мамытов жана Кубат Оторбаев аркалаган. Башкы укук коргоочуну Жогорку Кеңеш шайлаганы менен, айрым талапкерди тандоого байланыштуу сын-пикирлер арбын айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG