Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:18

Садыр Жапаров Кытай Кыргызстандын эң маанилүү өнөктөшү экенин айтты


17-майда Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Кытайга барды.
17-майда Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Кытайга барды.

Президент Садыр Жапаровдун Кытайга жасаган биринчи мамлекеттик сапарынын алдында Кытайдын “Жэньминь жибао” гезитине берген интервьюсу чыкты.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган маекте эки өлкөнүн ортосундагы саясий, аскердик, экономикалык чөйрөлөрдө жакшы жыйынтыктар бар экени айтылат. Эл аралык аренада Кыргызстан менен Кытай маанилүү маселелерде бири-бирине колдоо көрсөтүп келе жатканы жазылган.

“Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда кандайдыр бир тоскоолдук жарата турган карама-каршылыктар же чечилбей турган маселелер жок. Эки өлкө ортосунда бардык деңгээлдерде тыгыз байланыш, жемиштүү өз ара аракеттенүү, кызматташтыкты туруктуу өнүктүрүү жолго коюлган. Кытай Кыргызстандын эң маанилүү өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Өз ара түшүнүшүү, достук жана кызматташтык өтө баалуу жана Кыргызстан кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү үчүн күч жумшоого даяр”, - деп айтылат маалыматта.

17-майда Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Кытайга барды. Ал Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, эки өлкөнүн кызматташтыгын арттыруу боюнча маселени талкуулашат жана “Кытай-Борбор Азия” саммитине да катышат.

Садыр Жапаровдун Кытайга мамлекеттик сапары 18-20-май күндөрү болот. Ал Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян, башка расмий өкүлдөр жана ишкерлер менен жолугушат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG