Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:36

Чемпиондор лигасынын финалисттери аныкталды


“Манчестер Сити” футбол клубунун оюнчулары.
“Манчестер Сити” футбол клубунун оюнчулары.

18-майга караган түнү (Бишкек убактысы боюнча) англиялык “Манчестер Сити” футбол клубу испаниялык “Реал Мадридди” жарым финалда 4:0 эсебинде утуп Чемпиондор лигасынын финалына чыкты. Эки клубдун биринчи беттеши Испанияда болуп 1:1 эсеби менен бүткөн. Жыйынтыгында жалпы эсеп 5:1 болду.

17-майга караган түнү италиялык эки клуб – “Интер” менен “Милан” ойноп “Интер” 1:0 менен уткан. Эки оюндун жыйынтыгында “Интер” 3:0 эсебинде жеңишке жетип финалга чыккан.

Финал 11-июнда Түркиянын Atatürk Olympic Stadium стадионунда өтөт деп күтүлүүдө. Чемпиондор лигасы - Европа футбол биримдигинин ири клубдук турнири. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG