Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:00

Кытайдын төрагасы тажик президенти менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү


Си Цзинпин жана Эмомали Рахмон. Сиань, 18-май, 2023-жыл
Си Цзинпин жана Эмомали Рахмон. Сиань, 18-май, 2023-жыл

Кытайдын төрагасы Си Цзинпин бейшемби күнү тажик президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Борбор Азия мамлекет башчыларынын саммитинин алкагында документтерге кол коюу аземине катышты.

Си Кытай менен Тажикстандын ортосунда дипломатиялык алакалар орнотулгандан бери эки тараптуу кызматташтык ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүккө чейин өсүп, акыркы төрт жылда оң өнүгүү байкалганын белгиледи, Бул тууралуу Кытайдын Синхуа мамлекеттик маалымат агенттиги билдирди.

Кытай биринчи жолу Борбор Азия лидерлери менен саммит өткөрүүдө. Талдоочулар Бээжин Орусиянын таасир чөйрөсүндөгү аймактагы байланыштарды бекемдөөнү көздөп жатканын белгилешет.

Сиань шаарында баштала турган эки күндүк саммит 19-21-майда Жапонияда өтө турган "Чоң жетинин" жолугушуусуна дал келүүдө. Ал жыйында Кытайга туруштук берүү аракеттери да талкууланмакчы.

Сиандагы саммитке Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын мамлекет башчылары да катышат. Талдоочулардын айтымында, Москва Украинадагы согуш менен алек болуп жаткан кезде аймактагы өлкөлөр инвестициялардын альтернативдүү булактарын издөөгө дилгир.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG