Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:28

Аннексияланган Крымда жарылуудан кийин буудай ташыган поезд рельстен чыгып кетти


Иллюстративдик сүрөт
Иллюстративдик сүрөт

Орусия аннексиялап алган Крымдагы Симферополь районунда буудай ташып бараткан поезд рельстен чыгып кетти.

Бул тууралуу жарым аралдын орусиялык жетекчиси Сергей Аксенов Телеграм-каналына жазды. Анын маалыматына караганда Симферополь-Севастополь ортосунда поезддер токтоп турат, эч ким жабыркаган эмес. Бирок ал кырсыкка эмне себеп болгонун маалымдаган жок.

Крымдын темир жол компаниясы жүк ташыган поезддин рельстен чыгып кетишине “сырттан кийлигишүү" себеп болгонун билдирди.

"База" Телеграм-каналы булактарды көргөзбөстөн Симферополь районунда бейшембиде эртең менен темир жолдо жарылуу болгонун, натыйжада буудай жүктөлгөн сегиз вагон рельстен чыгып кеткенин, бир нечеси аңтарылганын жазган. Кийинчерээк РИА Новости чукул кырдаалдар кызматындагы булактарга таянып, жолдон чыккан вагондор тууралуу маалымат таратты.

“112” Телеграм-каналы жарылуу Чистенькое деген айылга жакын жерде болгонун кабарлады.

Майдын башында Орусиянын Украина менен чектеш Брянск облусунда товар ташыган эки поезд рельстен чыгып кеткен. Жергиликтүү бийлик анын себебин диверсия деп атаган.

"Свобода" радиосу The Insider басылмасына шилтеме берип, Украинага басып киргенден бери Орусиянын темир жолдорунда кырсыктар көбөйгөнүн жазды.

Украина бул аракетти согушка каршы чыккан орусиялык партизандардын колунан келген иш деп, диверсиялар үчүн жоопкерчиликти өзүнө расмий алган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG