Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:34

Төө-Ашуудагы тоннелден өтүүгө чектөө киргизилди


Кусеин Көлбаев атындагы тоннел.
Кусеин Көлбаев атындагы тоннел.

Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашууда тоннелдеги оңдоп-түздөө иштерине байланыштуу 19-майдан баштап автоунаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилет.

Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы 18-майда билдирди.

Мындай чектөө тоннелдин ичиндеги электр зымдарын алмаштыруу, дубалды сырдоо жана оңдоп-түздөө үчүн киргизилди.

Буга байланыштуу саат 05:00дөн 08:00гө чейин, 10:00 - 12:00, 14:00-16:00 аралыгында жол жабык болот. Чектөө болжол менен 28-майга чейин күчүндө болот.

Буга чейин аталган тоннелдин ичиндеги жолдун сапатына байланыштуу нааразылык көбөйгөн. Майдын башында транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Төө-Ашуудагы тоннелде оңдоо-түзөө иштери жүрөрүн билдирген.

Кусеин Көлбаев атындагы тоннелдин узундугу үч чакырымга жакын. Деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте жайгашкан.

Тоннелдин курулушу 1957-жылы башталып, 1964-жылы аяктаган. 1999-жылы Түштүк Кореянын аны "Самсунг" компаниясы реконструкциялаган. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG