Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Депутат Көкүлов өкмөттүн туристтик сезонго даярдыгын сындады


Эрулан Көкүлов.
Эрулан Көкүлов.

Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов кыргыз өкмөтүнүн туризмди өнүктүрүү жана туристтерге шарт түзүү иштерин сынга алды. Ал парламенттин 18-майдагы жыйынында Министрлер кабинети өлкөдө туристтер барып эс ала турган жерлерге жол салбаганын, кооз жаратылышы бар аймактарды жарнамалоо иштери начар экенин айтты.

“Туризм деген жөн эле сөз эмес. Туризм деген иш-аракет. Мен эс тарткандан бери Кыргызстанда туризм тууралуу айтып келебиз. Бирок ага кошкон салымыбыз көп болсо 5%. Мисалы, мамлекеттин карамагындагы “Ак-Кеме” мейманканасы ошол эле бойдон турат. Мен бул маселени бир жыл мурун көтөргөм. Астына бир эле мончо ачканы болбосо эч өзгөрүү жок. Бишкектин так борборунда турган мейманкананын абалы ушул”.

“Ак-Кеме” мейманканасы Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттикке карайт. Мейманкананы түркиялык “Систем Мүхендислик” компаниясы түрк насыясына курган. 2005-жылы Март ыңкылабынан кийин анын кожоюндары алмашкан. Бирок ал мамлекетке өтпөй, жеке тараптын башкаруусунда калган. Мейманкананы 2017-жылы мамлекетке өзүнө алган.

13-майда экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Чолпон-Атада 2023-туристтик сезондун ачылышына катышкан. Министр өлкөдө 68 туристтик эс алуу жайын куруу пландалып, 21и курулуп жатканын айткан. Алар быйылкы туристтик сезондо пайдаланууга берилиши керектигин билдирген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG