Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:47

Сурабалдиева Кошалиевдин Курултайдын төрагасы болгонго укугу жок экенин айтты


Элвира Сурабалдиева.
Элвира Сурабалдиева.

Жогорку Кеңештин 18-майдагы жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева Улуттук телерадио корпорациясынын (УТРК) кызматкери, Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиевдин Беларуста баш калкалап жүргөн мурдагы президент Курманбек Бакиевден алган маеги тууралуу маселе көтөрдү.

“Фактыларды өзүнө ыңгайлаштырып айтып, актанып жаткан мурдагы президенттин интервьюсун чыгарып эмне кылышат? Курултай деген Кыргызстандагы элдин баарына бирдей мамиле кыла турган институт. УТРК Кадыр Кошалиевди жумуштан алсын же канал “УТРК Бакиевдерди реабилитация кылуу ишин баштадыбы?” деген суроого жооп берсин. Экинчиден, мындай адам (ред: Кадыр Кошалиев) Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы боло албайт”.

15-майда Кадыр Кошалиевдин Курманбек Бакиев менен интервьюсу Ютубдагы жеке каналга жарыяланган. Беларустан башпаанек тапкан мурдагы президент 2010-жылкы Апрель окуясы жана анын бийлиги тушундагы буюртма киши өлтүрүүлөр тууралуу суроолорго жооп берип, актанган.

Кадыр Кошалиев журналисттик милдетин аткарып, мурдагы бардык президенттер менен интервью уюштуруп, атайын долбоор менен мамлекеттик телеканалардан көрсөтүүгө макулдашып жатканын билдирген.

УТРК Кадыр Кошалиев мурдагы президенттен маек алуу боюнча каналдын жетекчилигине эч кандай маалымат бербегенин кабарлады.

2010-жылы 7-апрелде Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккандарга Ала-Тоо аянтында ок атылып, 80ден ашуун киши набыт болгон. Ал соттун чечими менен 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сырттан өмүр бою эркинен ажыратылган. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев сырттан 30 жылга соттолгон. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG