Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:07

УКМК Ошто үч бажы кызматкери коррупцияга шек саналып кармалганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” бекетинде иштеген үч бажы кызматкери кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын басма сөз кызматы 18-майда билдиргендей, алар “Достук” бекетиндеги бажылык тариздөө жайынын башчысы Н.А.Н. жана нөөмөттүк башчысы Т.М.К, Ош темир жол башкармалыгынын башчысы К.Б.Ж. болгон.

Маалыматта алар ишкерлерден акча чогултуунун туруктуу коррупциялык схемасын түзгөнү аныкталганы жана Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (“Коррупция”) менен каралган кылмыш ишинин алкагында кармалганы айтылат.

Атайын кызмат тараткан видеодо бажы кызматкерлеринин иш бөлмөсүнө адамдар улам кирип, акча берип чыгып кетип жатканын көрүүгө болот.

Атайын кызмат коррупциялык схемага тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатканын кошумчалады. Коррупцияга шек саналгандар кайсы күнү кармалганын тактаган эмес.

“Достук” бекетинде иштеген үч бажычынын кармалганы боюнча маалымат 1-майда чыккан. Кармалгандардын бири Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын уулу Азатбек Нурдинов экенин бир катар ЖМКлар ишенимдүү булактарына таянып жазып чыккан. УКМКнын маалыматындагы “Достук” бекетиндеги бажы процедурасынын жайынын башчысынын инициалы (Н.А.Н.) Нурдиновдун аты-жөнүнө туура келет.

Нарматова жана анын жакындары бул боюнча комментарий бере элек.

Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы шектүүлөр 22-майга чейин абакка камалганын "Азаттыкка" ырастаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG