Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:28

Депутат Кожокулова Орусияда кыргыз паспорту сатылып жатканын айтты


Гуля Кожокулова.
Гуля Кожокулова.

Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова Орусияда avito.ru жарнама сайтында Кыргызстандын паспорту ачык эле сатылып жатканын айтты.

Эл өкүлү парламенттин 18-майдагы жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетин (УКМК) буга чара көрүүгө чакырды.

“Бул нонсенс. Демек, Кыргызстандын жарандыгы сатылып калыптыр да. Биздин атайын кызмат кайда? Санариптик өнүктүрүү министрлиги эмне менен алектенип жатат? Биздин паспорттор ар кайсы жерде сатылгандыктан, дайыма ызы-чуу болот. Эми коммерциялык максатта сатыла баштаптыр”.

Avito.ru сайтында Кыргызстандын жарандыгын 120 миң рублден 270 миң рублге чейин алып берүү боюнча бир нече жарнама турат. Анда кыргыз жарандыгын алуу үчүн Орусиянын жарандыгынан чыгуу талап кылынбай турганы, кыргыз тилин билүү зарылдыгы жок экени жазылган. Кыргызстандын жарандыгын алып чет жактан банк эсептерин ачууга, АКШга жана Европа өлкөлөрүнө виза алууга мүмкүнчүлүк түзүлөрү айтылат.

Орусияда Украинадагы согушка байланыштуу аскердик мобилизация жарыялангандан кийин Кыргызстандын жарандыгын алууну каалаган орусиялыктар көбөйгөн. Президент Садыр Жапаровдун жарандыкка кабыл алуу жөнүндө 2022-жылы чыгарган жарлыктарынын негизинде Орусиянын ондогон таанымал аткаминерлери менен ири ишкерлери Кыргызстандын жарандыгын алган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG