Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:25

Кыргызстандык Кадыр Сайдилкан Эвересттин эң бийик жерине чыкты


Ишкер Кадыр Сайдилкан 17-майда Эвересттин эң бийик жерине чыкты. Бул тууралуу анын бир тууганы Жоодар Сайдилкан 18-майда Фейсбукка жазды.

Социалдык тармактарга жарыяланган сүрөтүндө ал калпак кийип, Кыргызстандын туусун жана Сагынбай Орозбаковдун вариантындагы “Манас” эпосунун китебин кармап турганын көрүүгө болот.

Жоодар Сайдилкан агасы дүйнөдөгү жети континентте жети чоку долбоорун аткарган биринчи кыргыз альпинисти болгонун белгилеген. Ал буга чейин Килиманжаро (Африка), Эльбрус (Европа), Аконкагуа (Аргентина-Түштүк Америка), Денали (Аляска-Түндүк Америка), Винсон (Антарктида) чокуларын багындырган.

“Эверестте чокуда көп турганга болбойт, ошол убакытты да жалпы кыргыз аялзатына, чоң апам Үрпадага арнаганы өзгөчө мааниге ээ. Тарых боюнча кыргыз аялзаты өзүнүн эркиндиги, эрдиги жана акылмандыгы менен айырмаланып, коомдун турмушунда активдүү роль ойноп келген. Биз көз карандысыз болгондон бери элдин оор түйшүгүн көтөрүп, бизнесте болсун, коомдук иштерде болсун, аялдарыбыз эгемендигибиз үчүн күрөшүп келет. Кыргыз айымы ар дайым эркин, эгемен болсун!” - деп жазган.

Ишкер Кадыр Сайдилкан Эверестти багындырган үчүнчү кыргызстандык. Эверест чокусуна буга чейин 1997-жылы 20-майда Дмитрий Греков, 2021-жылы 23-майда Эдуард Кубатов чыккан.

Непал менен Кытайдын чектеш жеринде жайгашкан Эверест чокусунун эң бийик жери - деңиз деңгээлинен 8 848 метр. Чокуга 10 миңге жакын киши чыгып, дагы 300дөй киши орто жолдон каза тапкан.

Эверестти биринчи жолу багындырган Эдмунд Хиллари 2008-жылы 88 жаш курагында, Тенцинг Норгей 1986-жылы 71 жаш курагында каза тапкан. Ал эми чокуга эң биринчи жолу италиялык альпинист Райнхольд Месснер кычкылтек баллонун колдонбой жеткен.

XS
SM
MD
LG