Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:14

Төрткүл суу сактагычына чөгүп кеткен уландын сөөгү табылды


Сууга чөгүп кеткен кишини издөө учурунда тартылган сүрөт.
Сууга чөгүп кеткен кишини издөө учурунда тартылган сүрөт.

Төрткүл суу сактагычына чөгүп кеткен 17 жаштагы уландын сөөгү төрт күндөн кийин 18-майда табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.

14-майда эки бала Баткен районундагы Төрткүл суу сактагычында кайык менен жүрүп сууга чөгүп кеткен. 15-майда 14 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылган. Экинчисин издөө иштерине 18-майда 46 куткаруучу тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда былтыр бир жыл ичинде 85 адам сууга чөгүп каза болгон жана мындай кырсыктардын эң көбү жайкы сезондо Чүй, Ош жана Ысык-Көл облустарында катталган. Каза болгондордун 28и 12 жашка чейинки балдар.

Мекеме мындай кырсыктар айрыкча жайкысын сууга түшүү эрежелери, коопсуздук чаралары сакталбаган учурда көп катталарын, андыктан этият болуу зарыл экенин эскертүүдө. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG