Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:43

Пашинян Москвада азери президенти менен жолугушарын билдирди


Никол Пашинян
Никол Пашинян

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 25-майда Москвада Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүүгө макул болгонун Интерфакс агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, сүйлөшүүлөр орус президенти Владимир Путиндин ортомчулугу менен өткөрүлөт.

"Биз орус тараптан 25-майда орус президентинин ортомчулугу менен үч тараптуу жолугушуу өткөрүү сунушун алдык. Ага оң жооп бердик", - деп Пашинян өкмөт жыйынында айтканы жазылган.

2020-жылы эки өлкөнүн ортосундагы алты жумалык куралдуу жаңжал Москванын арачылыгы менен токтогон. Бирок келишим туруктуу тынчтыкка алып келген жок, чыңалуу кала берүүдө, зордук-зомбулук кадимки көрүнүшкө айланды.

Эл аралык коомчулук Азербайжандын бир бөлүгү деп тааныган, бирок этникалык армяндар үстөмдүк кылган Толуу Карабакта Орусиянын тынчтык орнотуучу күчтөрү жайгашкан.

АКШ жана Евробиримдик да эки тарапты ортодогу жаңжалды туруктуу жөнгө салууга үндөп, бул багытта аракеттерди көрүп келатышат.

1-майда Армения менен Азербайжандын тышкы иштер министрлери АКШнын ортомчулугу менен Вашингтондо жолуккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG