Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:53

“Чоң жети” Жапонияда Орусияга каршы жаңы санкцияларды талкуулайт


АКШнын президенти Жо Байден Жапониянын Хиросима шаарында. 18-май, 2023-жыл.
АКШнын президенти Жо Байден Жапониянын Хиросима шаарында. 18-май, 2023-жыл.

19-майда Жапониянын Хиросима шаарында “Чоң жети” блогуна кирген өлкөлөрдүн жетекчилеринин саммити башталат.

Reuters агенттиги үч күнгө созулган жыйынга Британиянын, Германиянын, Италиянын, Канаданын, Франциянын, Жапониянын жана АКШнын лидерлери катышарын жазды.

Маалыматка ылайык, “Чоң жети” тобунун саммитинде Москва менен Бээжинге байланыштуу маселе да каралат жана ага эки өлкөнүн өкүлдөрү конок катары да чакырылган. Күн тартибинде Украинадагы согушту талкуулоо маселеси да бар.

Associated Press агенттиги саммиттин катышуучулары Москвага каршы жаңы санкцияларды талкуулашат деп күтүлүп жатканын билдирди.

Жыйын алдында АКШнын расмий өкүлү (аты аталган жок) Орусиянын согушта колдонуп жаткан материалдарга жетүүсүн кыйындатуу, санкцияларды айланып өтүү жолдорун жабуу жана Орусиянын энергетикасына көз карандылыкты азайтуу аракеттери талкууланарын айтты.

АКШ санкциялар пакетин жарыялап, кара тизмеге дагы 300гө жакын адамды, компанияларды, кеме жана учактарды киргизет деп күтүлүүдө. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG