Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:03

Президент кытай ишкерлерин Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга катышууга чакырды


Президент Садыр Жапаров 18-майда Сиань шаарында Кытайдын ишкерлери менен жолугушту.
Президент Садыр Жапаров 18-майда Сиань шаарында Кытайдын ишкерлери менен жолугушту.

Президент Садыр Жапаров кытай ишкерлерин Кыргызстанда ГЭСтерди куруу боюнча ири долбоорлорго катышууга чакырып, бийлик Камбар-Ата-1 ГЭСине сунуштарды кароого даяр экенин билдирди.

Бул тууралуу ал 18-майда Сиань шаарында Кытайдын ишкерлери менен жолугушууда айтканын президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

“Камбар-Ата-1” ГЭСин Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан биргелешип куруу чечимин кабыл алган. Ага ылайык, үч өлкөнүн ортосунда биргелешкен ишкана түзүлөт. Компания “Камбар-Ата-1” ГЭСин башкарат жана анын 34% Кыргызстанга таандык болот. Ал эми Казакстан менен Өзбекстанга 33% бөлүнөт.

Кыргыз бийлиги “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга болжол менен 2 млрд. 916 млн. доллар кетерин маалымдаган. Курулуш алты этаптан турат. Энергетикалык эксперттер долбоордун наркы 4-5 млрд. долларга чейин жетет деп эсептешет.

ГЭСтин өзүн куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегаты 2028-жылы ишке берилет деп пландалууда. ГЭС курулуп бүтсө, 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 млрд. кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Буга чейин айрым депутаттар менен энергетиктер үлүштөрдүн пайызы боюнча тынчсыздануусун билдиришкен. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG