Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:23

Зеленский "Чоң жетинин" Жапониядагы саммитине катышары кабарланды


Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

Украинанын президенти Владимир Зеленский Хиросимадагы G7 саммитине барат. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазды. Украинанын Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Алексей Данилов муну ырастады.

Согуш башталгандан бери Зеленский эл аралык жыйындарга видеобайланыш менен чыгат. Бирок Данилов Жапониядагы саммитте маанилүү чечимдерди кабыл алуу күтүлүп жаткандыктан, президент ага жеринде катышарын белгиледи.

Коопсуздуктан улам Зеленскийдин Хиросимага качан барары ачык айтылган жок.

Bloomberg агенттигинин маалыматына ылайык, Зеленский Сауд Арабияга Араб Лигасынын саммитине барып, андан кийин АКШнын Аскердик аба күчтөрүнүн учагында Жапонияга сапар тартат. Украин лидери жакында Италияда, Германияда, Францияда жана Улуу Британияда болуп, Киевге куралдын жаңы партиясын жеткирүүнү макулдашкан.

19-майда Жапониянын Хиросима шаарында “Чоң жети” блогуна кирген өлкөлөрдүн жетекчилеринин саммити башталды. Үч күндүк жыйынга Британиянын, Германиянын, Италиянын, Канаданын, Франциянын, Жапониянын жана АКШнын лидерлери катышат.

“Чоң жети” тобунун саммитинде Москва менен Бээжинге байланыштуу маселе да каралат, ага эки өлкөнүн өкүлдөрү конок катары чакырылган. Күн тартибинде Украинадагы согушту талкуулоо маселеси да бар.

XS
SM
MD
LG