Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:48

Январь окуялары: 25 айыпталуучу шарттуу жаза алды


Сот чечим чыгарган отурумга катышкандар, Алматы. 19-май, 2023-жыл.
Сот чечим чыгарган отурумга катышкандар, Алматы. 19-май, 2023-жыл.

Казакстанда былтыркы Январь окуяларына айыпталган 25 киши шарттуу жаза алды. Чечимди 19-майда Алматынын Бостандык райондук соту чыгарды.

"Камакта отургандардын баары эркиндикке чыгарылды. Шарттуу жаза алгандар пробациялык көзөмөлдө болушат", – деди адвокат Айнара Айдархан.

Буга чейин прокурор айыпталуучулардын баарын күнөөлүү деп таап, алардын 13үнө шарттуу жаза берип, калганын эки жылдан төрт жылга чейин эркинен ажыратууну сураган.

Айыпталуучулардын бири Думан Канатбек Январь окуялары маалында атып өлтүрүлгөн. Прокурор аны күнөөлүү деп, каза болгонуна байланыштуу ишин токтотууну өтүнгөн. Сот бул өтүнүчтү канааттандырды. Бирок Канатбектин атасы Акимбек Калыбеков уулунун күнөөлүү деп табылышына нааразы экенин билдирип, өкүмгө даттана турганын айтты.

Соттолгондор "Жапырт башаламандыктарды уюштуруу, катышуу", "Курал-жарак уурдоо" жана "Мамлекеттик имараттарга кол салуу" беренелери менен айыпталган. Алардын айрымдары күнөөлөрүн жарым-жартылай моюнга, көпчүлүгү четке каккан.

Январь окуялары боюнча сот иштери аяктап калды. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, январда бул иштер боюнча 1 600 киши соттолгон.

Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынч митингдер былтыр 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылып, кан төгүү, башаламандык менен коштолгон. Расмий маалыматка караганда, тополоңдо кеминде 238 киши каза болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG