Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:36

АКШ президенти Байден украиналык учкучтарды окутууну колдоду


Истребитель F-16
Истребитель F-16

АКШ президенти Жо Байден Хиросимадагы "Чоң жетинин" саммитинде украин учкучтарын америкалык F-16 учактарына үйрөтүүнү колдой турганын билдирди.

Бул тууралуу Associated Press жана CNN булактары кабарлады. Учкучтарды даярдоо Европада өтөрү жана жакынкы апталарда башталышы мүмкүн деп айтылууда. Бул тууралуу азырынча Ак үйдүн расмий билдирүүсү жарыялана элек.

Guardian басылмасынын маалыматында, Байден учкучтардын F-16 жана төртүнчү, жаңы үлгүдөгү истрибителдерде машыгуусун колдойт. Буга Британиянын Eurofighter Typhoon жана Франциянын Mirage 2000 учактары дагы кирет.

CNN мурдараак АКШ администрациясы F-16ларды үчүнчү өлкөлөр аркылуу Украинага өткөрүп беришине каршы эместигин жазган. Киевге согуштук учактарды берүүдөн баш тарткандыктан, Ак үй европалык өнөктөштөрдүн гана эмес, АКШ Конгрессинин мүчөлөрүнүн да кысымына кабылган.

Киевге качан, кайдан жана канча учак тапшырыларын Байден машыгуулар башталгандан кийин жарыялоого ниеттенүүдө.

Украинанын президенти Владмир Зеленский буга чейин бир нече жолу өнөктөш өлкөлөрдөн украин аба мейкиндигинин коопсуздугун камсыздап берүүнү сураган. 19-майда ал Твиттердеги баракчасына "Мен АКШнын жана POTUSтун (Америка президентинин Твиттердеги баракчасы ушундайча аталат- ред.) эл аралык согуштук учак боюнча коалициясын колдоо тууралуу тарыхый чечимин кубаттайм. Бул армиябыздын асмандагы күч-кубатын бекемдейт. Мен бул чаранын иш жүзүндө аткарылышын Хиросимадагы G7 саммитинде талкуулайм”, - деп жазган ал.

Президенттин кеңсесинин башчысы Андрей Ермактын айтымында, Зеленский 20-майда саммитке жеке өзү катышууга ниеттенүүдө.

Жапониянын Хиросима шаарында “Чоң жети” блогуна кирген өлкөлөрдүн жетекчилеринин саммити 19-майда башталды. "Чоң жети" (G7) өлкөлөрүнүн лидерлери Хиросимадагы саммитте Украина жана Орусиянын агрессиясы боюнча билдирүү кабыл алышты. 11 пункттан турган документ Ак үйдүн сайтына жарыяланды.

Ушул аптада Украинага F-16 чабуулчу учактарын жеткирүү үчүн "эл аралык коалиция" түзүлгөнү жарыяланган. Ага Улуу Британия, Нидерланд, Франция жана Европа өлкөлөрүнүн айрымдары катышат. Буга чейин Нидерланд, Дания жана Бельгия Украина менен чабуулчу учактарын бөлүшүүгө даяр экенин билдиришкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG