Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:59

Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси Калашникова эки айга камалды


Елена Калашникова.
Елена Калашникова.

Коррупцияга шектелип кармалган Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси Елена Калашникова эки айга камалды. Бишкектин Биринчи май райондук соту 19-майдын кечинде анын бөгөт чарасын карап, ушундай чечим чыгарды.

Аталган соттон "Азаттыкка" билдиришкендей, ал 22-июлга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу тергөө абагында кармалат. Муну менен кошо соттун чечими менен анын орун басары Александр Валитов дагы ушул мөөнөткө чейин камакта болот.

УКМК өкмөт түзгөн Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси Елена Калашникова менен анын орун басары "коррупцияга" шек саналып камалганын 18-майда билдирген. Анда "ири өлчөмдөгү мамлекеттин акчасы негизсиз коротулганы аныкталды" деп жазылган.

Атайын кызмат уставдык капиталы 1 миллиард сомдук бул фонд өлкөдө туризмди өнүктүрүү максатында түзүлгөнүн, бирок акча орунсуз жок кылынганын, максатсыз коротулганын, жетекчилиги өзүнө жогору маяна коюп алганын жана курулуш иштери чыныгы наркынан көбөйтүлгөн баада жүргүзүлгөнүн билдирди.

Жогорку Кеңештин 4-майдагы жыйынында бир катар депутаттар ишкананын жетекчиси Елена Калашникованын ишмердүүлүгүн кескин сынга алышкан.

Ал өзү ар бир тыйындын сарпталышы боюнча жооп берүүгө даяр экенин, мамлекет туризм тармагына көңүл буруп жатканын айткан.

2022-жылга Туризмди өнүктүрүү фондуна 1 миллиард сом бөлүнгөнүн, учурда анын 257 миллиону коротулган, калган акча ишкананын эсебинде турганын маалымдаган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG