Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:22

Түркияда шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыяланды


Режеп Тайып Эрдоган, Кемал Кылычдароглу.
Режеп Тайып Эрдоган, Кемал Кылычдароглу.

19-майда Түркияда жекшембиде өткөн президенттик жана парламенттик шайлоонун жыйынтыгын өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы расмий сайтында жарыялады.

Анда Режеп Тайып Эрдоган шайлоочулардын 49,52%, анын негизги атаандашы, бирдиктүү оппозициянын талапкери Кемал Кылычдароглу добуштардын 44,88% топтоду.

АТА альянсынан чыккан Синан Оган 5,17%, “Мамлекет” партиясынын лидери Мухаррем Инже 0,43% добуш алды.

Маалыматта түркиялык шайлочулардын 88,92 % катышканы кабарланды. Түркиянын тарыхында шайлоочулар 1987-жылы парламенттик шайлоого жигердүү катышкан. Анда шайлоочулардын 93,38% добуш берген.

Буга чейин президенттик шайлоонун экинчи айлампасы 28-майда өтө турганы расмий жарыяланган. Анда Эрдоган жана Кылычдароглу ат салышат.

Түркиянын шайлоо мыйзамдарына ылайык, талапкер шайлоочулардын 50% көбүнүн добушун алганда гана жеңишке жетти деп эсептелет. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG