Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:38

Быйыл Кыргызстан Кытайдан газ менен жүрүүчү 500 автобус сатып алат


Президент Садыр Жапаров Кытайдагы мамлекеттик сапарынын алкагында "Zhongtong bus Holding Co., LTD" заводуна барды. 20-май, 2023-жыл
Президент Садыр Жапаров Кытайдагы мамлекеттик сапарынын алкагында "Zhongtong bus Holding Co., LTD" заводуна барды. 20-май, 2023-жыл

Быйыл Кыргызстан Кытайдан газ менен жүрө турган 500 автобус сатып алат.

Автобустардын кийинки партиясы 2024-жылы алынарын президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-майда Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Шаньдун провинциясынын Цзинань шаарында Zhongtong bus Holding Co., LTD автобус чыгаруучу заводуна барып, анын иши менен таанышты.

"Бул заводдон Бишкек шаары үчүн газ менен жүрүүчү 120 автобустун партиясы сатып алынган. Алар борбордун жолдорунда сыноодон ийгиликтүү өткөндүктөн, бюджеттик каражаттардын эсебинен бул маркадагы автобустун дагы миң кошумча партиясын сатып алуу жана Бишкекке жеткирүү чечими кабыл алынган. Бул жерде Кыргызстан үчүн миңинчи партиядан чыккан биринчи автобустун салтанаттуу чыгарылуусу жана бет ачары болду. Автобустардын бул партиясы этап-этабы менен Бишкекке жеткирилет. 500 автобустун биринчи партиясы үстүбүздөгү жылы, кийинкиси 2024-жылы жеткирилет деп күтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Zhongtong Bus Holding Co., LTD. компаниясы Кытайдагы эң алгачкы автобус өндүрүүчүлөрдүн бири.

Ушул эле күнү Садыр Жапаров жол куруу машиналары жана жабдуулары, өнөр жай машиналарынын көргөзмө аймагын кыдырды. Мамлекет башчы Кыргызстан эки тарапты тең кызыктырган биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Кытайдагы мамлекеттик сапарынын алкагында "Zhongtong bus Holding Co., LTD" заводуна барды. 20-май, 2023
Президент Садыр Жапаров Кытайдагы мамлекеттик сапарынын алкагында "Zhongtong bus Holding Co., LTD" заводуна барды. 20-май, 2023

Кыргызстанда коомдук транспортко байланыштуу маселе өлкө эгемендик алгандан бери эле толук чечилбей келет. Жүргүнчүлөрдү тейлөө сапатына жана транспорт таңкыстыгы тууралуу коомчулукта нааразылык көп.

Бишкек мэриясынын автобус сатып алууларынан улам буга чейин бир нече кылмыш иши козголуп, мурдагы жетекчилер жоопко тартылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG