Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:29

Беларус: NEXTA басылмасынын мурдагы башкы редакторуна ырайым берилди


Роман Протасевич. Минск, Февраль, 2023-жыл
Роман Протасевич. Минск, Февраль, 2023-жыл

Беларуста NEXTA оппозициялык басылмасынын мурдагы башкы редактору Роман Протасевичке ырайым берилди. Бул тууралуу БелТА агенттиги кабарлады.

Ал майдын башында Минскидеги сотто Беларустагы бийликти басып алуу кутумуна жана массалык башаламандык уюштурууга айыптуу деп табылып, сегиз жылга эркинен ажыратылган. Анын алдында экстремисттик топко жетекчилик кылган деген айып да тагылган.

Басылманын иши боюнча күнөөлөнүп жаткан дагы эки киши – Степан Путило 20 жылга жана Ян Рудик 19 жылга сыртынан кесилди.

NEXTA каналы 2020-жылы Александр Лукашенкого каршы нааразылык акцияларын чагылдырганда кеңири таанылган. Негиздөөчүлөрү - Степан Путило жана Роман Протасевич экстремисттик ишмердикке аралашкан адамдардын тизмесине киргизилгенден кийин Беларустан чыгып кетишкен.

2021-жылдын 23-майында Протасевич сүйлөшкөн кызы София Сапега менен Афиныдан Вилньюска баратканда, Ryanair авиакомпаниясынын учагы күчтөп Минскиге кондурулган. Экөө кармалып, Сапега алты жылга жатак абакка кесилген.

Ал эми Протасевич мурдагы санаалаштарын сындаган интервьюларды бере баштаган жана күнөөсүн моюнга алган. Көп узабай бийлик менен кызматташканы белгилүү болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG