Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:28

Түркия: президенттикке мурдагы талапкер Эрдоганга добуш берүүгө үндөдү


Синан Оган.
Синан Оган.

Түркиядагы президенттик шайлоонун биринчи айлампасында 5% добуш алган АТА альянсынын талапкери Синан Оган тарапташтарын Режеп Тайып Эрдоганды колдоого чакырды. Бул тууралуу Hurriyet басылмасы жазды.

Эрдоган менен жолугуп чыккандан кийин Оган аны колдой турганын жарыялады. Hurriyet жазганына караганда, Оган "Конституциянын айрым беренелерин өзгөртпөөнү, террористтик уюмдарга каршы күрөшүүнү жана сириялык качкындарды акырындап депортациялоону" талап кылган.

Түркияда президенттик шайлоо 14-майда өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий жыйынтыгында Режеп Тайып Эрдоган шайлоочулардын 49,52%, анын негизги атаандашы, бирдиктүү оппозициянын талапкери Кемал Кылычдароглу добуштардын 44,88% топтогон.

АТА альянсынан чыккан Синан Оган 5,17%, “Мамлекет” партиясынын лидери Мухаррем Инже 0,43% добуш алган.

Түркиянын шайлоо мыйзамдарына ылайык, талапкер шайлоочулардын 50% көбүнүн добушун алганда гана жеңишке жетти деп эсептелет. Президенттик шайлоонун экинчи айлампасы 28-майда өтө турганы расмий жарыяланган. Анда Эрдоган жана Кылычдароглу ат салышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG