Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:49

Орусиянын Белгород облусунда жарылуу болгону кабарланды


Орусиянын Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков.
Орусиянын Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков.

Белгороддун борборунда жарылуу болгонун "Медиазона" басылмасынын Телеграм-каналы жазды. Федералдык коопсуздук кызматынын облустук башкармалыгынын имаратынын жанындагы жолду күч түзүмдөрүнүн жана өрт өчүрүүчүлөрдүн автоунаалары тосуп алышкан.

Орусиянын Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков жарылуу боюнча комментарий берген жок. Бирок кечинде Борисовка айылындагы административдик имаратка жана Грайворондогу эки турак үйгө дрон менен чабуул болгонун, жабыркагандар жок экенин билдирди. Бул маалыматты башка расмий жана көз карандысыз булактар тастыктай элек.

Би-би-си Белгороддогу жарылуу тууралуу бир канча Телеграм-каналдар жазганына көңүл бурду. Бул боюнча жергиликтүү басылмаларга жана өз булактарына шилтеме кылып censor.net украин каналы, SOTA Телеграм-каналы, кремлчил Readovka, орусиянын "Рыбарь" каналы жазды. Бирок расмий комментарий жарыялана элек.

Федералдык коопсуздук кызматынын Белгород облустук башкармалыгынын имараты Преображенск көчөсүндө жайгашкан. Censor.net жарылуу болгон жерден сүрөт, Readovka имаратты курчап турган өрт өчүрүүчү машиналардын видеосун жарыялады.

Дүйшөмбү күнү Белгород облусуна "контртеррористтик операция" режими киргизилген. Расмий булактардан башка маалыматтарды таратууга тыюу салынат.

Украинанын Коргоо министрлигинин чалгындоо башкармалыгынын өкүлү Андрей Юсов “Эркин Орусия" деген легиондун жана "Орусиянын ыктыярдуу корпусунун” аскерлери Белгород облусунда “коопсуздук тилкесин” түзүү операциясын жүргүзүп жатканын билдирген. Адатта украин армиясы Орусиянын аймагы аткыланган учурлар же ал жактагы диверсиялар тууралуу комментарий бербейт. Юсов операцияга орус жарандары гана катышып жатканын белгилеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG