Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:15

Орусияда аскерге чакырылгандар чет өлкөгө чыга турган паспортун тапшырууга милдеттүү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

23-майда Орусиянын Мамлекеттик думасы үчүнчү окууда кабыл алган мыйзамга ылайык, аскерге чакырылгандар эми чет өлкөгө чыга турган паспортун полициянын миграциялык бөлүмүнө сактоого тапшырууга милдеттүү. Ал документти кызмат өтөп келгенден кийин гана кайра алышат.

Бул мыйзамдагы нормалар аскерге чакырылган 18ден 27 жашка чейин эркектерге тиешелүү. Юристтер түшүндүргөндөй, аскердик комиссариаттан чакыруу алган, бирок армияга барууга чечим чыга электер паспортторун тапшырууга милдетүү эмес.

Апрелде кабыл алынган мыйзамга ылайык, орус жарандарына аскер комиссариаттарына чакыруу кагаз жүзүндө гана эмес, электрондук почта аркылуу да келет. Чакыруу «Мамлекеттик кызматтар» порталындагы жеке кабинетке жайгаштырылган соң "жарандын колуна тапшырылды" деп саналат.

Чакыруу берилгенден кийин 20 күн ичинде аскер комиссариатына келбеген жаранга кошумча чектөөлөргө кабылат: жеке ишкер катары каттоого туруу, үй-мүлкүн каттатуу, автоунаа айдоо, насыя алуу укугун колдоно албайт.

12-майда Орусиянын президенти Владимир Путин Миграциялык саясат концепциясына өзгөртүүлөрдү киргизген жарлыкка кол койду. Анда калктын өлкөдөн чыгып кетишинин алдын алуу боюнча чараларды көрүү каралган.

2022-жылдын 24-февралында Орусия Украинага басып кирип, согуш баштаган. Орусияда ошол эле жылдын сентябрь айында аскердик мобилизация жарыяланган. Андан кийин жүз миңдеген киши, басымдуусу аскерге жарактуу эркектер өлкөдөн чыгып кеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG