Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:08

Орусия Кыргызстан менен Абадан коргонуу системасын түзүү келишимин бекитти


Орусиянын Канттагы аба базасындагы учактар. 2013-жыл.
Орусиянын Канттагы аба базасындагы учактар. 2013-жыл.

Орусиянын Мамлекеттик думасы эки тараптуу келишимди 23-майдагы отурумунда карап, жактырды.

Думанын сайтындагы маалыматка ылайык, келишим эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасын абадан коргоо маселесин тескөөгө багытталган. Ага ылайык, тараптар Борбор Азия аймагында абадан коргонуу боюнча биргелешкен система түзөт. Бул КМШ өлкөлөрүнүн абадан коргоонуу системасынын бир бөлүгү болуп эсептелет. Эки өлкөнүн биргелешкен системасынын ишин Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы координациялайт.

Эки өлкөнүн ортосунда абадан коргонуу боюнча бирдиктүү система түзүү боюнча буйрукка 2022-жылдын 8-июлунда орус президенти Владимир Путин кол койгон.

Андан кийин Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов былтыр 15-16-августта Москвада болуп, Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен аталган макулдашууга кол койгон.

Кыргызстандын Коргоо министрлиги макулдашууну Жогорку Кеңештин кароосуна киргизген. Парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети келишимди ратификациялоого макулдугун берген. Бирок жалпы палатада ратификация болгон-болбогону тууралуу кабар жок.

1995-жылы 10-февралда Алматы шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө 12 мамлекеттин лидерлери бирдиктүү абадан коргонуу системасын түзүү тууралуу макулдашууга кол коюшкан.

Анын ичинде Орусия менен Кыргызстандан сырткары Азербайжан, Молдова, Армения, Беларус, Тажикстан, Грузия, Түркмөнстан, Грузия, Казакстан, Өзбекстан жана Украина да бар эле. Бирок Украина менен Түркмөнстан КМШнын негизги жобосун кабыл алган эмес, Грузия болсо Орусия менен согушкандан кийин уюмдан чыгып кеткен. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG