Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:17

Токтогулда 23 жаштагы жигиттин өлүмүнө бир тууганы шек саналууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 23 жаштагы жигиттин өлүмүнө шек саналып эки жаран кармалды, алардын бири маркумдун эжеси экени айтылып жатат.

Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынын маалыматында, 2023- жылдын 3-май күнү саат 9:00 чамаларында Токтогул районунун Чычкан капчыгайынын ичиндеги кафелердин биринин тапчанында денесинде жарааттары бар, 2000-жылы туулган жарандын сөөгү табылган.

Окуя болгон жерге Токтогул райондук милициясынын ыкчам тергөө тобу кароо жүргүзүлүп, тиешелүү материалдар топтолгон. Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголгон.

Жогорудагы кылмышка шектүү катары Токтогул районунун тургундары, 2003-жылы туулган Ж.Б. жана 1991-жылы туулган М.Ж. (аял киши) кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Улуттук статистика комитеттинин маалыматында да өлкөдө 2022-жылдын алты айында мурдагы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу карактоо 15%, тоноо 5%, уурулук 1,4% көбөйгөнү көрсөтүлгөн. Булар бардык кылмыштардын жалпы санынын 73% түзөт.

Буга чейин Белградда жайгашкан Numbeo сайты дүйнөдөгү 142 өлкөдөгү криминалдык кырдаалдын деңгээлин аныктаган. Анын тизмесинде Кыргызстан кылмыштуулук күч алган 50 өлкөнүн ичине кирип, 36-орунду ээлеген. Аталган сайт ар кайсы өлкөлөрдө түрдүү жагдайларды ачык маалыматтарга жана статистикага таянып, иликтеп келет. (КЕ/ТВ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG