Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:11

Америкалык белгилүү ырчы Тина Тёрнер көз жумду


Америкалык белгилүү ырчы Тина Тёрнер 83 жашында Швейцарияда каза болду. Бул тууралуу анын өкүлү Sky News телеканалына билдирди. Анын дүйнөдөн кайтканы тууралуу маалымат өзүнүн Instagram баракчасына да жарыяланды.

"Рок-н-ролл ханышасы" деп таанылган Тёрнер 1960-1980-жылдардагы эң популярдуу аял ырчылардын бири болгон.

Ал 1939-жылы АКШда төрөлгөн. Туулгандагы аты-жөнү Анна Мэй Буллок. Сахнадагы ийгилик ага 1960-жылдардын башында келген. Сегиз жолу "Грэмми" сыйлыгын алган. Андан тышкары, эки American Music Awards, MTV Video Music Awards жана көптөгөн башка сыйлыктары бар.

Тёрнер күйөрмандарына бийчи жана актриса катары да белгилүү. 1986-жылы Голливуддагы Даңк аллеясында ага арналган жылдыз орнотулган.

Акыркы жылдары Швейцарияда жашаган ырчынын саламаттыгы начарлап, бир жолу инсульт алган. Рак жана бөйрөк оорусу менен да күрөшүп келгенин BBC жазды.

XS
SM
MD
LG