Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:35

Казак соту Орусиядан качкан жаранды депортациялоо чечимин күчүндө калтырды


Казакстанда сот Орусиядагы мобилизациядан качкан Игорь Санжиевдин доо арызын канаттандырган жок.

3-майда Казакстандын Бөкей Ордо шаардык соту Санжиевди Казакстандын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өткөнү үчүн алты айга шарттуу кесип, беш жылга өлкөгө киришине тыюу салган. Ошондой эле сот аны мекенине депортация кылуу чечимин чыгарган.

Буга каршылыгын билдирген Санжиев жогорку инстанциядагы сотко Казакстандан депортациялоо чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен кайрылган.

Батыш Казакстан облустук соту 25-майда Санжиевдин өтүнүчүн четке кагып, биринчи инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырды. Анын адвокаты кассациялык доо арыз менен Жогорку Сотко кайрыларын билдирди.

Орусиянын курамындагы Калмык Республикасынын борбору Элиста шаарында курулушта иштеген Игорь Санжиев былтыр сентябрда мобилизацияланып, Волгограддагы аскердик бөлүккө жөнөтүлгөн. Ноябрда ал Беларуска качып чыгып, чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн кармалгандан кийин Орусияга депортацияланган. Бирок көп өтпөй Игорь аскердик бөлүктөн кайра качып, Казакстандын аймагына мыйзамсыз өткөн.

Былтыр сентябрда Казакстандын ички иштер министри Марат Ахметжанов эгер Москва мобилизациядан качкан орусиялыктарга эл аралык издөө жарыяласа, Астана аларды өз өлкөсүнө өткөрүп берерин эскерткен.

Орусияда былтыр мобилизация жарыялангандан бери аскерге милдеттүү жарандардын көбү Казакстанга кире качкан. Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) былтыр үчүнчү кварталда 1,3 миллион орусиялык жаран Казакстанга кеткенин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG