Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:39

Коррупцияга каршы күрөш: Ташиевдин билдирүүсү эмнеден кабар берет?


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев коррупцияга каршы күрөштүн экинчи айлампасы башталарын билдирди. Ал 24-майда Фейсбуктагы баракчасына жемкорлукка каршы күрөштүн биринчи этабы оңой болбогонун, кийинкиси андан дагы оор болорун жазды.

Атайын кызматтын башчысынын соңку билдирүүсү ар түрдүүчө талданып жатат. Transparency International эл аралык уюмунун дүйнөдөгү коррупциянын деңгээлин аныктаган жыл башындагы баяндамасында Кыргызстан автократияга ыктап, бийликтегилерге кызмат абалынан кыянат пайдаланууга жол ачылганын эскерткен эле.

"Паракорлор же мени жеңет, же мен аларды тартипке салам"

Камчыбек Ташиев соңку билдирүүсүндө коррупцияга каршы күрөш үч этап менен өтүп жатканын белгиледи. Ал биринчи айлампасы жеңил болбогонун, эми аяктаганын, экинчиси андан дагы оор болорун, болгон мүлкүн алуу өңдүү күчөтүлгөн жаза колдонуларын эскертти. Ташиев ошондой эле бул күрөштүн айынан өзү көп нерседеден баш тартып, тууган-урук, дос-жакынга карабасын белгиледи.

"Ушул күрөштү үч этапка бөлгөнбүз. Биринчиси, күрөштү системалаштыруу, багытын аныктоо, экинчиси, мыйзам чегинде жазалоону күчөтүү, үчүнчүсү, маалымат, түшүндүрүү, ийгиликтерди чыңдоо. Биринчи этап эми гана бүттү, биз ойлогондой оңой болгон жок, 2-3 ай, ашып кетсе 6 айда дегенбиз, бирок, 2,5 жылга созулду, өтө көп эмгек, өжөрлүк, чынчылдык жана чыдамкайлыкты жумшадык. Экинчи этапты баштоо алдында турабыз, анын алкагында мыйзам чегинде жазаларды болушунча колдонобуз, буга чейин колго түшкөн коррупционерлер келтирген зыянын бир нече эсе төлөп, анан соттун чечими менен жеңилирээк жаза алып кутулуп келген. Эми биз коррупционер келтирген зыянды эле эмес, колундагы баардык мүлкүн жана соттон мыйзамдын беренесинде каралган эң жогорку жазаны чектейбиз, көзөмөлдөйбүз. Экинчи этап 1-1,5 жылга созулат го деп ойлойм. Бул өтө оор болот, жеке мен баарынан баш тартуум керек: майда-чүйдөнү айтпаганда бала, бир тууган, дос-жолдоштор, туугандар",-деп жазды Ташиев.

Ташиев ошондой эле аткаминерлерге кайрылып, жемкорлукка аралашкандардын баары жазасыз калбасын эскертти.

"Мыйзамды бузбай ишиңерди так аткаргыла, коррупцияны токтоткула, эч качан суранбагыла, мындан ары мыйзам бузгандарга мыйзам чегинде өтө катаал чаралар көрүлөт. Бандиттер, каракчылар, бирөөнүн мүлкүнө көз арткандар, контрабандисттер, мамлекетти алдаган шылуундар түп-тамырыңар менен мыйзам чегинде жок кылынасыңар! Бул өтө оор, аткарылышы татаал жана кооптуу тапшырма, бирок мен муну аткарамын, башка менде жол жок! Же мени коорупционерлер жеңет, же болбосо мен буларды мыйзамдуу тартипке салам. Баарыбыздын убактыбыз өтүп жатат, а меники өтө аз калды. Үлгүрүшүбүз керек", - деген Ташиев.

Коомчулукта башкы чекисттин соңку билдирүүсү ар түрдүүчө талданып жатат.

Жарандык активист Мукай Керимбаевдин пикиринде, коррупцияга каршы күрөш жыйынтыгын бере баштады. Ал Ташиевдин убакыттын аздыгы тууралуу туюк сөзүн анын саламаттыгы менен байланыштырбоо керек деген көз карашта.

"Көрүп жатасыз да, коррупцияга каршы аёосуз күрөш болуп жатат. Ташиев экинчи этабы мындан дагы катуу болорун айтпадыбы. Биз көп жерлерге барып калабыз, абал мурункудай эмес. Мындан ары мамлекет үчүн кызмат кылалы деген, мекенчил сезими козголгон адамдар гана иштеши керек. Камчыбек Кыдыршаевич менен Садыр Нуркожоевичтин коррупцияга каршы күрөштө койгон максаттарынан улам буюрса 1,5-2 жылдын ичинде мамлекттик кызматта иштегендер болуп көрбөгөндөй өзгөрөт деп мен так айта алам. Ташиевдин саламаттыгы тууралуу ар кандай жоромолдоп атышат. Анын убакыт аз дегени "күрөштү тездетели, мындан дагы күчөтөлү" деген максатта айтылды. Оору, же андай мындайы жок деп айта алам. Ансыз деле 30 жыл чайналып жүрүп калдык да. Ошондуктан ал сөздү "күрөштү тездетели, биз дагы өнүккөн, коррупциясы жок өлкөлөрдүн катарына кошулады" деген гана мааниде айтты го дейм".

Соңку кездери коррупцияга каршы камоолор тууралуу маалымат дээрлик күн сайын жарыяланат. Президент Садыр Жапаров өткөн айда "Кабар" маалымат агенттигиндеги маегинде корупцияга каршы күрөштөн жалпысынан 2,5 жылда 10 миллиард сомдон ашык акча чогулганын билдирген. Кыргыз бийлиги ким канча акча төлөп чыкканын жарыялаганы менен, ал каражаттын кайда жумшаларын купуя кармайт. Коомчулукта муну “кустуруу” жараяны деп атап, аны сындагандар да, колдогондор да бар.

Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин баш катчысы Нурипа Муканованын пикиринде жазалоо менен эле кошо жемкорлуктун алдын алуу иштерине көңүл бурулушу керек.

"Азыр эми "биз ушунча кишини кармайбыз, коррупция менен аёсуз күрөшөбүз деген сөз менен эле чектелбей, коррупционерлер чынында эле кармалып жатат. "Кустуруу" деген корруцияга каршы күрөштүн биринчи этабы болсо керек. Канчасы кайтарылды, канчасы төлөндү, бюджетке кайтарылды деген бул эми экинчи суроо. Коррупция биздин коомдо ушунчалык өнүгүп кеткен үчүн күрөш чынында эле көп убакытка созулуп кетти. Чынын айтканда, бул токтоп калбай турган көрүнүш. Камчыбек Ташиев айткандай, экинчи этапта камап анан кайра эле чыгара бербей, коррупциянын алдын алуу иштерин башташ керек. Биз буга байланыштуу атайын стратегияны, иш-чараларды да сунуштаганбыз. Ар бир мамлекеттик орган өзү ичин тазалашы керек".

"Коррупцияга каршы күрөштө ырааттуулук керек"

Ушул айдын башында Садыр Жапаров Бишкектеги бир мандаттуу Ленин шайлоо округундагы талапкерлер менен жолугушууда коррупцияга байланыштуу камалгандар, абактан чыккандар тууралуу учкай комментарий берген. Анда зыяндын орду толтургандарды бошотуу саясаты мындан ары дагы улана берерин белгилеген. Талдоочу Нурсултан Акылбек коррупцияга каршы күрөштүн кийинки этабында саясий тиреш күчөшү ыктымал экенин белгилейт.

"Ташиевдин айткандары ага чейин президенттин айткандарына бир аз карама-каршы келип жатат. Президент "коррупционерлер акчаны кайра төлөсө болду да, аларды түрмөгө камап отургандын кандай кажети бар" дегендей айтпады беле. Азыр эми Ташиев президенттин атын атап, анын тапшырмасы менен андан дагы катуу күрөш болот дегени менен эми жогорку бийликтин ичинде өз ара тиреш болушу мүмкүн. Анткени жакында эле башкы прокурордун кайниси кармалып, Ташиев анда дароо эле "тирешүү жок, Зулушев билген, баарыбыз бир нукта, бир багытта иш жүргүзүп жатабыз" дегендей комментарий берген. Бирок эми мындан ары саясий күрөш күчөшү мүмкүн. Ташиевдин "досторума, туугандарыма дагы карабашым мүмкүн" дегени деле ушуну билдириши ыктымал. Азыркы бийлик "дос" деген система да. Ошондуктан мындан ары бийликтин ичиндеги камоолор күчөшү мүмкүн".


Саясат талдоочу Руслан Акматбек азыркы бийликтин коррупцияга каршы күрөшүндө түшүнүксүз жагдайлар көп экенин белгилейт. Анын пикиринде, бул жаатта ириде ырааттуулук керек.

"Коррупция менен күрөштө алдыга чыккан, секирик жасаган өлкөлөр алар бул багытта ырааттуу иш жүргүзгөн өлкөлөр. Буга Грузияны, Чыгыш Европа өлкөлөрүн мисал кылса болот. Алар бир гана жазалоо жагын эмес, коррупцияга жол ачкан системаны толугу менен жок кылбаса дагы, чоң бөлүгүн тазалаган. Мыйзамдарды, чечим чыгаруу, кабыл алуу жараяндарын өзгөрткөн, башкарууну жакшыртып, автоматташтырууну киргизген, мамлекеттик кызматкерлердин аң-сезимин өзгөрткөн. Биздин коомчулукта мындай нерселер байкалган жок. Мурункудай эле тааныш-билиш издемей. Кармалып атат деген менен абал өзгөргөн жок да. Мисалы президент өткөндө "акча жеп койсо, коррупцияга аралашса аны кайра төлөп чыга берсин" дегендей айтты. Бул азыркы бийликте коррупцияга каршы күрөштө эки башка көз карашты, ырааттуу иштин жоктугун көрсөтүп жатат. Ким кармалып жатат, канча акча кайтарып жатат, бул жагдай үчүн ким жоопкерчиликтүү, мындай көрүнүштөр кайталанбашы үчүн эмне кылуу керек деген нерселер ачык болушу керек. Мурункуга караганда бул же тигил адам кармалды деген атайын кызматтын видеолору көбөйө баштады, бирок аны менен катар эле ырааттуу өзгөртүүгө багытталган иштер болгон жок".

Коррупцияга каршы күрөштө ачык-айкындуулук керек деген пикирге укук коргоочу Азиза Абдирасулова дагы кошулат. Ал паракорчулукка жол ачкан, атайын калыпка түшкөн ыкмаларды жоюунун маанилүүлүгүнө токтолду.

"Бул жерде эки нерсени көрүп жатам. Биринчиси - өч алуу, экинчиси - мыйзамдаштырылган тоноо, рейдерлик болуп жатат. Мен мындан башканы көргөн жокмун. Коррупцияга каршы күрөштө бири-бирине байланган чынжырды көргөн жокмун. Мисалы, бир мамлекеттик кызматкер кармалып жатат. Ошондо ошол жерде баары жакшы, кармалган адамдыгана жаман кылып көрсөтүп жатат. Күрөш ошону менен эле токтоп, андан ары кыймылдабай жатат. Мамлекеттик орган жалгыз эле адамдан турбайт. Алар тамырлашкан, чиеленишкен болот. Кайсы бир жогорку кызматтагы адамга, же кайсы бир судьяга жетип акча бериш үчүн атайын калыптанып калган жолдор болот. Ошол акча алды деген судья жалгыз чечим кабыл албайт. Ошондуктан коррупция деген жалгыз эле адамдан турбайт. Коррупцияга каршы күрөштө адам кармалгандан кийинкини көрбөй жатабыз. Алгандар дагы, бергендер дагы, аларга ортомчу болгондор дагы ойлонгондой абалга жете элекпиз. Анан коррупция менен кармалды деген көнүмүш адатка айланып баратат. Көнүмүш адатка айланганда ишенбөөчүлүк дагы пайда болот. "Булар чындап эле кармап атабы, же кайсы бир адамдын бир нерсесин басып, тартып алганы жатабы, же ошол адамдын кызматтан кетирип, анын ордуна өзүнүн кишисин алып келгени жатабы" деген суроолор жаралат. Коррупция менен күрөшүүнүн эл аралык стандарты, эл аралык үлгүсү, нускамалар, колдонмолор бар. Азыр камоолор болгондо мыйзам бузулган учурлар дагы болуп жатат. Эгер ушул жол менен кете берсе коррупция менен күрөштүн маани-маңызы жоголот, элде ишенбөөчүлүк пайда болот, күрөш жасалма деген ойлор пайда болот".

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, коррупцияга каршы күрөштөн 2022-жылы мамлекетке 11 млрд. 679 млн. 607 миң 984 сом зыян келтирилген. Анын 3 млрд 554 млн 193 миң 960 сому акчалай өндүрүлгөн. Ал эми 5 млрд 701 млн 715 миң 118 сому мүлк катары кайтарылган. Буга мисал катары бала бакчалар, жер тилкелери саналган.

Жыл башында, Transparency International эл аралык уюму дүйнөдөгү коррупциянын деңгээлин аныктаган кезектеги баяндамасын жарыялаган. Ага ылайык, жемкорлук индексинде Кыргызстан мурдагы жылкыдай эле былтыр дагы жалпы 100 баллдан 27 упай гана алган жана 185 өлкөнүн ичинен 140-орунга жайгашкан. Анда аталган уюм расмий Бишкек автократияга ыктап, бийликтегилерге кызмат абалынан кыянат пайдаланууга жол ачылганын эскерткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG