Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:20

Президент абактагылардын шайлоого катышкан себебин айтты


Президенттин талапкерлер менен жолугушуусу. 12-май, 2023-жыл.
Президенттин талапкерлер менен жолугушуусу. 12-май, 2023-жыл.

Узаган жумада өлкө жетекчилиги Бишкектин Ленин округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер менен жолугуп, шайлоодон сырткары абактагы оппозиция өкүлдөрү, коррупция жана кадр саясаты сыяктуу суроолорго жооп берди.

Анда президент Садыр Жапаров Кемпир-Абад иши баштаган орчундуу маселелерге байланыштуу оппозицияны сынга алып, өлкөдө таза шайлоо өткөрүү ниети бар экенин билдирди. Бирок Жапаровдун бул жолугушуудагы айрым билдирүүлөрү талкууга түшүп, ар кандай пикирлерди жаратууда.

Абактан аттанган талапкерлер маселеси

12-майдагы жолугушууга президент Садыр Жапаров баш болгон өкмөт жетекчилиги, Борбордук шайлоо комиссиясы, Ленин округунан ат салышкан талапкерлер жана алардын өкүлдөрү катышты.

Садыр Жапаров өлкөдө бийлик алмашууга алып келген элдик толкундоолорго ыплас шайлоо себеп болгонун белгилеп, талапкерлерди алдыдагы саясий жарышты таза өткөрүү максатында чогултканын билдирди. Таза шайлоо өткөрүүгө бийликтин саясий дагы, техникалык дагы мүмкүнчүлүгү жетиштүү экенин айтты.

Президент абактагы саясатчыларды шайлоого катыштырууга өзү кызыкдар болгонун белгиледи.

“Мен камакта жатканда Текебаев экөөбүзгө мандат Шайлдабекова айым "булар түрмөдө жатат" деп бербей койгон. Бүгүн түрмөдө жаткан үчөө катталып, талапкерликке мандат алды. Шайлоо процессине кийлигишкенге укугум жок. Бирок, 10 күн мурда Нуржан Кармабековнага чалдым, “талапкерлер каттоодон өтүп жатат, түрмөдө жаткандар дагы тапшырыптыр, ошолорго берип коюңуз” деп айттым. Мурдагы катаны кайталабайлы, өтсө өтүп кетет”, - деди Жапаров.

Садыр Жапаров камактагы талапкерлер деп Равшан Жээнбеков, Илгиз Сарылдык уулу жана Акыл Айтпаевди айтып жатат. Бул үч адам былтыр октябрда "Кемпир-Абад иши" боюнча кармалып, андан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат.


Жапаровдун талапкерлер менен жолугушуусу соңку мезгилде мамлекеттик агенттиктин журналисттеринен башка медиаларга маек бербеген учурга туш келди. Буга байланыштуу жыйында абактагы талапкерлердин маселесин эки-үч киши көтөрдү.

Ленин районунан шайлоого аттанып жаткан адвокат Акин Токталиев түрмөдө жаткан үч талапкердин үгүт жүргүзүүдө укугу бузулуп жатканына токтолду.

“Мисалы, Равшан Жээнбеков менен менин тааныштыгым жок. Бири-бирибизди сыртыбыздан тааныйбыз. Алардын укуктары тебеленип жатат деп ойлойм".

Ал эми дагы бир абактагы талапкер Акыл Айтбаевдин кызы Айсулуу Айтбаева атасын теле таймаштарга катыштырууга уруксат берүүнү суранды. Жолугушууга Илгиз Сарылдык уулунун өкүлү болуп келген Төрөбек Жунусов абактагыларды саясий позициясы үчүн камалды деген пикирин айтты.

“Айткандын оозу, ыйлагандын көзү жаман" болуп жатат. “Жетим-Тоо, Кемпир-Абад сыяктууларга өз позициясын билдиргендер жети айдан бери түрмөдө жатат. Мисалы, Бөлтүрүк агабыз сыяктуу өлкөгө миллиондогон зыян алып келгендер үй камагына чыгып кетти. Пикирин билдиргендер айлап түрмөдө отурат”, - деди Жунусов.

Президент Жапаров Токталиевге абактагы талапкерлер бийликти басып алууга аракет жасап, кылмыш кылганы үчүн камалганын, аларга үгүт жүргүзүүгө мыйзам жол бербейт деп жооп берди.

Ал эми теледебаттарга катышуу маселесин тийиштүү органдарга мыйзам чегинде карап көрүүнү тапшырды.

Садыр Жапаров Кемпир-Абад маселеси боюнча камалгандарды “коомго зыян келтиргендер” деп атап, аны коррупция иши менен салыштырбоо керек деди.

“Эми “Кемпир-Абад” боюнча угуп тур. “Позициясын бербей камакта жатат” деп атасыз. Кыргыз мамлекетине 100% пайдалуу чечим болуп жатса, позициядан айланасыңбы? Позицияңды өзгөртүп колдоп бер. Билимдүү адам биринчи кезекте кагазды карайт. Биз бир метр жерди берип жиберсек, каршы чыкса болот. 1 сантиметр жер берген жокпуз. Биз алып келдик бүт баарын. Оппозиция болуп чыкканда дагы жүйөлүү чыксаңар бир жөн. Жердин баарын берип жиберип, туура эмес кылып жатсак, каршы чыксаңар мен дагы тартынат элем. Аны чыгарып, муну чыгарбайсыңар деп Бөлтүрүктү салыштырып жатасыңар. Бөлтүрүк бардык жегенин кайра төгүп берди. Башкы прокуратура баарын төктүрдү. Сенин Шаменов досуңдуку башка кылмыш. Ал төңкөрүш кылам деп көрүнгөн жерге акча берип, блогерлерди жумшап жатпайбы. Айырмасы асман менен жер”, - деди.

Коррупция жана оппозиция

Жолугушууда Жапаров өлкөдө коррупция менен камалгандар мамлекетке акча төгүп абактан чыккан саясат улана берерин кайталады.

Президент коррупцияга айыпталгандарды түрмөдө кармап, мамлекет эсебинен бакканча алардан уурдаган акчаны өндүрүү керек деген позицияны көптөн бери айтып келет.

Бажыдагы коррупция боюнча айып тагылган Бажы кызматынын мурдагы төрагасынын орун басары Райымбек Матраимовдун ишинде да дал ушундай түшүндүрмө айтылган.

Өлкө жетекчилигинин мындай позициясы талкууга түшүп келет. Соңку жолугушуудагы билдирүүсү да ар кыл пикирлерди жаратты. Жарандык активист Евраз Осмонов Фейсбуктагы баракчасында мындай суроо салды.

"Урматтуу юристтер, президентибиздин сөзүн угуп, суроолор пайда болду. Биздин мыйзамдарга ылайык, уурулугу аныкталган адам уурдаганын кайтарса, жазасын өтөгөн болуп саналабы? Анда жогорудагы логикага таянсак, төңкөрүш жасайм деген ниети үчүн камалган адам тобо кылдым десе, дароо акталыш керек эмеспи?".

Камактагы талапкерлердин бири, саясатчы Равшан Жээбеков сот залында президенттин жолугушуусу жөнүндө пикирин билдирди. Анын видеосу 13-майда саясатчынын Фейсбуктагы баракчасында жарыяланды.

“Мен Садыр Жапаровдун оппонентимин. Ошол жолугушууга мени чакырып, алып бара алабы? Бул негизги көрсөткүчтөрдүн бири. Эгерде алып бара турган болсо шайлоо адилеттүү өтүүгө негиз бар деп айтсак болот. Эгерде чакырбай турган болсо кош стандарттуу саясатынын уландысы болуп эсептелет. Дебатка дагы алып барышы керек. Анткени мыйзам бардык талапкерге бирдей шарт түзүүгө милдеттендирет”, - деди Жээнбеков.


Талапкерлер президентке шайлоодон сырткары, күч органдарындагы коррупция, саламаттык сактоо тармагындагы көйгөйлөр жөнүндө суроо беришти.

Мамлекет башчы өлкөдө кадр тартыштыгы бар экенин, кесипкөй адис болсо ким экенине карабай кызматка коерун кошумчалады. Кыргыз-өзбек чек арасындагы келишимдерге дагы кенен токтолду. Айрым талапкерлер жолугушуу үчүн мамлекет башчыга ыраазычылык айтышты.

Талапкерлердин бири Дамира Ниязалиева президентке алкыш айтып, гендердик квота маселесин көтөрдү.

“Сизге чоң ыраазчылык билдирем. Тарыхта болбогон нерсе болуп, үнүбүздү угуп, дем-күч берип, мыйзамды сактоого чакырып жатасыз. Элибиздин атасы, президент катары жакшы кадам жасап жатасыз. 2007-жылы өлкөдө гендердик саясатка шарт түзүлүп, айымдар Жогорку Кеңешке келген. Быйыл жаңы шарттар менен шайлоо өткөндүктөн бир мандаттуу округдан 36 депутаттын арасында бир эле айым бар”, - деди Ниязалиева.

Президенттин талапкерлер менен жолугушуусундагы билдирүүлөрү тууралуу жарандык активист Айбек Теңизбаев мындай деди.

“Депутаттык жогорку саясий макам. Алар адамдар президенттен көз карандысыз болушу керек. Алар президенттин алдына барып, суроо берип, анын сөзүн уккандай деңгээл эмес. Азыртадан президент талапкерлерге жолугуп, акыл-насаатын айткандыгы, “менден көз карандысыңар, мен айтканды кылгыла” дегенге жатат”, - деди ал.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына Бишкектин Ленин округунан абактагы бир нече оппозиция өкүлү, мурдагы министр, экс-депутат, блогер жана ишкер болуп жалпы 32 киши ат салышып жатат. Президент менен жолугушууга алардын канчасы келип-келбегени айтылган жок.

Маселен, талапкерлердин бири оппозициячыл саясатчы Өмүрбек Суваналиев бул жолугушууга катышкан эмес.


Боршайком каттагандар арасында Эркин Булекбаев, Максат Кунакунов, Данияр Тербишалиев, Өмүрбек Суваналиев, Дамира Ниязалиева, Турсунбай Бакир уулу, Ажыбек Касмалиев, Акин Токталиев, Руслан Бекназаров өңдүү саясатчылар жана коомдук ишмерлер бар. Үгүт өнөктүгү 8-майда башталган.

Коомчулукта “Кемпир-Абад иши” деп аталган кылмыш ишине байланыштуу кармалган саясатчылар Равшан Жээнбеков, Акыл Айтбаев жана активист Илгиз Сарылдык уулу дагы талапкер болуп катталган.

Бул аймактан шайланган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Абиров Бишкектеги түнкү клубдардын биринде мушташканы тууралуу маалымат тарагандан кийин мандатын тапшырган. Абиров парламентте “Мекенчил” депутаттык тобунун мүчөсү болгон. Ал бийликтин демилгелерин колдоп келген.

Боршайком жаңы шайлоо жарыялап, кайра депутат тандоо 28-майга белгиленген. №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо аймагынан добуш берүүчүлөрдүн тизмеси көзөмөл иретинде такталды. Ага ылайык, 28-майда 124 671 шайлоочу добуш бере алат. Кайрадан шайлоо өткөрүүгө 18 млн. сом сарпталат деп бекитилген.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG