Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:08

Кемпир-Абад иши: алты ай жүргөн тергөө, "жашыруун" грифинин таасири


Атай Бейшенбек, Жеңиш Молдокматов жана Илгиз Шаменов (үстүңкү катар, солдон оңго карай), Тимур Махмудов, Акыл Айтбаев жана Марат Баязов (астыңкы катар, солдон оңго карай). "Азаттыктын" коллажы.
Атай Бейшенбек, Жеңиш Молдокматов жана Илгиз Шаменов (үстүңкү катар, солдон оңго карай), Тимур Махмудов, Акыл Айтбаев жана Марат Баязов (астыңкы катар, солдон оңго карай). "Азаттыктын" коллажы.

Дээрлик жарым жылдан бери күн тартибинен түшпөй келген Кемпир-Абад иши боюнча тергөө алты айдан кийин жыйынтыкталганы турат. Абакта жаткан саясатчы, укук коргоочулардын жактоочулары соттук жараян июнь айында башталышы мүмкүн экенин айтса, ИИМ буга үн ката элек.

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу абакта жаткандардын иши алар камалгандан алты айдан ашык убакыттан кийин тергелип бүтүү алдында турат.

Бул тууралуу адвокат Бакытбек Автандил “Азаттыкка” билдирди.

“Кошумча айыптар коюлуп, эми тергөөнүн бүткөнүн жарыялоо алдында турат. Алдыда айып тагылгандардын адвокаттарын иш материалдары менен тааныштыруу абзел. Буга кеминде 20 күн, бир ай убакыт керек. Биздин оюбузча, сотко чейинки жараяндар июндун орто ченинде башталышы мүмкүн”.

Бирок бул ишти карап жаткан башкы тергөөчү Улан Жапеков тергөөнүн аяктап жатканына байланыштуу үн ката элек. ИИМдин басма сөз кызматы комментарий берүүдөн баш тартты.

Былтыр октябрь айында Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыккандар “Кемпир-Абадды коргоо” комитетин түзгөн.

Мындан көп өтпөй милиция уюмга мүчө 27 кишини кармап, аларга “массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн”, кийин “бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деген айыптарды койгон.

Кармалгандар болсо мыйзам бузбаганын айтып, камакка алууну "саясий куугунтук" катары баалап келет.

Январь айында Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандардын кылмыш ишине “жашыруун” грифи берилгени маалым болгон.

Март айында Бишкек шаардык соту адвокат Кантемир Турдалиевдин Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандарга козголгон кылмыш ишке “жашыруун” грифин койгон ИИМдин тергөөчүсүнө каршы арызын жарым-жартылай канааттандырганы кабарланган. Бирок сот маалыматты ырастаган эмес.

Баш прокурор Курманкул Зулушев 12-апрелде парламентте түшүндүргөндөй, мамлекеттик конституциялык түзүлүшкө, мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч келтирген оор иштер, өзгөчө оор иштер купуя тергелип, сотто да купуя каралат.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова узакка созулган тергөө процесси кылмыш-процессуалдык мыйзам бузуулар менен коштолгонун, жогорудагы “жашыруун” грифи сот ишинде да маселе жаратышы мүмкүн деген ойдо.

“Кармалган 27 адамдын ортосунда беттештирүү болгон эмес. Бул алардын бири-бирине карама-каршылыгы жок деген ойго түртөт. Экинчи маселе – экспертизалар. Бул иште лингвистикалык, политологиялык жана компьютердик-техникалык экспертизалар жүрдү. Мунун баары мыйзам бузуу менен өткөрүлгөн. Бул жагы кандай болот? Үчүнчүсү – “жашыруун” грифи боюнча. Сот адвокаттардын өтүнүчүн эске алып, иштеги мамлекеттик сырга тиешеси бар томдорду гана жашыруун кароо чечимин чыгарган. Эми алдыдагы соттук процесс жабык өтөбү же ачыкпы? Жабык болсо, жалпы ишти жабык карашабы же жогоруда айтылган мамлекеттик сырга тиешеси бар жерлерин ганабы? Ушул маселелер мени түйшөлтөт”.

Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандар экспертизанын жыйынтыгы менен февраль айынын башында тааныштырылган. Ошол убакта абактагы саясатчы Равшан Жээнбеков алардын кармалышына себеп болгон Бишкектеги Casa Italia кафесиндеги сүйлөшүүгө жүргүзүлгөн лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгын мыйзамсыз жүргүзүлгөнүн сындаган.

ИИМ бул иш “жашыруун” экенин негиз кылып, экспертизанын жыйынтыгы боюнча маалымат берген эмес.

Кемпир-Абад ишине байланыштуу бир катар эл аралык уюмдар, Кыргызстандагы жарандык коом өлкө бийлигине кайрылуу жолдоп, сөз эркиндигин коргоого жана жарандарга саясий куугунтук көрсөтпөөгө чакырып келет. Абакта жаткандар тергөө дээрлик жүрбөй, сурак болбой жатканын айткан. Ички иштер министрлиги кармалгандарга коюлган айып боюнча далил жетиштүү экенин айтса, кыргыз бийлиги камактагылардын күнөөсү бар экенин белгилеген.

Президент Садыр Жапаров 17-декабрда "камалгандар Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылгысы келгенин", жапырт камалгандардын ишине тиешеси жоктугун, ички жана тышкы коопсуздукка күч органдары жооп берерин айткан.

"Ошол камакта жаткандардын дээрлик 90 пайызы жабык эшик артында өтүп турган чогулуштардын баарына бир эмес, эки-үч жолудан катышкандар. Демек, Кемпир-Абад боюнча маселе биздин пайдабызга чечилип жатканын менден жакшы билишкен. Бирок төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба алышпай, ушул Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен. Күч органдары кылдат иштеп, өз убагында басып калышты. Камашты. "Төңкөрүш жасайбыз" деп план түзүп атышса башынан сыламак беле? Эми алардын тагдырын мен чечпейм, сот чечет. Ак болсо актайт. Күнөөлүү болсо соттойт. Мен эч кимисине "чыгарып кой" деп буйрук бере албайм. Кийлигишпегеним үчүн Октябрь окуялары боюнча баарын актап жиберишти. "Соттордун ишине кийлигишпегиле" деп эч кимди кийлигиштирбей жатам", - деген Жапаров.

Сөз болуп жаткан иш боюнча айыпталгандардын көбү - саясатчылар, укук коргоочулар жана саясий көз карашын, бийликтин ишине сын айтып келген активисттер. Саясат талдоочу Тимур Саралаев кылмыш ишти “саясий кейс” деп баалап, бул учурду оппозициялык топ колдонууга аракет кылган деген ойдо.

“Чек арага байланышкан маселенин баары татаал жана сезимтал. Бул социалдык-саясий триггерге айланып кете жаздады. Анын ийне-жибин түшүнгөн бар, түшүнбөгөндөр бар. Анда купуя жана купуя эмес маалыматтар да жетиштүү. Бул орчундуу тема болгондуктан оппозиция аны колдонууга аракет кылды. Бирок айрым маселеде алар аша чаап кеткендир. Айрымдарында сүйлөшүүгө бара албагандыр. Ар кандай аянтчаларда сүйлөшүүлөр болуп жатпадыбы. Диалог курууга толук шарт түзүлгөн. Эмесе президент жолугушууларга бармак эмес да”.

Ал арада Freedom House эл аралык уюму “Дүйнөдөгү эркиндик-2023” аттуу жаңы баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жыл катары менен "эркин эмес" өлкөлөрдүн катарына кошту. Бийликтин дарегине жолдогон кайрылууларында эл аралык уюмдар адам укугун жана эркиндигин коргоого үндөгөн.

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги жана адам укугу корголуп жатканын кайталап жүрөт.

Саясат талдоочу Эмил Жороев Кемпир-Абад иши Кыргызстандын 2022-жылдагы адам укуктары, мыйзам үстөмдүгү, сөз эркиндиги боюнча эл аралык көрсөткүчтөрүнө терс таасир бергенин айтты.

“Сот иши кандай маани-маңыз, далилдер менен башталбасын, мынча убакыт бою ушунча кишини кармап отуруу, кылмыш ишке купуялуулукту берип койгону, мунун баары укуктук-процедуралык чоң мандем бар экенинен кабар берип турат. Эл аралык уюмдар карап турабы же жокпу, бир эле туура нерсе бар. Ал - толук мыйзамдуулукту, адилеттүүлүктү камсыздоо”.

Апрелдин ортосунда Биринчи Май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча онго жакын активист жана саясатчыны үй камагына чыгарган. Калган 16 киши, арасында жалгыз аял Рита Карасартова тергөө абагында калган. Камакта калгандардын жактоочулары апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна даттанган. Бирок шаардык сот алардын арызын канааттандырбай, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG