Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:13

Жогорку Кеңеш: Бийликтин тең салмактуулугу жана элдин үнү


Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышынын президент Садыр Жапаров катышкан жыйыны. 2022-жыл.
Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышынын президент Садыр Жапаров катышкан жыйыны. 2022-жыл.

Демократиялык коомдо парламенттин эркиндиги жана күчтүүлүгү бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулукту кармоодо жана элдин үнүн угузууда чоң ролго ээ. Эгемендик алгандан бери Кыргызстан ар кандай форматтагы бир нече Жогорку Кеңешти көрдү. Алардын тарыхтагы орду өтөгөн кызматына жана жүргүзгөн саясатына жараша ар кандай бааны алды. Эмне себептен парламент бийлик сересинде өз милдетин так аткарууга тийиш? Кубат Оторбаевдин “Демократия баалуулуктары” түрмөгүнүн бул жолку чыгарылышында мына ушул маселе тууралуу сөз болот.

Парламенттин пайда болуу, өнүгүү тарыхы байыркы гректердин жана байыркы Рим дооруна барып такалат. Ал убакта тургундар кайсы бир маселени шаардын ачык жерине чыгып талкуулап, аны чече баштаган. Бара-бара парламент формалдашып, кийин өкүлчүлүк функциясын аткарууга өткөн. Парламенттин негизги дагы бир милдети – бул мыйзам чыгаруу функциясы. Ал өзү жазган мыйзамдардан тышкары аткаруу бийлиги демилгелеген долбоорлорду мыйзам катары кабыл алып берери белгилүү.

Легендарлуу парламент

Кыргызстандын акыркы 35 жылдагы тарыхын ала турган болсок – совет бийлиги тушунда андагы Жогорку Совет негизинен коммунисттик партиянын чечимдерин мыйзамдаштырып, отчётторун бекитип бере турган формалдуу орган болгон. Анын курамын дагы партия аныктап, тизме түзүп, округдарга бөлүп, шайлоо формалдуу өткөн.

Ошентсе дагы совет мамлекети кулаар алдында иштеген Жогорку Совет тарыхта “легендарлуу парламент” деген ат менен калды. Ал депутаттар Кыргызстандын өз алдынча мамлекет алышына негиз түзгөн бир катар декларацияларды, мыйзамдарды, эң негизгиси Конституцияны кабыл алган. Мамлекеттик символдор болгон герб, гимн, тууну жактырып, сомдун киришин колдоп бергени белгилүү. Ал убакты ошол кездеги парламент төрагасы Медеткан Шеримкулов мындай эскерди:

“1990-жылдын 15-декабрында “Кыргыз Республикасынын суверендүүлүгү жөнүндө” декларация кабыл алдык. Анда “Кыргыз Республикасы өзүнүн жаңы Конституциясын, улуттук символикалары – туу, герб, гимни жана улуттук валютасын киргизет” деп жазылган берене бар. Ошонун негизинде комиссия түзүлгөн, анын жетекчиси мен болуп жүрдүм, Казат Акматов жетектеп жүрдү. Эң эле биринчи болуп желекти бекитиш керек болду, себеби чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар менен мамиле түзгөндө желек маанилүү”.

Ошентсе дагы “легендарлуу парламенттин” эң бир принципиалдуу иштеринин бири бул – “алтын комиссиясын” түзгөнү. Турдакун Усубалиев баштаган айрым депутаттар Кумтөр, Макмал кендеринин ишинин мыйзамдуулугун коррупцияга каршы күрөштүн алкагында иликтешкен. Анын жыйынтыгы менен кыргыз алтыны чет мамлекетке чыгарылып кеткени аныкталып, жыйынтыгында Турсунбек Чынгышев өкмөт башчылыктан кеткен.

“Легендарлуу парламент” менен ошол убактагы президенттин ортосундагы карама-каршылыктын түбү – бул Кумтөр болгон. Кумтөр боюнча ишти биз 1992-жылы баштадык, 1994-жылдын 25-28-май күндөрү сессияда карадык дагы “кен боюнча “Камеко” менен Кыргызстандын кызыкчылыгындагы жаңы келишим түзүш керек, аны кузгү сессияга даярдап алып келгиле, жараса ошондо жактырып беребиз” деген чечимибизди чыгарып бердик. Ага карабай 31-майда жашталашып президент Аскар Акаев Кумтөрдү “Камекого” берүү жөнүндө өзүнүн жарлыгын чыгарып отурат, өкмөт өзүнүн токтомун чыгарып жатат”, - дейт Медеткан Шеримкулов.

Ушул окуядан кийин “легендарлуу парламент” 1994-жылы жай-күз айларында өзүн өзү тараткан, башкача айтканда бийликке көз каранды депутаттардын бир бөлүгү өз ыктыяры менен мандаттан баш тартаары белгилүү болгон.

(Видео: "СССРдин кулашы. ГКЧП. Эгемендик". 2021-жылдын 1-сентябрындагы архивдик материал).

Курамдын сапаты: шайлоодогу тандоо

Ал убакта Жогорку Советтин позициясы ушунча бекем болгон – президент министрликке жана элчиликке сунуштаган талапкерлерди өткөрбөй, бекитпей койгон учурлар болуп турган. Парламенттин көз каранды болбой, эркин иштеген учурларын “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын жетекчиси Адахан Мадумаров мындай эскерди:

"Өз кезегинде “Легендарлуу парламент”позициясын принципиалдуу маселелерде коргоп алчу. Мисалы, министрлерди, элчилерди бекитпей койчу. Бекболот Талгарбековду кайра-кайра айыл чарба министрине сунуштаганына карабай, анын талапкерлигин жактырбай коюп ал бир жылдан ашуун “министрдин милдетин аткаруучу” болуп иштеген. Ал эми Салижан Жигитовду Өзбекстанга Кыргызстандын элчиси кызматына бекитпей койгон. Азыркы Жогорку Кеңеш мыйзамдарды үч окуусун 3 секунддун ичинде, көрбөй туруп, окубай туруп, колуна кармабай туруп жактырып берип жатат. Эми коомдк жоопкерчилик тууралуу - ушундай Жогорку Кеңешти курап берген ким? "Баланчанын таякеси экен", "Түкүнчөнүн небереси экен", "Мунун өкүл уулу экен", "Менин жездемдин бөлөсүнүн досу болот экен"... Мына ушундай жол менен, кыргызчылык менен шайланып келген Жогорку Кеңештин кебетеси ушундай болот. Жалгыз эле Жогорку Кеңеш эмес, шаардык кеңешиң да, айылдык кеңешиң да ушундай”.

Жогорку Кеңештин бийлик бутактары ортосунда балансты сактоодо ролу чоң. Муну өз убагында Эл өкүлдөр палатасынын төрагасы болгон Алмамбет Матубраимов 2022-жылдын 13-октябрында парламенттин жыйынында сүйлөп жатып белгилеп, Конституция боюнча депутаттардын президентке импичмент жарыялоого да укугу бардыгын айтып өттү:

“Урматтуу VII чакырылыштын депутаттары, буга чейин 9 жолу өзгөргөн, 13 жолу толукталган Конституцияга ылайык силердин эң мыкты укуктарыңар бар. Сиздерди эч ким кетире албайт. Депутатты жалпы добуштардын үчтөн экиси менен гана жоопко тарта алат. Эгер Конституцияны сактабаса, мыйзамдарды аткарбаса президентке дагы, аткаруу бийлигине дагы импичмент жарыялоого толук укугуңар бар. Парламентте мындай укук эч убакта буга чейин болгон эмес”.

Парламенттик-президенттик башкаруу

2010-жылдын Апрель окуяларынан кийин бийликке келген Убактылуу өкмөт таза шайлоо өткөрүүнү убада кылган. Ошол максатта шайлоо күнү аныкталгандан кийин Убактылуу өкмөт ишин токтотуп, Амангелди Муралиев башында турган техникалык өкмөт ишин баштаган.

2010-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоо өтүп, биринчи орунду "Ата-Журт" партиясы ээлеген. Партия лидерлеринин бири Акматбек Келдибеков Жогорку Кеңештин төрагасы болуп бийликке келген. Ал курамга Социал-демократтар партиясы, "Ар-Намыс", "Республика", "Ата-Мекен" партиялары да кирген.

2010-жылы жайында кабыл алынган Конституцияга ылайык иштеген V чакырылыштагы парламентте оппозицияга кеңири укуктар берилген. Муну Конституциянын авторлору дүйнөдөгү алдыңкы мамлекеттердин тажрыйбасынан улам колдонулганын айтып турушкан.

Атап айтканда, оппозициянын өкүлдөрү Жогорку Кеңештин эң маанилүү делген бюджет, коопсуздук сыяктуу комитеттерин жетектеп, ал эми аткаруу бийлигинин баардык тепкичтеринде майлуу кызматтарда отурган. Мисалы, 2011-жылдан 2015-жылга чейин "Ата-Журт" партиясынын өкүлдөрү сот системасында, прокуратурада, Эсеп палатасында, аткаруу бийлигинде мисалы, Юстиция министрлигин, Маданият, маалымат жана жаштар министрлигин жетектеген.

Бийликтин мындай бөлүштүрүлүшүн оппозицияга цивилдүү мамиле катары эмес, бийлик талашуу катары баалап жүргөндөр да бар. Алардын пикиринде, көп иштер ошол себептен алдыга жылган эмес.

V чакырылышта ондон ашык депутатка кылмыш иши козголгон. Алардын айрымдары соттолуп, кээ бири өлкөдөн чыгып кеткен. Айрымдары кол тийбестигине таянып, жоопко тартылган эмес. Айрым эксперттер жок бул чакырылыш салыштырмалуу ачык-айкын иштегенин айтса, эл арасында сындар да эң көп айтылды.

Ыйгарым укуктары жетиштүү болгондуктан парламенттен элдин күткөнү дагы чоң эле. Бирок Жогорку Кеңеште көпчүлүк коалиция үч жолу бузулуп, кайра түзүлгөнү, беш жыл ичинде өкмөттүн төрт жолу алмашышы, депутаттар, фракциялар ичиндеги ыдырап бөлүнүүлөр элдин нааразылыгын жараткан.

Алты жыл иштеген алтынчы чакырылыш

2015-жылы шайланган VI чакырылыштагы Жогорку Кеңеш коомчулук жана эл арасында ар кандай пикир жаратты. Ал өз ишмердиги учурунда үч президентке кызмат кылып үлгүрдү. Конституцияны эки жолу өзгөрттү. Алмазбек Атамбаевдин бийлиги учурунда шайланып келгенине карабай аны экс-президент макамынан ажыратуу чечимин кабыл алып берди. Ошол учурдагы депутат Абдувахап Нурбаев мындай курамга баасын ортого салган:

“Бул парламенттин эң чоң кемчилиги - парламентаризмди сактап кала албагандыгыбыз. Бул коомдун алдыга жылышы токтоп калды дегендик. Өнүккөн өлкөлөр президент дегенди унутуп алдыга жылып кеткен. Буга депутаттардын парламенттин ролун түшүнбөгөндүгү себеп болду. Анткени алар Жогорку Кеңешке бийлик менен сүйлөшүп алуу, өзүнүн маселесин чечүү үчүн келген да. Алар парламенттин ролу бийликтеги балансты сактап туруу экенин билишкен жок. Ошол эле учурда чындыкты айтып турган депутаттар да болбой койгон жок. Аларды дагы айтып турушубуз кажет”.

VI чакырылыш мөөнөтү бүткөндө тарап кетпестен 2020-жылдын октябрынан кийин келген бийликтин баардык каалоолоруна туура келген чечимдерди мыйзамдаштырып берди. Президент Садыр Жапаров VI чакырылышка мындай баасын бергени бар:

"Алтынчы чакырылыштын маңдайына алты жылдык өмүрдү жазган экен. Жакшы эле иштеп беришти. Көп маселелерди колдоп берди. Бул парламент Октябрь окуяларында тынчтыкты сактап, мыйзам талаасына түшүп кеткенге түрткү болуп берди. Андан кийинки саясий процесстерде дагы жардам беришти. Чоң-чоң иштерди жасады десек болот. Азыр элге билинбеши мүмкүн. Бир топ жылдар өткөндөн кийин бүгүнкү парламент жасаган иштер тарыхта калат”.

VI чакырылышты шайлоого 1 млн. 630 миң 125 жаран катышкан. Ал ирет алты партия жеңүүчү аталган: КСДП - 38, "Республика - Ата-Журт" - 28, “Кыргызстан” - 18, "Өнүгүү-Прогресс" - 13, "Бир Бол" - 12, ал эми шайлоодон акыркы болуп келген “Ата Мекен” 11 мандатка ээ болгон.

2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоо акча жарышына айланып, "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан" жана "Кыргызстан" партияларынын ортосунда күрөш добуш сатуу менен коштолуп, акыры 5-6-октябрда элдик толкундоолор Сооронбай Жээнбековдун бийликтен кетип, абактагы Садыр Жапаровдун алгач өкмөт башчынын милдетин, андан кийин мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу болушу менен аяктаган.

Кийин Конституция өзгөрүп, парламенттик шайлоо жарабаган система катары жокко чыгарылып, Кыргызстан президенттик башкарууга бет алды. Ага жараша парламент менен аткаруу бийлигинин, президент менен парламенттин ортосундагы ыйгарым укуктар бөлүштүрүлүп, "баарына бир адам жооп берген" система орноду.

Президенттик башкаруу формасын артка кайтаруу - бийликке жоопкерчиликти берүүнүн жалгыз айласы катары чечмеленген.

“Бир бутактуу башкаруу системасы болду. Буга чейин үч бутактуу болгон. Парламент өзүн-өзү билчү, өкмөт өзүнчө, президент өзүнчө болчу. Бири-бирине баш ийбейт, эч кимиси жооп да бербейт. Ошондуктан жоопкерчилик бир эле кишиде болсун деп жатабыз. Менин башкаруу мөөнөтүмдө гана эмес, андан кийин келген киши да өзүнүн жеке моюнуна алып, экономикада, ички жана тышкы саясатта керт башы менен жооп бергидей болушу керек”,-деген президент Садыр Жапаров ЖМКга курган маектеринин биринде.

Бирок жарандык коом өкүлдөрү бийликтин бир колго топтолушу авторитаризмге алып барат деген чочулоолорун билдирип келишет.

"Мыйзамдар бузулууда, эркиндик чектелүүдө"

“Тандем” юристтер коомунун эксперти Таттыбүбү Эргешбаева азыркы Жогорку Кеңеш өз ролун так аткара албай жатканы аз келгенсип, регламентти бузуу менен мыйзамдарды кабыл алып жатат деген оюн ортого салды:

“Азыркы парламент нотариалдык функцияны аткарып келатат. Депутаттар президенттин кеңсеси кандай буйрук берсе, ошол берген буйрукка жараша өзгөчө стратегиялык, концептуалдык суроолорду жана мыйзамдык демилгелерди колдоодо. Жогорку Кеңештин буга чейинки VI чакырылыштын, азыркы VII чакырылыштын депутаттары мыйзамдарды көп бузду. Өзгөчө “Регламент жөнүндө” мыйзамды бузуп, процедуралык жана мыйзам тартиптеринен тыш көп мыйзамдарды кабыл алышты. Мунун кесепеттери адам укуктарына тийе баштады, эл аралык рейтингдерде өлкөнүн кадыры төмөн кетүүдө. Айрыкча сөз эркиндигин ченеген рейтингде 50 орунга артка кеттик. Демократиялык көрсөткүчтөр боюнча алты-жети позицияга төмөндөдүк. Канчалык туура эмес мыйзамдар кабыл алынса ошончолук анын таасири тийип атат. Эгер тенденцияны карай турган болсок адам укуктары тебеленип, сөз эркиндиги чектелип, кармоолор, камоолор күчөдү, оппозицияны жок кылууга багытталган иш-чаралар тынымсыз жүрүп келет. Ошондой мыйзамдарды ким кабыл алып берип атат? Албетте, депутаттар. Ошондуктан депутаттар алардын жасаган ар бир кыймыл-аракети түздөн-түз жыйынтыкка таасир берерин унутпашы керек”.

Юрист Таттыбүбү Эргешбаеванын пикири боюнча азыркы парламенттин сапаттык курамына шайлоо системасы терс таасирин тийгизди:

“Шайлоо системасынын конструкциясы ушундай түзүлгөн - кимде акча көп болсо жана ким бийликке жакын болсо ошолор гана көп добуш алып келет. Бул – бир. Экинчиден, кандай гана мамлекет болбосун эгер ал жакта сот системасы көз карандысыз болбосо анда депутаттар ээн-эркин иштей албайт экен, күрөшө албайт экен, себеби, баш көтөргөнүн эле алып барып суракка чакырып, камап коёт. Ошондуктан алар көптөгөн басымга кабылышат экен”.

Эксперт Керим Айдаров азыркы Жогорку Кеңеш алсыз, андыктан буга чейинкидей эле Кыргызстанга парламенттик же парламенттик-президенттик башкаруу формасын кайра алып келүү зарыл деген ойдо:

“Азыркы учурда парламентте эркиндик толук жок десек болот. Беш-алты депутатты айтпаганда парламент толугу менен көз каранды парламент катары калыптанып калды. Эгер демократиялык коом курабыз десек бүгүнкүдөй Жогорку Кеңештин кереги жок. Жеке көз карашымда парламенттик же болбосо парламенттик-президенттик башкаруу системасын кайра кайтарышыбыз керек. Буга чейинки парламенттердин – тээ “легендарлуу парламенттен” өткөн чакырылышка чейинкилерде күч бар эле, деңгээл бар эле. Азыркы парламент алсыз деп ойлойм”.

Жогорку Кеңештин өзүнө айтылган сындарга төрага Нурланбек Шакиев жооп берип, азыр парламентте акылдуу, өз позициясын коргой ала турган депутаттар жетиштүү деген пикирин айтып келатат. Өткөн аптада ал “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын башчысы Адахан Мадумаровдун сынына жооп берип жатып, ушундай оюн ортого салды.

Парламент баланс сактоочу ролдо

Азыркы парламенттин ыйгарым укуктары мурдагы чакырылыштардыкынан бир топ кыскарган. Алсак, аткаруу бийлигинин мүчөлөрүн жана сот бийлигинин курамын аныктоо, кызматка коюу жана алуу сыяктуу бир катар укуктар жаңы Конституцияга ылайык президентке өткөн. Мунун кесепетинен бийлик бутактарынын ортосундагы баланс сакталбай жатат деген пикирлер айтылып келет.

Парламенттин дагы бир ролу бул – оппозициянын көчөдө эмес, өз пикирин парламентте айтып турганы. 2007-жылы Курманбек Бакиевдин тушунда жалаң “Ак жол” баштаган партиялар парламентти ээлеп, негизги оппозициялык партия “Ата Мекендин” добушу уурдалганы көп ирет айтылган. Мунун аркасында оппозиция президент Курманбек Бакиевден реформаларды талап кылып, 2010-жылдын Апрель окуяларына чейин митингдерди тынымсыз өткөрүп турушкан.

  • 16x9 Image

    Кубат Оторбаев

    "Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусунун алып баруучусу жана саясат, экономика, эл аралык алакалар багытында баяндамачы. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG