Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:54

"Түрмөгө түшөсүң". "Кыргызиндустриясы" короткон миллиондор


"Кыргызиндустриясынын" алдында "Кыргыз топчу" ишканасы ачылган. Кыргыз өкмөтү тараткан сүрөт.
"Кыргызиндустриясынын" алдында "Кыргыз топчу" ишканасы ачылган. Кыргыз өкмөтү тараткан сүрөт.

Жогорку Кеңеште өкмөткө караштуу "Кыргызиндустрия" ачык акционердик коому миллиондогон сомду негизсиз короткону айтылды. Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин 16-майдагы жыйынында аталган ишкананын жетекчиси Жарасул Абдураимовго "түрмөдө отурасыз" деп камаларын эскерткендер да болду.

"Кыргызиндустриясы" 2021-жылдын аягында түзүлгөн жана өкмөт өндүрүш, өнөр жай ишканаларын жандантуу үчүн 1 миллиард сом бөлүп берген.

"Кыргызиндустриясынын" айланасындагы соңку талаш-тартыштардан улам, азыркы бийликтин ири долбоорлору болгон "Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун" жана ачылганына жыл айланбай жоюлуп кеткен "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин жагдайы, андагы бийликтин жоопкерчилигине байланыштуу маселе көтөрүлдү.

Айлыкка кеткен акча, ачылган ишканалар

Парламентте "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынан депутат Жеңишбек Токторбаев "Кыргызиндустриясы" ишканасы короткон каражатка байланыштуу бир топ маалымат жарыялады.

Анда Эсеп палатасынын текшерүүсүнө таянып, айлыкка эпсиз каражат жумшалганын билдирди.

Токторбаев 65 адам иштеген жамааттын бир президентинен сырткары төрт вице-президенти, аппарат башчысы, жетекчинин эки кеңешчиси жана бир жардамчысы бар экенин сынга алды.

Жеңишбек Токторбаев.
Жеңишбек Токторбаев.

"Сиз (Жарасул Абдураимов - ред.) 170 миң сом айлык алат экенсиз. Вице-президенттериңиз 130 миң сомдон, кеңешчилериңиз 120 миң сомдон айлык алат экен. Бул жерде төрт вице-президенттин эмне кереги бар? Өзүңүз эле жетишесиз да. Болгону 65 киши иштеген жерде бир президент, төрт вице-президент бар экен. Мындай Америкада да жок. Жети миллион калк жашаган өлкөдө бир президентибиз эле бар. Башкармалыктын башчысы 120 миң, эксперттериңер 85 миң, бөлүм башчылар 90 миң сомдон айлык алат экен", - деди Токторбаев.

"Кыргызиндустриясы" ишканасы 2021-жылдын аягында түзүлгөн жана анда уставдык капиталы 1 миллиард сом болору айтылган. Өкмөт ишкананын алдында өнөр жайды, өндүрүштү чукул арада жандантууга байланыштуу бир катар тапшырма турганын билдирген.

"Бул ишкананын түзүү - инвестицияларды тартуу, эл аралык корпорациялар менен өз ара аракеттенүү, биргелешкен ишканаларды түзүү боюнча чараларды ыкчам жана өз алдынча жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Мамлекеттин атынан жалгыз акционер болушу жарандарга жана инвесторлорго ийгиликтүү өнүгүүгө кепилдик берет жана саясий тобокелдикти азайтат. Бул компанияны түзүү келечекте бизнес жүргүзүүнүн заманбап шарттары талап кылган милдеттердин бүтүндөй комплексин чечүүгө мүмкүндүк берет. Жылдык жана кварталдык отчёт берүү аркылуу туунду ишканалардын ишинен жана өзүнүн ишмердүүлүгүнөн алынган финансылык ресурстарды натыйжалуу жана ачык бөлүштүрүү болот", -деп жазылган өкмөт тараткан маалыматта.

"Кыргызиндустриясына" түзүлгөн күнүнөн тартып эле сегиз ишкана берилген. Алар:

"Манас теги" (93,43% акция), "Дустлик" (85,15% үлүш), "Ош-Дюбек" (40,0% үлүш), “Контролдук-сыноо приборлору жана автоматика борбордук лабораториясы” ачык акционердик коому (74,47 % үлүш); “Кара-Кулжа автотранс”(70,01 % үлүш);, “Минтеке ТТ” механикалаштырылган көчмө колонна” (100,0 % үлүш), "Ташкөмүр” (96,94 % үлүшү); Абсамат Масалиев атындагы “Беш-Буркан шахтасы” (95,69 % үлүш).

"Кыргызиндустриянын" башчысы Жарасул Абдураимов буга чейин токтоп турган үч ири ишкана жанданганын, "Кыргызчеттранс", "Кыргыз темир мык", "Кыргыз кыш", "Кыргыз топчу", "Алай барстары", "Кыргыз электроника", "Көк алма", "Кыргыз фарфор", "Кыргыз бакча", "Кыргыз керамзит", "Жемиш кампа", "Бикей медикеар", "Шумкар энерго", "Кыргыз пластик", "Кыргыз стиль" жана "Кыргыз анимация" деген жалпысынан 20дай өндүрүш ишканасы ачылганын маалымдаган.

Депутат Токторбаев Жогорку Кеңеште жаңы ишканалардын ачылышын айыптады. Абдураимовду негизсиз акча коротууга күнөөлөп, каражатты мамлекетке кайтарып берүүнү талап кылды.

"Сизге сегиз мамлекеттик ишкананы жандандыруу үчүн 1 млрд. сом бөлүнүп берип жатат. Өкмөттүн токтомун одоно бузуп, иштебей турган ишканалардан башка ишканаларды ачуунун кереги бар беле? Сиз 843 миллион 504 миң сомду жоготупсуз, аны 19 ишканага бөлүп бергенсиз. Ал эми 1,5 жыл ичинде тапкан кирешеңиз - нөл. Калган 54 миллион сомду 65 кишиге айлык катары таркатып бергенсиз. Каражатты максатсыз пайдаланганы үчүн 1 млрд. сом түгөнүп, азыр 300 миллион сом карыз болуп, 65 адам үч айдан бери айлык албай отурат. Муну "мамлекетти тоноо" деп койсо болот. Сиз 1,5 жыл ичинде 2 млн. сомдон ашык, төрт вице-президентиңиздин ар бири 1,7 миллион сомдон ашык айлык алыпсыздар. Жарасул Осмоналиевич, чукул арада бул акчаны кайтарып беришиңиз керек. Болбосо түрмөгө отурасыз. Түрмө сизди күтүп, ыйлап турат. Бул мамлекеттин, элдин акчасы. Анын баарын табакташтарыңыз, чөнтөктөштөрүңүз менен ордуна коюп коюңуз. Кызматтан өз эркиңиз менен арыз жазып кетиңиз. Пенсия курагындагы адам экенсиз, Алайга барып, кымыз ичип жатыңыз. Сизде бир гана "Кыргыз мык" деген ишкана бар экен. Аны дагы жеке ишкер менен келишим түзүп, анын 70% силер, калган 30% каржылайт экен. Ошол иштеп жатыптыр. Азыр мыктын баасы базарда 120-130 сом болсо, силерде 90 сом экен. Бул жетишкендиктен башка силерде эч нерсе жок. Ооба, сиз менен талаша албайбыз, сиздин "крышаңыз" жакшы", - деди Токторбаев.

Жарасул Абдураимов жыйында Эсеп палатасы "туура эмес маалымат" бергенин шардана кылды. Айлык акынын көлөмүн өкмөт менен макулдашканын, өз ишин билген адистер иштеп жатканын айтты:

Жарасул Абдураимов.
Жарасул Абдураимов.

"Акционердик коомдордо Директорлор кеңеши болот. Бизде андай жок. Ошонун жоктугунан, түзүм чоң болбошу үчүн ушундай түзүм сунушталган, ал иштеп жатат. Бүгүнкү күндө Эсеп палатасы дагы адашат экен. Учурда Эсеп палатасынын актысы жокко чыгарылды. Баары текшерүүдөн өттү. Акыркы тыйынына чейин текшерилди. Биз түзүп жаткан ишканалар эки жылдан үч жылга чейинки аралыкта долбоордогу кубаттуулугуна чыгат. Эгер биз 1 миллиард сом уставдык фондго алсак, биз түзгөн ишканалардыкы 3 миллиарддан ашкан. "Кыргызиндустрияда" ашыкча түзүм жок. Өнөр жай деген өнөр жай. Ал жакка адистерди чакыруу абдан кыйын. Бүгүнкү иштеп жаткандардын баары тең бул тармакта көп жылдан бери иштеген, бул тармакты жакшы билген адистер. Алардын маянасы Министрлер кабинети менен макулдашылган. Бүгүнкү күндө 50дөй гана адам иштейт. Отуз чактысы жаңыдан түзүлгөн ишканалардын жетекчиси болуп кошумча иштеп жатат. Ишкана түзүлдү. Түзүлгөнгө чейин ага жетекчи болгон адам техникалык-экономикалык негиздемелерин жасады, бизнес-пландарын түздү, ошол айлыкты алып жатты. Азыр эми жаңы түзүлгөн ишканаларга жетекчи болуп кетип жатат. Ошондо бизде 20дай гана адам калат жана түзүм дагы өзгөртүлөт".

Абдураимов "Кыргызсиндустриясынын" 2021-жылдын аягында түзүлгөнүнө карабай иш былтыр сентябрда башталганын ырастады.

"Башкы максаттарыбыз - мамлекеттик ишканаларды натыйжалуу башкаруу, жаңы ишканаларды түзүү, анын негизинде импорттолуп келген бир топ буюм-тайымдарды өзүбүздөн чыгаруу болчу. Ушул максаттардын үстүнөн иштеп жатабыз. Биз 2021-жылдын декабрь айында түзүлгөнбүз, бирок каржылоо 2022-жылы апрелде башталган. Бирок ошол маалда кайсы базанын негизинде түзүлөрү чечилген эмес. Былтыр сентябрь айында гана "Бишкек штамп" заводунун кээ бир цехтери өтүп, иш башталды. Бирок ага чейин башка ишканаларды түзүп баштадык эле. Биз жогорудагы цехтерди сентябрда алганда абалы абдан жаман болчу. Биз үч цехти толугу менен оңдоп, азыр ал жерде "Кыргыз бетон курулуш", "Кыргыз топчу", "Кыргыз темир мык" жана жакында "Кыргыз зоот" ишканасы иштегени жатат. Уставдык фонддогу акчанын 85% жаңы ишкана түзүүгө кетти. 8-9 ай аралыгында 19 ишкана ишке кирди. Бүгүнкү күндө "Кыргызиндустриясынын" алдында 100дөн ашык долбоор даярдалып жатат. Жаңы ачыла турган ишканаларга байланыштуу 26 долбоор даяр. Азыр "Кыргыз мык" менен "Кыргыз топчу" иштеп жатат. Ал гана эмес жакшы топчулар чыгууда. Азыр италиялык линия келди".


Деген менен Абдураимов ишканаларды өткөрүп алууда кыйынчылыктар бар экенин мойнуна алды.

"Бүгүнкү күндө бизге берилди деген ишканалардын бирөө дагы инвентаризациядан өтө элек. Биз аларды кагазга жазып койсо эле дароо өткөрүп албайбыз. Алардын акциясын гана бизге башкарууга берген. Ар бир ишкананы техникалык инвентаризациядан өткөрмөйүнчө албайбыз. Эки эле жума болду, мына, сиз айтып жаткан "Дустлик" деген ишкананын акционерлеринин жыйынын араң өткөрдүк. Мисалы, "Ош Жибек" деген ишкана акционерлер жыйынын үзгүлтүккө учуратты. Ишканаларды өткөрүп алууда кыйынчылыктар көп. Себеби, ошол акциянын баасында турган мүлктүк комплекстер жок. Биз Мүлк фондуна "качан бизге өткөрүп бергенде гана ошол ишканаларда иш баштайбыз" деп айтып жатабыз. Бул ишканалардын баары "Кыргызиндустриясына" жөн гана жүктөлгөн ишканалар. Ошон үчүн азыр иш баштай албай отурабыз".

Бөлүнгөн 203 миллион сом, алынган 10 "КамАЗ"

Бул жыйында жүк ташуу менен алектенген "Кыргызчеттранс" ишканасы тууралуу өзгөчө сөз болду. Депутат Токторбаев миллиондогон сомго он гана жүк ташыган машина алынганын билдирди.

"Мынакей, "Кыргызчеттранс" логистикалык компаниясына сиз 203 миллион 626 миң сом бөлүпсүз. Болгону оң "КамАЗ" алыпсыз. Анан 5 гектар жерге база курупсуз. Ошол базага 10 миллион сом жумшалгандыр, калган акча кайда? Сиз алган бир "КамАЗ" 300 миң доллар турабы? Мына менин бир иним кечээ жүк ташыган машинаны 58 миң долларга алды".

Жарасул Абдураимов 10 "КамАЗ" алынганын ырастады, андан сыртары Ош шаарынын четинде беш гектар жерге жүк ташыган автоунааларды тейлеген атайын база курулганын маалымдады.

"Ошко барып калсаңыз ошол ишканага кирсеңиз. База курулган жер бизге үлүшү менен кирген. Жер биздин өнөктөшүбүздүкү. Биз Ош облусунан жер ала албай койгонбуз. Жер шаарга карайт. Ноокатты көздөй кетип жаткан жолдо. Менимче, түштүк боюнча чоң жүк ташыган машиналардын андай базасы жок. Себеби ал жерде ремонт кылууга керектүү бардык жабдуулар алынды. "Кыргызчеттранс" менен Кытай Республикасынын биргелешкен иши башталды. "Кыргызчеттранс" эмне себептен ачылды эле? Себеби Кытайга, Өзбекстанга жана Түркмөнстанга мамлекеттик гана жүк ташыган компанияны киргизип жатат. Жеке ишканаларды киргизбегенинин себеби - "техкароосу, медкароосу" жок экен деген шылтоо болуп жатат. Бул жаатта Ош облусу менен Шинжаңдын башчыларынын биргелешкен протоколдору да бар. Ошонун негизинде ачылган. Ишкана киреше таап жатат. Кирешеси 10 миллион сомго чейин чыга баштады. Азырынча он эле "КамАЗ" алынды. Биз Кытайдын "Шахман" деген компаниясына ошол базаны ижарага дагы бердик. Ошол жерде Борбор Азия боюнча базасы ачылды. Буюрса бир жылдан кийин "Кыргызчеттранс" мамлекеттин жүзү катары четке чыга турган ишкана болуп калышы мүмкүн".

Деген менен депутат Алишер Козуев жеке ишкерге таандык жерге миллиондогон сомго база курулганын сынга алды.

"Сиз өзүңүз ишиңизди кынтыксыз деп айтып жатасыз. Ошол эле маалда биздин кесиптештердин сөзүнө кулак салбай, аны жалганга чыгарып жатасыз. Мен Эсеп палатасынын жаңылганын өмүрүмдө биринчи жолу угуп атам. Эгер алар силерди туура эмес каралаган болсо, алар дагы жооп бериши керек эле. Мен ошол жерде чоңойгон жигит катары айтайын. Туура беш күн мурда ошол жолдон өттүм. Сиз айтып жаткан бир дагы машинаны көргөн жокмун. Сиз аркы-берки мамлекеттерден машиналар кирип-чыгып жатат деп айтып жатасыз. Балким ичинде техникалык тейлөөлөр ачылган болушу мүмкүн. Бирок сыртынан эч кандай кыймыл байкалган жок. Анан кайсы жактан 10 миллион сом түшүп жатат? Мен жоопторго канааттанган жокмун".

Комитет жыйынында кандайдыр бир чечим кабыл алынган жок. Кийинки көчмө жыйында "Кыргызиндустриясынын" өзүндө өткөрүү, жаңы түзүлгөн ишканалардын абалы менен таанышуу сунушу колдоо тапты. Депутаттар "Кыргызиндустриясына" качан барары азырынча белгисиз.

"Кыргызиндустриясы"
"Кыргызиндустриясы"

Мунун алдында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров топ "Кыргызиндустриясына" таандык "Бишкек штамптоочу заводу" баштаган ишканалар менен таанышып чыккан, өкмөттүн басма сөз кызматы "заводдун мүлкүн инвентаризациялоо, карыз маселелерин, анын ичинде Социалдык фондго тиешелүү карыздарды чечүү, өндүрүш объектилерин үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу тууралуу тапшырмалар берилгенин" билдирген.

Бул жерде келечекте ири Технопаркты түзүү пландалганын кошумчалаган. Зваоддун ичинде "Кыргызтопчу", "Кыргызтемирмык", "Кыргызэлектроника" жана "Кыргызбетонкурулуш" өңдүү өндүрүш ишканалары иштей баштаганы жазылган.

Абдураимов баскан жол: сыймык жана сын

Ушул жерден "63 жаштагы Жарасул Абдураимов тууралуу учкай маалымат айта кетели. Ал Урал полтихникалык институтун 1984-жылы аяктаган жана союз ураганга чейин Кыргыз ССРинин 50 жылдыгы атындагы заводдо иштеген. Бул заводду 1993-1995-жылдары башкарган. 1995-1996-жылдары "Дастан" ишканасына жетекчи болгон. Андан кийин бир топ ишканаларда жетекчилик кызматтарда жүргөн.

Абдураимов 2013-2015-жылдары “Кумтөр Голд Компани” ишканасында иштеген. “Ысык-Көл облусунда өнөр жайды өнүктүрүү жана жумушчу орундарды түзүү” долбоорун жетектеген. 2020-2021-жылдары өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болгон. 2021-жылдын июль айынан 2022-жылдын январь айына чейин экономика жана коммерция министринин орун басары кызматын аркалаган. 2022-жылдын январь айында "Кыргызиндустриясына" президент болуп дайындалган, ошол эле жылдын апрель айында кошумча “Кыргызалтын" ишканасына башчы болгон, сентябрда бул кызматтан кеткен.

Анын төрт вице-президентинин бири Жыргалбек Сагынбаев. Башкы прокуратура 2022-жылы мартта ал Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетин жетектеп тургандагы ишине байланыштуу кармалганын билдирген. Анда кызматкерлерге "5 миллион сомдон көп каражатты мыйзамсыз түрдө сый акы катары бергени" айтылган. Башкы көзөмөлдөөчү орган жана Сагынбаевдин өзү камактан качан чыкканы, кылмыш иши эмне менен аяктаганы тууралуу маалымат берген эмес.

Жарандык активист Мавлян Аскарбековдун пикиринде, Абдураимов өндүрүш жаатында тажрыйбасы мол адистердин бири.

"Биринчиден, депутаттардын арасында өндүрүш, өнөр жай тууралуу түшүнүгү жок адамдар бар. Жарасул Абдураимовдун өмүр таржымалын карай турган болсок, СССР убагында, андан кийин эгемен тарыхыбызда ири фабрикаларды башкарып, ишке киргизип келген жападан жалгыз кадр деп айтсак болот. Себеби, бизде ошол заводдорду башкарган орустардын, жөөттөрдүн көбү 90-жылдары көчүп кеткен. Ошолор менен теңата иштеп, завод-фабрикаларды башкарып келген жалгыз кадр Жарасул Абдураимов. Анын өндүрүш тармагындагы байланышы өтө күчтүү. Аларга каражаттын бөлүнгөнүнө бир жыл да боло элек. Ишинин азыркы жыйынтыгы катары канча ишкана ачылганын көрсөтсөк болот. Эки жылдан бери иштеп жаткан өкмөттүн башка бир да тармагында мындай алгылыктуу иш болгон эмес".


Деген менен талдоочу Төлөгөн Келдибаев Абдураимов президенттин Ош облусундагы өкүлү болуп турганда ийгиликтүү өндүрүшчү, реформатор катары коомчулуктун эсинде калбаганын, бул кызматка кокусунан келип калганын айтты.

"Ал 2020-жылы элдик төңкөрүштөн кийин бактысы ачылган инсан десек болот. Бир тууган агасынын (Каныбек Осмоналиев - ред.) кадыры менен Ош облусунун губернаторлугуна келип калды. Келгенден кийин деле жарытарлык, көрүнүктүү иш кылган жок. Садыр Жапаров анын кайсы эмгегин эске алып, аны бул кызматка алып келгенин билбейм. Губернаторлукка келгенден кийин деле буга чейинки ийгиликтери, көрөгөчтүгү, кадыр-баркы, саясий салмагы, ишке жөндөмдүүлүгү, тажрыйбасы эске алынышы керек эле".

"Кыргызиндустриясынын" айланасындагы талаш-тартыштардан улам, азыркы бийликтин ири долбоорлору "Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун" жана ачылганына жыл айланбай жоюлуп кеткен "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин жагдайын, бийликтин жоопкерчилигин эстегендер болду.

Улуттук коопсуздук комитети 18-майда аталган фонддун башчысы Елена Калашникова жана вице-президенти "коррупция" беренеси менен камакка алынганын билдирди. Бул ишкана былтыр мартта түзүлүп, анын уставдык капиталы 1 млрд. сом деп белгиленген.

"Улуу көчмөндөр мурасы" болсо ушул жылдын февраль айында жоюлган. Анын алдында "Кумтөр" ишканансы бул холдингге алты айда 32 долбоорду ишке ашыруу үчүн 1 миллион 908 миң доллар жумшаганы ачыкка чыккан. Холдингге жетекчи болгон Тенгиз Бөлтүрүк "Кумтөрдөгү" коррупцияга байланыштуу камалып, ушул айдын башында үй камагына чыккан.

Убагында Улуттук холдинг кен казуу, гидроэнергетика, билим берүү, туризм жана башка тармактарда 30дан ашык ири долбоорду ишке ашыруу планын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG