Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:09

Rest Point: ажатканага байланган туризм жана ага корогон акча


Кеминге курулган Rest Point.
Кеминге курулган Rest Point.

Туристтик сезон алдында “Туризмди өнүктүрүү фонду” ишканасынын айланасында чыр күчөдү. Атайын кызмат ишканадагы коррупцияга байланыштуу кылмыш ишин козгоду.

Ажаткана жана туризм

Жогорку Кеңештин 4-майдагы жыйынында бир катар депутаттар “Туризмди өнүктүрүү фонду” ишканасынын жетекчиси Елена Калашникованын ишмердүүлүгүн кескин сынга алды.

Бюджеттен бөлүнгөн 1 млрд. сомдун дайыны, эс алуучулар үчүн ажаткана жана ишкана короткон чыгымдар негизги тема болду.

Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов Калашникова туристтик аймактарда курулуп жаткан Rest Point же ажаткананы гана жарнамалап жатат деп нааразы.

“Сиз ажатканалар жөнүндө эле айта бересиз. Биздин республиканы андан башка сонун кылып көрсөтчү жаратылышы бар. Ажатканалар катардагы эле иш болушу керек. Ажаткана өлкөсүндөй пиар кыласыз”, - деди депутат.

Калашникова депутаттын сөзүн дароо четке кагып, Кыргызстандагы туризмди комплекстүү жарнамалап жатканын айтты.

Бир нече депутат ажатканалардын курулушунун баасын сындап чыгышты. Елена Калашникова сөз бир гана ажаткана эмес, эс алуучулар үчүн атайын жай экенин түшүндүрдү.

Елена Калашникова
Елена Калашникова

“Rest Point борборуна - ажаткана, соода жана эс алуучу, жуунучу жайлар, намазкана кирет. Саркынды сууларды тазалоочу жай бар. Ушундай бир имаратка орто эсеп менен 9 млн. сом коротулду”, - деди Калашникова.

Калашникованын айтымында, туристтик эс алуучу жайларды куруу үчүн 113 млн. сом бөлүнүп, өлкөнүн ар кайсы аймагындагы 68 жерге салынып жатат.

Ал бир ажаткана салуу дагы кыйын болуп жатканын, өкмөттө курулушка бюрократия көп экенин белгилеп өттү. Ошондой эле төрт айдан бери текшерүү жүрүп жатканын кошумчалады.

Туризм үчүн 257 млн. сомго эмне жасалды?

Чынында эле Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Туризмди өнүктүрүү фондунун ишмердигин текшерип, атүгүл мекеменин кеңсеси жана Калашникованын үйүндө тинтүү жүргүзүлгөнү буга чейин айтылып жаткан.

Парламенттеги жыйында бул маселе утур-утур көтөрүлүп, УКМКнын төрагасынын орун басары Тимур Шабданбеков баштаган күч органдарынын өкүлдөрү маалымат берди. Анын айтымында, туристтик эс алуу жайларын куруу долбоорун ишке ашырууга байланыштуу "коррупция" беренеси боюнча иш козголгон.

Парламент жыйынында дал ушул кылмыш иши жөнүндө кеңири маалыматка ээ болгон Елена Калашникова УКМК ишкананы жана анын үйүн тинтүүгө алганын ырастап, бирок коррупция беренеси боюнча жаңы гана укканын билдирди.

Калашникова ар бир тыйындын сарпталышы боюнча жооп берүүгө даяр экенин, мамлекет туризм тармагына көңүл буруп жатканын белгиледи. Ал кош жарандуулугу жөнүндө суроого жооп берип жатып, Орусиядан 30 жыл мурда келип жарандык алганын жана орус паспорту дагы сакталып калганын айтты.

Калашникованын айтымында, 2022-жылга “Туризмди өнүктүрүү фондуна” 1 млрд. сом бөлүнгөн. Учурда анын 257 млн. 67 миң 294 сому коротулган. Калган акча ишкананын эсебинде турат.

Депутаттар туристтик сезон мына башталат деп турганда туризм тармагындагы башаламандыктар үчүн бийликтин кадр саясатын сындашты. Депутат Эмил Токтошев бул ишкананын түзүлгөнүн туура эмес деп эсептейт.

“Мен былтыр ушул фонд ачылат дегенде эле каршы чыккам. Мамлекет бизнес менен алектенбеши керек. Ушул жакка кеткен акчаны туристтик жеке менчик фирмаларга пайыз менен берип, тапшырма бергенде бардыгын так аткармак”, - деди.


Токтошев мындан сырткары Туризм департаменти дагы бар экенин эске салып, эмне иш кылары белгисиз деп сындады. Бирок парламентте жаңы түзүлгөн ишкананын ишинин жыйынтыгын кыска мөөнөттө баалоо туура эмес дегендер болду.

Елена Калашникова ким?

Елена Калашникова ишкана жетекчилигине өкмөттүн сунушу менен макул болгонун билдирди. Ал буга чейин өзү негиздеген Ak-Sai Travel туристтик компаниясынын башчысы болгон. 25 жыл мурда түзүлгөн Ak-Sai Travel өлкөдөгү туризм тармагындагы белгилүү фирмаларды бири.

Көп жылдардан бери эле кыргыз бийлиги туризмди өнүктүрүүнү жолго салуу зарылдыгын белгилеп келет. Жакында эле президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков журналисттерди өлкөдө болуп жаткан кырсыктар жана кылмыштар тууралуу жаңылыктарды жазуудан карманууга чакырды.

"Кырсык, кылмыштарды, зарылчылык болуп баратса, кыргыз тилинде, майда шрифт менен жаңылыктын эң арткы бөлүгүнө жазсак. Дегеле жазбай, таратпай койсок деле мүйүз чыгып кетпейт", - деген Орунбеков 2-майда Фейсбуктагы баракчасына жазган кайрылуусунда.


Туризм тармагындагы серепчи Максат Дамир уулу мамлекеттик ишкананын айлансындагы кырдаалга мындай деди.

“Парламентте кыргызча же англисче сүйлө деген туура эмес. Ал тармакка байланыштуу эмес да. Бир чети Жогорку Кеңештин милдети көзөмөлдөө. Фонд түзүлүп жатканда алар колдоп берген, ошондуктан көзөмөлдөп жатат. Фонд түзүлүп, мамлекеттен жакшы суммада акча бөлүп бергени жакшы көрүнүш. Бирок ал каражаттар кандай жумшалганын тергөө көрсөтөт. Анан парламентте ажаткананы кечке айтып жатасыңар дегени туура эмес. Туризмдеги кызмат көрсөтүүнүн сап башында бардык шарты бар ажаткана маселеси турат”, - деди ал.

"Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" деп аталган ачык акционердик коому 2022-жылдын март айында түзүлүп, уставдык капиталы 1 млрд. сом деп белгиленген. Фонд туризмди өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруу жана инфраструктураны жакшыртуу менен алектенет. Жогоруда депутаттар сынга алып жаткан Rest Point борбору биринчи Кеминде курулган.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG