Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:03

Түркия: Кыштан качкан европалыктар, турист тоскон мекендештер


Анталия шаарындагы мейманкана. Түркия.
Анталия шаарындагы мейманкана. Түркия.

Расмий маалыматтар боюнча быйыл сегиз айда эле Жер ортолук деңиздин жээгине Европадан 10 миллиондон ашык турист барган.

"Жумуш болсо калмакпыз"

Кыргызстандык Азамат Табылдиев Түркиянын чет өлкөлүк туристтер көп каттаган Алания аймагындагы мейманканалардын биринде жаздан бери иштейт. Ал келишим аркылуу келип, октябрга чейин иштеши керек. Бирок быйыл Түркиядагы туристтик сезон 15-ноябрга чейин узарганына Азамат кубанып турат.

Азамат Табылдиев иш ордунда. Анталия.
Азамат Табылдиев иш ордунда. Анталия.

"Бизге жетекчилик жумушту узартуу боюнча октябрдан кийин жооп бере турганын айтышты. Негизи ошол убакта келишимибиз бүтөт. Азыр түрктөр да таң калып жатышат, 20-октябрга чейин мейманканалар бош эмес. Андыктан ноябрга чейин жумуш туруктуу. Анан убактыбыз жакындаганда жумушубуз уланабы же жокпу, бизге айтышат".

Анталия шаарындагы мейманканада иштеген дагы бир алатоолук Адина Кыргызстанга кайтып барганда кышында иш табуу кыйын дейт. Ошондуктан сезон узарып, жумуш болуп турганы ага да жакшы.

"Жумуш берүүчү сезон кайсы айга чейин болорун айта элек. Негизи кышкы сезонго калганыбыз жакшы эле болот го. Анткени Кыргызстанда кышында жумушка орношуу кыйын. Түркияда чет өлкөлүктөр минималдык айлыкка иштет. Майрам күндөрү иштесек, акчабыз эки эсе кошуп төлөнөт. Сегиз сааттык жумуш убактысынан ашыкча иштесең, кошумча төлөп беришет. Кудайга шүгүр, айлык көп болбосо да жетиштүү".

Туристтик сезондо келген кыргызстандыктар негизинен мейманканада, дүкөндө жана тейлөө кызматтарында иштейт. Дээрлик бардык келишимдерде эмгек акы лира менен көрсөтүлгөн. Ал эми Түркиядагы минималдык айлык 5000 лирадан бир аз гана жогору. Ушул тапта доллар кымбаттап кеткендиктен айлык акы орточо эсеп менен 274 долларды түзөт.

Анталиядагы беш жылдыздуу мейманканалардын бири.
Анталиядагы беш жылдыздуу мейманканалардын бири.

Анталия: мейманканаларда бир миллион жумушчу иштейт

Анталия аймагында туристтик сезон узарышы ыктымал экени "Түрк саякат агенттиктери бирикмесинин" (TÜRSAB) Жер ортолук деңиз аймактык кеңсесинин төрагасы Ферит Тургуттун дүйшөмбүдө тараткан билдирүүсүндө айтылган.

Ал ошондой эле мейманканада иштеген бир миллиондон ашык жумушчунун келишими кышка чейин узартылышы мүмкүн экенин да белгиледи.

"Акыркы 10 жылдан айырмаланып, быйыл ноябрь жана декабрь айларында мейманканалар толук иштеши мүмкүн. Бул айларда туристтик аймактарда жумуш кызыйт. Туризм тармагында иштегендердин саны учурда 1 млн. 100 миң адамды түзөт. Алардын мөөнөтү да октябрь-ноябрь айларына чейин узартылышы ыктымал".

Көп жылдан бери Анталиянын мейманканаларында сүрөтчү болуп иштеген Болот быйыл айрыкча Европа өлкөлөрүнөн келген туристтердин саны арбын экенин айтты.

"Айрыкча Эстониядан, Польшадан, Венгриядан, Чехиядан туристтер Анталияга агылып келип жатат. Эң көп акча короткон да ушул өлкөлөрдөн келген туристтер экенин байкадым. Түрктөр өздөрү такыр келбей калды. Балким, менин сүрөттөрүм аларга кымбат болуп калдыбы деп ойлоп жатам. Анткени мен иштеген мейманкана акысын эки эсе кымбат кылып жиберди деп атышат. Бирок бизге сезондун узартылышы албетте, жакшы. Мен ноябрда көргөзмөлөргө катышсамбы деп пландап жаткам. Эгер сезон жабылбаса, анда иштеп жүрө беребиз".

Туризмдеги киреше инфляцияны эске салды

Европалык туристтердин келаткан кыштa Түркияны көздөй бет алары күтүлүүдө. Айрым серепчилер алдыдагы кыш Европа өлкөлөрүндө катаал болорун, мындан улам айрым европалыктар жылуу өлкөлөргө, анын ичинде Анталияга "кыштаганы" кетерин айтышууда.

Режеп Тайип Эрдогандын элге кайрылуусу. 3-сентябрь, 2022-жыл.
Режеп Тайип Эрдогандын элге кайрылуусу. 3-сентябрь, 2022-жыл.

Дүйшөмбүдө президент Режеп Тайып Эрдоган элге кайрылып жатып, үстүбүздөгү жылы туризм жаатында олуттуу киреше түшкөнүн баса белгиледи.

"Туризмде коюлган максаттарды ишке ашырганы баратабыз. Мейманканаларда, учактарда, туристтик комплекстерде бош орундарды табуу дээрлик мүмкүн эмес".

Түркияга быйыл сегиз айда 10 миллионго жакын чет өлкөлүк турист келип, бул тармак 8 миллиард доллар киреше тапкан. Бул өткөн жылга салыштырмалуу эки эсе көп дегенди билдирет.

Түркиянын экономикасы кыйын кезеңге дуушар болуп, соңку 24 жылдан бери инфляция эң жогорку чекке жетти. Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматына ылайык, август айында инфляциянын жылдык көрсөткүчү 80,21% болду. Көз карандысыз изилдөө борборунун маалыматында бул сан 181% ашып кетти.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG