Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:17

Анкаранын ымалага келтирүү аракети, Киевдин шарты


Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Улуттар уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш. Украина, Львов. 18-август, 2022-жыл.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Улуттар уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш. Украина, Львов. 18-август, 2022-жыл.

Львов шаарында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриштин катышуусунда үч тараптуу саммит өттү. Анын алдында Зеленский эки лидердин ар бири менен өз алдынча жолугушкан.

Саммиттен кийинки маалымат жыйында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш Запорожье атомдук электр станциясындагы кырдаалга «олуттуу тынчсызданып жатканын», ал аймактан аскерлерди токтоосуз чыгарып кетүү зарылдыгын билдирди.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Украинада жаңы өзөктүк аламаат тобокелчилиги жаралып жатканын эскертип, "биз дагы бир Чернобылды көргүбүз келбейт", - деп кошумчалады. Ал ошондой эле согушту сүйлөшүү жолу менен чечсе болоруна ишенерин айтты.

Украинанын президенти Владимир Зеленский орус армиясы мыйзамсыз басып алган аймактардын баарынан чыгып кеткенден кийин гана Москва менен түз сүйлөшүүгө макул болорун белгиледи.

Украинанын президенти Владимир Зеленский жана БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериш. 18-август, 2022-жыл.
Украинанын президенти Владимир Зеленский жана БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериш. 18-август, 2022-жыл.

Гутерриш менен Зеленскийдин жолугушуусу

Алгач украин президенти Владимир Зеленский БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериш менен жолукту. Алар жакында эле жанданган украин буудайын экспортоо маселесин, "украиндердин Орусияга күч менен мыйзамсыз депортацияланышын, туткундагы украин аскерлерин жана медиктерди куткаруу" темасын талкуулашканы маалым болду.

Ошондой эле Зеленский БУУну Запорожье атомдук электр станциясынын коопсуздугун камсыздоого чакырды.

"Сүйлөшүүдө Орусиянын Запорожье атомдук электр станциясында жүргүзүп жаткан өзөктүк шантажга өзгөчө көңүл бурулду. Агрессордун атайылап жасаган террордук аракетинин кесепети бүтүндөй дүйнөгө тийиши мүмкүн. Ошондуктан БУУ бул стратегиялык имараттын коопсуздугун, ал жактан орус аскерлеринин чыгарылышын камсыздашы керек" - деп жазды Зеленский Гутерриш менен жолуккан соң Телеграмдагы каналына.

Соңку бир жумадан бери атомдук электр станциянын айланасында эки тараптын атышуусу күч алып, өзөктүк алаамат тобокелчилиги жогорулады. Европадагы эң ири АЭСтин жанындагы чыңалуунун курчушуна Москва менен Киев бири-бирин айыптап жатат.

Ал эми 18-августта Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Гутерриштин Запорожье атомдук электр станциясы жайгашкан аймагына демилитаризация режимин киргизүү сунушун четке какты. Мекеменин расмий өкүлү Иван Нечаев билдиргендей, бул демилге «кабыл алынгыс» жана станцияга чабуул жасоо ыктымалдуулугун жогорулатат.

Запорожье атомдук электр станциясын Орусия март айында басып алган.

Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган. Львов, 18-август, 2022-жыл.
Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган. Львов, 18-август, 2022-жыл.

Эрдоган менен Зеленскийдин жолугушуусу

Андан соң Зеленский Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолукту. Эки президент ошол эле дан экспортоо маселесин, АЭСтин айланасындагы кырдаалды жана коргонуу жаатындагы кызматташууну талкуулашканы маалым болду.

Буга чейин түрк маалымат каражаттары Эрдоган Зеленский менен Путиндин жолугушуусун уюштуруп берүүнү сунушташы мүмкүн экенин жазышкан. Түрк лидери буга чейин да эки тараптын сүйлөшүүсүндө ортомчу болуу демилгесин киргизип келген. Эрдоган Москва Киевге кол салганы алгачкы ирет Украинага келди. Серепчилер белгилегендей, Түркия эки тарап менен тең алакасын бузгусу келбейт. Стамбулдагы EDAM аналитикалык борборунун директору Синал Үлген мунун негизги себептерин атады:

"Украинада согуш башталгандан бери Түркия бейтарап саясат жүргүзүүнүн аракетин көрүп келет. Тактап айтканда, Түркия Украинаны колдойт, бирок Орусияга каршы чыкпайт десек болот. Анын эң негизги себеби Анкара Москва менен алаканы толук үзүп кое албайт. НАТОнун башка мамлекеттеринен айырмаланып, Түркия Сириядагы кырдаалдан улам Орусияга көз каранды. Андан тышкары Тоолуу Карабак сыяктуу аймактардагы маселелер боюнча Орусия менен кызматташып келет".

Гуттериш, Зеленский жана Эрдогандын жабык өткөн жолугушуусу 40 мүнөткө созулду. Андан кийин Түркия менен Украинанын министрлери талкаланган инфраструктураны калыбына келтирүү боюнча меморандумга кол коюшту.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG