Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:58

Запорожье: Украина абал опурталдуу экенин эскертти


Запорожье АЭСи. Кахов суу сактагычы. Украина.
Запорожье АЭСи. Кахов суу сактагычы. Украина.

Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралында 16-августта удаа менен жарылуулар болду. Алардын бири курал-жабдык кампасында, экинчиси көмөк чордонунда болуп, аларды Орусиянын бийлиги ырастады. Ал эми Симфереполдогу аскердик базада болгон жарылуу боюнча расмий комментарий боло элек. Москва бул окуяларды диверсия деп атады. Украин президенти Владимир Зеленский Запорожье атомдук электр станциясында кырдаал кооптуу экенин билдирди.

Орусиялык басылмалар кабарлагандай, жарылуу Крым жарым аралынын түндүгүндөгү аскердик кампада 16-августтун таңында болгон.

«16-августтун таңында диверсиянын жыйынтыгында Жанкой айылында аскердик кампа жабыркады. Жарандык объектилер, анын ичинде электр зымдары, электр станция, темир жол жана бир катар турак жайлар жабыркады»,-деп жазылат министрликтин билдирүүсүндө.

Көп өтпөй жергиликтүү агенттиктер 16-августта аралдагы Жанкой районундагы көмөк чордонунда жарылуу болгонун жазышты. Бул эки окуянын бири-бирине байланышы барбы же жокпу белгисиз.

Жарым аралдын Орусия дайындаган губернатору Сергей Аксенов эки адам жаракат алып, эки миңдей киши кошуна айылга көчүрүлгөнүн билдирди.

"Азыр мен Азовское айыл өкмөтүнүн имаратынын жанында турам. Жарылуу болгон кампанын тегерек-четиндеги беш чакырым аймак курчоого алынды. Азырынча эки жабыркаган адам тууралуу маалымат бар. Алардын өмүрүнө эч кандай коркунуч жок".

Бул эки окуядан көп өтпөй «Коммерсантъ» басылмасы Симферополго жакын жердеги Гвардейский айылындагы аскердик базада дагы жарылуу болгонун жазды. Басылма өз булактарына таянып, чакан учкучсуз аппараттар менен чабул жасалган болушу мүмкүн деген версия каралып жатканын кабарлады. Аэродромдо Украинадагы согушка катышып жаткан Су-24М бомбалоочу жана Су-25 чабуул жасоочу учактар жайгашкан эле. Бул окуя тууралуу азырынча расмий комментарий чыга элек.

Крым жарым аралындагы курал-жабдык кампасындагы жарылуу. 16-август, 2022-жыл.
Крым жарым аралындагы курал-жабдык кампасындагы жарылуу. 16-август, 2022-жыл.

Байкоочулар украин күчтөрүнөн көрүшкөнү менен, Киев эч кандай жоопкерчилик алган жок. Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин башкы жардамчысы Михаил Подоляк «орус армиясынын карамагына өткөн Крым кампаларды, жарылууларды, баскынчылар менен уурулардын өлүмүн эске саларын» Твиттерге жазды.

«Уурдалган тамак аш болбойт»,-деди Подоляк кийинчерээк украин телеканалына курган маегинде.

Жанкой району Орусия өз карамагына алган Херсон облусунан 50 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Туура бир апта мурда Крымдын батышындагы авиабазада жарылуулар болуп, бир нече орусиялык учак иштен чыккан. Кремль бир адам өлүп, 14ү жараат алганын билдирген. Анда Москва сырттан чабуул болгонун четке каккан. Расмий Киев да бул жарылууларга тиешеси бар же жоктугун тактаган эмес.

Крым жарым аралын Орусия 2014-жылы аннексиялап алган.

"АЭСтеги авариянын кесепети көп өлкөлөргө тиет"

Ал арада украин президенти Владимир Зеленский Запорожье атомдук электр станциясында кырдаал кооптуу экенин айтып, ыктымал апааттын алдын алуу үчүн эл аралык коомчулукту батыл аракеттерди көрүүгө үндөдү.

"Запорожье атомдук электр станциясындагы радиациялык авариянын кесепети Евробиримдик, Түркия, Грузия жана башка алыскы мамлекеттерге да тийиши мүмкүн. Баары шамалдын багытынан жана ылдамдыгынан көз каранды. Эгер Орусиянын аракеттери алааматка алып келсе, анын кесепети азыр унчукпай тургандарга да тиет".

Владимир Зеленский 16-августта Франциянын президенти Эммануэл Макрон менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө «Орусиянын өзөктүк террорчулугун» айыптады. Бул тууралуу ал Твиттерге жазды. Зеленский франциялык кызматташына «майдандагы кырдаал» тууралуу айтып берип, Парижге буга чейин көрсөткөн коргонуу жаатындагы жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, экономикалык маселелерди жана азык-түлүк коопсуздугун талкуулаганын белгиледи.

«Биз Орусияга каршы санкцияларды катаалдатышыбыз керек»,-деди Зеленский.

Макрондун кеңсеси президенттер телефондон сүйлөшкөнүн ырастаганы менен чоо-жайын бөлүшкөн жок.

Улуттар уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш Запорожье атомдук электр станциясынын айланасында демилитаризация аймагын түзүүнү сунуштады.

Маалыматтарга караганда, Гуттериш Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен 15-августта сүйлөшкөн.

Европадагы эң чоң АЭСтин тегерегиндеги атышуулар үчүн Киев менен Москва бири-бирин айыптоодо. Дүйнөнүн 42 мамлекети Орусияны аймактан аскерлерин чыгарып кетүүгө чакырды. Запорожье облусунун орусиячыл бийлиги аймакка тынчтык режимин киргизүүнү сунуштады. Орусия ал заводдо аскерлери бар экенин четке какпаганы менен анын тегерек-четин аткылаганын моюнуна албай келет. Тескерисинче, Москва бул үчүн украин күчтөрүн айыптаса, Киев бул маалыматты төгүндөдү.

Орус армиясы Запорожье атомдук электр станциясын марттын башында эле басып алган.

XS
SM
MD
LG