Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:58

Анкара менен Москва рубль аркылуу эсептешет


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Өткөн аптада Сочиге барып келген түрк лидери Режеп Тайып Эрдоган Анкара менен Москва каржы тармагында жаңы "ымалаларга" келгенин ишарат кылды. Алсак, эки өлкө ортосунда жаратылыш газын рубль менен сатуу жөнүндө келишим жана Түркияда орусиялык Мир төлөм карталарын колдонууга уруксат берилгени айтылууда.

5-августта Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Орусиянын президенти Владимир Путин менен Сочиде жолуккандан кийин лидерлердин биргелешкен билдирсүүсүндө, дан эгиндерин тоскоолдуксуз экспорттоо, энергетика тармагында кызматташууну улантуу, эки тараптуу сооданын көлөмүн көбөйтүү жөнүндө макулдашууларга кол коюлганы айтылат.

Режеп Тайып Эрдоган жана Владимир Путин. 5-август. Сочи.
Режеп Тайып Эрдоган жана Владимир Путин. 5-август. Сочи.

Новак: төлөмдөр рубль менен төлөнөт

Орусиянын вице-премьер-министри Александр Новак 5-августта "Интерфакс" кабар агенттигине берген маегинде, Түркия жаратылыш газын импорттоодо жарым-жартылай рубль менен төлөөгө макул экенин айтты.

"Түркияга жылына 26 миллиард куб метр көлөмүндө экспорттолгон жаратылыш газ маселеси талкууланды. Лидерлер сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө көгүлтүр отту жеткирүү жарым-жартылай рубль менен төлөнөрүн макулдашты. Алар акырындык менен улуттук валюталарга өтүү жөнүндө сөз кылып, биринчи этапта төлөмдөр орус рубли менен төлөнөт", - деп билдирди Новак.

Ал эми Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков эки президент Орусиянын түрктөрдүн "Байрактар" учкучсуз учактарын чыгарган "Байкар" компаниясы менен кызматташуу тууралуу сөз кылбаганын билдирди. Белгилей кетсек, украин-орус согушунда "Байрактар" дрондору кеңири колдонулуп, өткөн апталарда Эрдоган Орусия аларды өзү чыгарууну көздөп жатканын кыйыткан эле.

Түрк-орус ымаласы

Эрдоган Сочидеги жолугушуу бүткөндөн кийин түркиялык журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Анкара менен Москва каржы тармагында чоң жетишкендикке жеткенин айтты.

"Путин мырза менен рубль боюнча макулдаштык. Сооданы рубль менен кылганыбыз үчүн, албетте, Орусия менен Түркиянын ортосунда өзүнчө бир каржы булагы пайда болду. Бул тармакта Түркия да, Орусия да жеңет", - деди Эрдоган так кесе.

24-февралда Орусия Украинага согуш ачканы орус-түрк соода алакасында үзгүлтүктөр болгону менен, өтө чоң деле кедергисин тийгизген жок.

Тескерисинче, Түркия экспортчулар ассамблеясынын (TIM) маалыматына караганда, Түркиянын экспорту июль айында өткөн жылга салыштырмалуу 13,4 пайызга өсүп, 18,5 миллиард долларга жетти.

Ошондой эле Эрдоган беш түрк банкынын Орусиянын Мир төлөм карталарын колдонууга жол ачары тууралуу сүйлөшүү уланып жатканын баса белгилеп:

"Бул жерде да абдан олуттуу өнүгүүлөр бар. Бул жараян Орусиядан келген туристтерге жеңилдик берет. Алар карталар менен соода жана мейманканага төлөй алышат. Албетте, бул алар үчүн да, биз үчүн да абдан ыңгайлуу система. Бул сапарда Орусиянын Борбордук банкынын президенти менен биздин Борбордук банктын төрагасы да жолугушту", - деди Эрдоган Сочидеги кайтып келатканда.

Түркияга агылган орусиялык туристтер жана инвесторлор

Эрдогандын орусиялык туристтер боюнча "тынчсыздануусунун" жөнү бар. Анткени өткөн жылдарга салыштырмалуу Орусиядан Түркияга эс алууга баргандардын саны эки эсе өскөнү айтылууда.

Анталия шаарынын бийлигинин маалыматына ылайык, жыл башынан бери бул аймакка жети миллионго жакын чет өлкөлүк барган. Алардын сап башында дал ушул орусиялык туристтер турат.

Белгилей кетсек, 21-июнда Орусиянын Мамлекеттик Думасы орус компанияларына товарларды өндүрүүчүнүн же ташууга укуктуу компаниянын уруксатысыз импорттоого мүмкүнчүлүк берген мыйзам кабыл алган.

Параллелдүү импорттоо товарды жеткирүүчү компанияларга өндүрүүчүнүн сатууга макулдук берген уруксат документтери жок эле Орусияда ташып келүүсүнө уруксат берет.

Бул мыйзам Түркияны "транзиттик борборго" айландырды. Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген жүк эмбарго текшерүүсүнөн кийин өлкөнүн ар кайсы портторуна түшүрүлүп, товарлар кайра Орусияга бара турган кемелерге жүктөлүп жатканы айтылып келет.

29-июлда Орусиянын Экономикалык өнүгүү министри Максим Решетников, параллелдүү импорттун алкагында өлкөгө алып келинген товардын жалпы көлөмү 4 миллиард долларга жеткенин билдирди.

Батыш Анкара-Кремль кызматташтыгына тынчсызданат

Financial Times басылмасынын жекшембидеги санында, Батыш Анкара менен Москванын ортосундагы экономикалык кызматташтыктын тереңдешинен тынчсыздана баштаганы, эгер Анкара Орусияга санкциялардан качууга жардам берсе, Түркия өзү катаал чараларга кабылышы ыктымал экенин жазды.

Гезитке маалымат берген алты аткаминер түрк жана орус лидерлеринин Сочидеги төрт саатка созулган жолугушуусунан кийин соода жана энергетика тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү үчүн макулдашууларга тынчсыздангандарын айтты.

Режеп Тайып Эрдоган жана Владимир Путин. 5-август. Сочи.
Режеп Тайып Эрдоган жана Владимир Путин. 5-август. Сочи.

Аткаминерлерден бири Европа Биримдигинин Түркия-Орусия кызматташтыгына жакындан байкоо салып жатканын баса белгилейт.

"Түркиянын Орусия менен карым-катнаштарын тереңдетүү коркунучунан улам Батыш өлкөлөрү компанияларын Түркиядагы карым-катнаштарын токтотууга же иш-аракеттерин кыскартууга чакырышы мүмкүн",- деп эскертет алардын бири.

Ал Евробиримдиктин Түркияга каршы расмий санкция чечимин кабыл алуусу кыйын болорун, бирок уюмга мүчө кээ бир мамлекеттер өз алдынча чара көрүшү мүмкүн экенин айтты.

Батыш экономикасына интеграцияланган Түркия 2021-жылы эң көп товарды Германияга экспорттогон. Бул өлкөгө 19 миллиард 321 миллион долларлык экспорт болсо, андан кийин эле 14 миллиард 722 миллион доллар менен АКШ турат.

Түркия НАТОнун мүчөсү экенине карабай Орусияга каршы санкцияларды колдогон эмес, ошол эле маалда Украинага курал жеткирип жатат. Анкара Москва менен Киевдин ортосунда арачы түшүп, украин дан азыктарын деңиз аркылуу чыгарып кетүү үчүн сүйлөшүүлөрдү уюштуруп берди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG