Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:48

Путин "Байрактарга" кызыктыбы?


Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Орусия "Байрактар" учкучсуз учактарын чыгарган "Байкар" компаниясы менен кызматташууну көздөп жатканын билдирди. Кремль эки өлкөнүн президенттери август айында Сочидеги жолугушууда аскердик кызматташтык талкууланарын ырастады.

Орусиянын президенти Владимир Путин "Байрактар" учкучсуз дрондорун чыгарган түркиялык "Байкар" компаниясы менен кызматташууну көздөөдө. Муну Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 26-июлда бийликтеги «Адилет жана өнүгүү партиясынын» курултайында кабарлады.

"Путин мырза бизге "Байкар" компаниясы менен иштешүүнү сунуштады. Мындан тышкары "Байкарга" Бириккен Араб Эмиратынан ал жерде завод ачуу сунушу келди. Булардын баары Түркиянын коргонуу өнөр жайы тармагында жетишкендиги", - деп Эрдогандын айтканын жергиликтүү CNN Türk телеканалы жазды.

Владимир Путин жана Режеп Тайып Эрдоган.
Владимир Путин жана Режеп Тайып Эрдоган.

5-августта Эрдоган Орусиянын Сочи шаарында орус президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү жатат. Тараптар жолугушууда аскердик-техникалык кызматташтыкты жана украин буудайын экспорттоого байланыштуу Стамбулда кол коюлган келишимди ишке ашырууну талкуулашы мүмкүн экенин Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков маалымдады.

"Эки өлкөнүн аскердик-техникалык кызматташтыгы дайыма күн тартибинде. Биздин кызматташтыгыбызды ушундай аяр чөйрөдө өнүктүрүү эки тараптуу мамилелерибиздин бардык тармактары өтө жогорку деңгээлде экенин көрсөтүп турат".

Бирок 10-июлда түркиялык "Байкар" компаниясынын башкы директору Халук Байрактар CNN телеканалына берген маегинде Орусияга "Байрактар" сатылбай турганын билдирген.

"Биз аларга эч качан сатпайбыз. Анткени биз Украинаны, анын эгемендүүлүгүн жана көз карандысыздыгын колдойбуз".

Украинадагы согушта дрондор эки тарап үчүн маанилүү роль ойноп жатат. Киев акыркы жылдарда 20дан ашык "Байрактар" учагын сатып алган. Акыркы партиясы быйыл марттын башында келген.

Ошондой эле карапайым литвалыктар быйыл май айында Украинага колдоо көрсөтүү үчүн 5 миллион евро чогултуп, ага Түркиянын “Байрактар” дронун сатып бермей болушкан. Бирок "Байкар" компаниясы литвалыктардын акчасын албай, аны украиналыктарга жардам катары берүүнү сунуштаган жана дронду бекер берерин айткан.

4-июлда Литванын Коргоо министрлиги Твиттерде "Байрактар TB2" үлгүсүндөгү дрондун сүрөтүн жарыялап, ал эң кыска мөөнөттө украиналык согушкерлерге жеткирилерин билдирген.

Былтыр Түркиянын коргонуу өнөр жайы курал-жарак экспортунан 3,2 миллиард доллар киреше тапканын жыл башында мамлекеттик "Анадолу" агенттиги кабарлаган.

Анкара коргонуу жана аэрокосмос тармагындагы эң көп техниканы - бир миллиард долларлык жабдыкты АКШга саткан. Тизмеде кийинки катарда Азербайжан, Катар, Бириккен Араб Эмираттары жана Марокко турат.

Киев Түркиядан сокку уруучу учкучсуз тактикалык жабдыктардын партиясын сатып алуу тууралуу келишимге 2019-жылдын башында кол койгон. Адеп Украинага алты аскердик дрон бир катар жабдыктары менен кошо келгени, бул келишим дээрлик 70 миллион долларга бааланганы кабарланган.

Түркия Украина жана Орусия менен Кара деңиз аркылуу чектешет. Анкара Орусиянын Украинага кол салганын сындаганы менен, өзүн жаатташкан эки тарапка ортомчулук кылууга аракет кылган бейтарап өлкө көрсөтүп келет.

Анкара Орусиянын украин жергесине басып киргенин сөз жүзүндө айыптаганы менен Орусияга каршы санкцияларга кошулган эмес.

Кыргызстан 2021-жылы Тажикстан менен чек арасындагы ондогон адамдын өмүрүн алган куралдуу жаңжалдан кийин Түркиядан "Байрактар TБ2" дрондорун алган. Бирок канча даана алынганы расмий айтылган эмес.

Төрт ракета жана сапаттуу видео камералар менен жабдылган "Байрактар TБ2" 5,5-8 чакырым бийиктикке чейин көтөрүлүп, асманда 24-27 саатка чейин учуп жүрө алат.

Узундугу 6,5 жана эки канатынынын узундугу 12 метрге чейин жеткен бул дрон 55-155 килограммга чейинки жүктү көтөрөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG