Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:34

Жемкорлукка шек саналган Талас университетинин ректору акталды


Талас мамлекеттик университети
Талас мамлекеттик университети

Талас облустук соту Талас мамлекеттик университетинин ректору Айбек Упеновду актады.

Бул тууралуу 26-майда облустук соттун басма сөз катчысы Нурдин Байжигитов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, 27-апрелде өткөн отурумда сот Айбек Упеновдун ишинде кылмыштын курамы жок деп тапкан.

Упеновго өткөн жылы август айында “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган” (Кылмыш кодексинин 337-беренеси) деп иш козголгон.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы анда университетте коррупциялык схема аныкталганын билдирген.

Атайын кызмат, “2021-2022-жылдар аралыгында жогорку окуу жайдын кызматкерлерине жети миң сомдон акчалай сыйлыкты анын алты миңин кайра кайтаруу шарты менен ыйгарып турганын, жеке ишкерлер менен жең ичинен сүйлөшүп, университеттин окуу корпусун оңдоо үчүн курулуш материалдарын сатып алууга тендер өткөрүп, андан кийин каражаттын бир бөлүгүн өздөрүнө чегерип алганын жана университетке кирүү экзамендерин тапшыруу учурунда студенттерден жана абитуриенттерден акча чогултуу менен алектенген” деп маалымат берген.

Айбек Упенов Талас мамлекеттик университетинин ректору болуп 2015-жылы июнь айында дайындалган. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG