Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:38

Орусияда оппозициялык ПАРНАС партиясы жоюлду


ПАРНАСтын лидерлери. 2016-жылдагы Мамлекеттик Думага шайлоо учуру.
ПАРНАСтын лидерлери. 2016-жылдагы Мамлекеттик Думага шайлоо учуру.

Орусиянын Жогорку Соту Юстиция министрлигинин доо арызын канааттандырып, оппозициялык "Элдик эркиндик партиясынын" (ПАРНАС) ишмердүүлүгүн токтотту. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды. Партия 2010-жылдары катталган саналуу оппозициялык саясий күчтөрдүн бири болгон. Анын жетекчилигине 2015-жылы өлтүрүлгөн Борис Немцов кирген.

"Медиазона" басылмасы партиянын аймактык бөлүмдөрүнүн саны 47ден 40ка кыскарганын Юстиция министрлигинин маалыматына таянып жазды. Бул Орусиядагы аймактардын теңинен дагы аз. Жогорку Соттогу отурумда ПАРНАСтын өкүлдөрү 44 бөлүм иштеп жатканын билдиршкен.

Мурдараак Юстиция министрлиги ПАРНАСтын каттоосун токтоткон. Акыркы убакта, айрыкча Орусия Украинага бастырып киргенден бери партия ишмердүүлүгүн дээрлик жүргүзбөй келет.

ПАРНАС 2012-жылы ошол кезде бийлик каттоосун кайтарып берген Орусиянын Республикалык партиясынын базасында каттоодон өткөн. Партияны Владимир Рыжков, Борис Немцов жана Михаил Касьянов жетектеген. Рыжков кийин партияны башкаруудан кеткен. Ярослов облусунан мыйзам чыгаруу жыйынына партиянын атынан шайланган Немцов 2015-жылы киши колдуу болгон. Партиянын лидери болуп Михаил Касьянов калган.

Оппозициялык күчтөр партиянын базасында Алексей Навальныйдын тарапташтары менен бирге коалиция түзүүгө аракет кылып, ишке ашпай калган. 2016-жылы партия Мамлекеттик Думага шайлоого катышкан. Алдыңкы үчилтикке Касьянов, Вячеслав Мальцев жана Андрей Зубов кирген. Бирок расмий маалыматтар боюнча 1% жетпеген добуш алышкан. Анын бир катар активисттери куугунтукка кабылып, айрымдары өлкөдөн чыгып кеткен.

XS
SM
MD
LG