Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:33

Украина аймактары кайрадан жапырт аткылоого кабылды


Киевге коюлган чабуулдун сүрөтү.
Киевге коюлган чабуулдун сүрөтү.

Жумага караган түнү Орусия Украинага ракета жана учкучсуз учактар менен кайрадан жапырт сокку урду.

"РБК Украина" басылмасы расмий маалыматка таянып, армиянын маанилүү инфраструктуралык объектилери бутага алынганын жазды.

Украин армиясынын маалыматына караганда, орусиялык күчтөр жалпысынан ар кандай үлгүдөгү 17 ракета жана 31 дрон колдонду. Каспий деңизинин аймагынан учурулган 10 канаттуу ракета жана 25 учкучсуз учак атып түшүрүлгөн. Ошол эле учурда бир канчасы Харьков жана Днепропетровск облустарындагы объектилерге, бир канча турак жайга тийген.

Киевге ракеталардын сыныктары түштү. Соода оюн-зоок борборунун жана жеке турак үйдүн чатыры зыян тартты.

Орусиянын Коргоо министрлиги буга комментарий берген жок. Москва Украинадагы жарандык объектилерге сокку урулганын дайыма четке кагып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG