Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:51

Гүлнаранын миллиондору: премьер Ариповдун карааны


Абдулла Арипов жана Гүлнара Каримова. Коллаж.
Абдулла Арипов жана Гүлнара Каримова. Коллаж.

Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун тун кызы, коррупцияга айыпталып камалган Гүлнара Каримованын Швейцария банкындагы 303 миллион доллары Ташкентке эмес, Гибралтардагы Takilant деген офшордук компанияга кайтарылышы мүмкүн. Бирок АКШнын Юстиция министрлиги ага бөгөт коё алат. Ал арада Каримованын ишинде азыркы өкмөт башчы Абдулла Ариповдун карааны көрүнгөнүн "Озодлик" радиосу жазды.

2016-жылдын 16-февралында АКШнын Юстиция министрлигинде Гүлнара Каримованын мүлкүн конфискациялоо боюнча жарандык доо карала баштаган. Быйыл 5-апрелде Нью-Йорктун Түштүк округдук соту бул жаатта “Жарым-жартылай аткарылган өкүм жана конфискациялоо жөнүндө буйрук” чыгарган.

Былтыр июлда сот Каримованын адвокаттарынын арызын канааттандырган. Буга Швейцариянын прокурорлору кармалып турган каражаттар коррупциялык жол менен алынганын тастыктаган документтерди бере албаганы себеп болгон.

Сотко байкоо салган активисттердин айтымында, Швейцариянын Федералдык кылмыш сотунун чечимине прокурорлордун нааразылык билдирбей жатышы - акча Takilant уюмуна кайтарылат деген божомолду күчөтүүдө.

Гүлнара Каримова атасы Ислам Каримов менен.
Гүлнара Каримова атасы Ислам Каримов менен.

Британиянын Ольстер университетинин профессору Кристиан Ласлетт "Азаттыктын" өзбек кызматына билдиргендей, сот Гүлнара Каримованын жактоочуларынын "акча алынганда ал чиновник болгон эмес" деген жүйөсүн канааттандырды.

Сот Каримова ал кезде ишкерлик менен алектенгендиктен, мүлктөрү телекоммуникация бизнесинен мыйзамдуу киреше катары каралышы мүмкүн деген бүтүм чыгарган.

"Каримованын Швейцариядагы жактоочусу анын Lombard Odier банкында сакталган акчасын конфискациялоо боюнча Швейцариянын Кылмыш сотунун чечимине каршы даттанды. Бул албетте, байланыш компанияларынан арам акчаны адалдоо жолу менен чогултулган каражаттар. Каримованын жактоочусу "банкта сакталган бул акчалар пара жолу менен алынган активдер эместигин, анткени Каримова айым ошол кезде Өзбекстандын телекоммуникация тармагына жооптуу мамлекеттик кызматта иштебегенин" жүйө келтирүүдө. Өзбекстандын телекоммуникация тармагы үчүн Каримова айым эмес, Өзбекстандын азыркы премьер-министри Абдулла Арипов жооптуу болгон деген жүйө келтирилүүдө", - деди Кристиан Ласлетт.

  • 2012-жылдын августунда азыркы премьер-министр Абдулла Ариповдун вице-премьер-министрлик кызматтан алынышы Өзбекстандын телеком рыногундагы коррупциялык жаңжалдын жана маркум президенттин тун кызы Гүлнара Каримовага карата эл аралык иликтөөнүн башталган мезгилине туш келген.
  • Ошол жылдын күзүндө Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Ариповго кылмыш ишин козгогону кабарланган.
  • Мурдагы вице-премьер-министрге “Уздунробита” ишканасына кошумча ретрансляторлорду орнотууга мыйзамсыз лицензия берген деген айып тагылганы айтылган. Тергөө бүткөнү расмий түрдө жарыяланган эмес. Бирок “Азаттыктын” булактары Ариповго козголгон кылмыш иши 2013-жылы токтотулганын билдиришкен.
  • Арипов 2013-2016-жылдары Ташкент байланыш коллежинде катардагы мугалим болуп иштеп, 2016-жылы Мирзиёев бийликке келгенден кийин өкмөткө кайтып, премьер-министрлик кызматты аркалай баштаган. Өзбекстандын бийлиги Гүлнара Каримованын швейцариялык адвокаттары Ариповго каршы койгон коррупция боюнча айыптоолорго комментарий бере элек.

2012-жылдан бери Швейцариянын прокуратурасы Каримовага жана мобилдик операторлорго байланышкан коррупциялык ишти иликтеп келген. Ал жемкорлук схемаларга катышып, МТС, VimpelCom жана TeliaSonera компанияларынан "өзбек рыногуна чыгуу үчүн 865 миллион доллар алган" деп шек саналган. Былтыр августта каражаттар өзбек өкмөтүнө кайтарылары кабарланган.

Ласлеттин айтымында, сот прокурордон Каримова айым ошол кезде де-факто мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткара алганына далилдерди берүүнү суранган. Буга жооп катары прокурор Каримова мамлекеттик кызматкер болбосо да, президенттин кызы болгондуктан, өкмөттүн чечимдерине таасир өткөрө алганын билдирген.

"Натыйжада сот акчаны конфискациялоо өтүнүчүн четке какты. Эми Гибралтарда катталган Takiland LTD компаниясына 300 миллион доллар кайтарылып берилет деген тобокелдик бар", - деди Кристиан Ласлетт.

Ошол эле кезде Гүлнара Каримова 10 жылдан ашык ар кандай расмий кызматтарды аркалаганы, тышкы иштер министринин кеңешчиси, орун басары, андан соң Өзбекстандын БУУдагы туруктуу өкүлү болуп иштегени белгилүү.

Британиядагы Central Asia Due Diligence изилдөө компаниясынын директору Алишер Илхомов “Азаттыкка” Каримованын ошол кездеги аброю ар кандай аткаминерге таасир эте алгыдай болгонун айтты.

Гүлнара Каримова үй камагына алынганда тартылган сүрөт.
Гүлнара Каримова үй камагына алынганда тартылган сүрөт.

51 жаштагы Гүлнара Каримова 12 жыл бою атасынын - президенттин көлөкөсүндө Өзбекстанда бир нече жүз миллион долларлык мүлккө ээлик кылган уюшкан топту көзөмөлдөгөн жана 2 миллиард долларга жакын акчаны жашырган деп айыпталган.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын маалыматы боюнча, Каримованын чет мамлекеттердеги мүлкү 1 миллиард доллардан ашат. Анын Швейцариянын 7 банкында 30 эсеби жана Lombard Odierде 8 сейфи бар.

2013-жылдын октябрь айында, Өзбекстанда Гүлнара Каримова пара талап кылууга жана салык төлөөдөн качууга шек саналып, кылмыш иши козголгон.

Анда Каримова Terra Group, Prime Media, Gamma Promotion сыяктуу компаниялардан түшкөн кирешеден салык төлөбөй жатат деп айыпталган.

Гүлнара Каримова 2014-жылы, атасы тирүү кезинде үй камагына алынган. Ислам Каримов көз жумгандан үч жылдай убакыт өткөндөн кийин, 2019-жылы Занги-Ата деген жердеги аялдар колониясына камалганы кабарланган. Ташкент шаардык соту 2020-жылдын мартында аны 13 жыл төрт айга эркинен ажыраткан. Ал камакта укугу тебеленип жатканын айткан. Өзбек расмийлери муну четке каккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG