Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:17

Guardian: Борис Жонсондун демөөрчүсү Каримовага кеңеш берген


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Британиянын Guardian басылмасы премьер-министр Борис Жонсон жетектеген консерваторлор партиясынын негизги демөөрчүлөрүнүн бири Мохаммед Амерси Өзбекстандын экс-президентинин кызы Гүлнара Каримовага пара берүү учурунда кеңешчи болгонун жазып чыкты.

4-октябрда Guardian гезитинде жарыяланган макалада Швециянын Telia (мурдагы аталышы Teliasonera-ред.) компаниясы ал кездеги президенттин кызы Гүлнара Каримовага 220 миллион доллар пара бергенден кийин гана Өзбекстандын мобилдик рыногуна кире алганы тууралуу кеп болот.

Ал эми Мохаммед Амерсинин адвокаттары “билип туруп” коррупциялык ишке аралашкан деген кине “куру жалаа” экенин айтышууда.

Алар Telia компаниясын киргизүү тууралуу негизги келишимдер андан эки жыл мурда түзүлгөнүн билдиришкен. Адвокаттар "Гүлнара Каримовага пара бериле турганы Америсинин оюна да келген эмес" деп жүйө келтиришкен.

Guardian жана BBCнин иликтөөлөрү учурунда Амерси Telia менен алты жыл иштешкенин жана компаниянын Борбор Азиядагы телекоммуникация рыногуна кирүүсүнө маанилүү роль ойногонун аныкташкан.

Британиялык басылма Мохаммед Амерсинин ошол маалдагы ортомчулук иши үчүн 65 миллион доллар алганын жана жекшембиде жарыялаган "Пандора кагаздары" деп аталган документтерде бул акчанын бир бөлүгү Британияда кымбат баалуу кыймылсыз мүлк сатып алууга жумшалганын жазган.

Guardian жана BBC журналисттери миңдеген документтерди, электрондук каттарды, соттун документтерин, эсеп-кысаптарды, корпоративдик файлдарды жана ички отчетторду карап чыгып, Амерсинин Борбор Азиядагы Telia компаниясынын ролу менен тааныш көптөгөн белгилүү жеке булактар менен сүйлөшкөн.

2017-жылы Мохаммед Амерси Оксфорд университетинде өткөн иш-чарада "коррупцияга каршы күрөшүүгө болгон умтулуусун" айтканда катышуучулардын алкышына татыган.

"Коррупция калктын жакыр катмарынын кендирин кесет. Айрымдары пара албаса да, көбү пара берүүгө мажбур", - дейт Амерси студенттерге кайрылып жатып.

Түбү кениялык 61 жаштагы Мохаммед Амерси 2019-жылы Британиядагы парламенттик шайлоо учурунда консервативдик партияга 100 миң фунт стерлинг (136,000 доллар) берген. Ага чейин Борис Жонсон, Майкл Гове жана Жереми Ханттын шайлоо өнөктүгүн каржылоого материалдык салым кошкон.

Дүйшөмбүдө Британиянын Жумушчу партиясынын төрайымы Анелиза Доддс консервативдик партиянын таасирдүү демөөрчүсү чоң коррупциялык схемага аралашканы буга чейин эле белгилүү болуп калганын айтты.

"Консерваторлор Европанын эң чоң коррупциялык чатактарынын бири менен тыгыз байланышта болгон адамдан жүз миңдеген фунт алганы чынында эле тынчсыздандырат. Бул Мохамед Амерсинин талаштуу биринчи эле иши эмес. Консерваторлор ал кошкон акчаны кайтарып бериши керек", - деди Доддс.

Guardian басылмасы жазгандай, британ ишкери ушу тапта ар кандай телекоммуникациялык долбоорлорго катышып, өзү түзгөн жаңы топтун жардамы менен Жакынкы Чыгыштагы консерваторлордун стратегиясына таасир этүүгө аракет кылууда.

Эске салсак, ушул жылдын февраль айында Швециянын соту Өзбекстандын экс-президентинин кызы Гүлнара Каримовага пара берген деп айыпталган Telia компаниясынын мурдагы жетекчилерин актаган өкүмдү күчүндө калтырган.

Компаниянын мурдагы үч менежери Өзбекстандын телекоммуникация рыногуна кирүү үчүн Гүлнара Каримовага 320 миллиондой доллар пара берген деп айыпталган.

"Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө" долбоору жана Швециянын SVT телеканалынын журналисттери жүргүзгөн иликтөөдө швед менежерлери Каримовга пара бергендиги тууралуу алгачкы жолу айтылган.

2019-жылдын февралында Стокгольмдо өткөн соттун өкүмү менен Telia компаниясынын мурдагы үч жетекчиси акталган. Анда сот шведдер Гүлнара Каримовага “пара берген эмес” тапкан.

48 жаштагы Гүлнара Каримова Ташкент облусундагы түрмөдө отурат. Ага «Опузалап мүлктү менчиктеп алуу», «Ыксыз сарптоо», «Кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдоо» беренелери менен айып коюлуп, былтыр 13 жыл, 4 айга эркинен ажыратылган.

Гүлнара Каримованын балдары, анын Швейцариядагы адвокаты экс-президенттин кызынын укуктары тергөө маалында, абакта жатканда бузулганын айтып, эл аралык коомчулукка кайрылган. Бирок Өзбекстандын Башкы прокуратурасы бул айыптоолорду четке кагып келет.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG